Падишахан Султаналиева: «АДАМГА БИЛИМДЕН МУРУН ТАРБИЯ КЕРЕК»

Бул айым менен замандаштары жана мекендештери сыймыктанат. Коомдогу ар бир маанилүү окуяга карата өз пикири бар, билимдүү, тамашакөй адам. Маектешим спорт машыктыруучусу, муз үстүндө бийлөө боюнча чемпион уул-кыздарды тарбиялап өстүргөн кыргыздын кыйын кыздарынын бири – Падишахан Султаналиева.

– Учурда эмне менен алексиз? Бишкекке кандай жумуштар менен келип калдыңыз деп сурагым келип турат?

– Быйыл 52ге чыктым, дале өзүмдү тарбиялоо, билим алуу менен алекмин. Балдарга тең болуу, алардын эмнени сүйлөп, эмнени ойлоп жатканын билүү үчүн заманга ылайык жүргөн туура деп ойлойм. Ааламда кенендиктин чеги жок. Материалдык байлык дегенди айтпай элемин, ал – руханий байлыкка жетүүдө колдонулчу каражат. Андыктан ар бир бош учурду чыгармачылыкка же бир жаңы нерсе үйрөнүүгө жумшайм. 3 күн мурда Чуңкурчакка барып, жаратылыш коюнунда эс алдым, Бишкекте жеке иштерим менен жүрөм. Баары жакшы бүтсө, буюрса, кайтам.

– Балдар деп калдыңыз. Бала тарбиясы дале сиздин көзөмөлдөбү же аларды эркин койгонсузбу?

– Алар өз алдынчалыкка үйрөнүшкөн. Балдарыма “силер 18 жашка толгондо өз алдынча болосуңар, тийишпейм” деп сөз бергем. Ошондуктан көп жылдан бери өзүнчө жашашат. Мен 25 жашымда үйлүү болсом, кызым спортто жетишкен ийгиликтеринин арты менен 15 жашында үйлүү болгон, уулум да. Тартиптери бекем, өз жумуштарына так, эркин адам болуп чоңоюшкан. Андыктан көп сарсанаа болбойм.

– Балалуу болуудан мурда ата-эне өздөрүн тарбиялашы керек деп көп айтасыз...

– Анткени балдар – биздин келечек. Алектенчү жумушу жок, көчөдө бош жүргөн балдарды көрүп капа болом. Бул – жаркын келечек үчүн катастрофа да. Баланы бекем тартипке салбаса, кийин чоңойгондо да ордун таба албай, эмне менен алек болорун билбей жаш өмүрүн өткөрөт. Ата-энелер балдарын спорттун маданияттуу түрлөрүнө берсе дейт элем. Ошондо гана биздин коом тарбияланат, өсөт, өнүгөт. А бизде кароо жок болуп жатпайбы...

– Дасыккан адиссиз, Кыргызстанга келип иштеп бер деген сунуш түшсө, макул болот белеңиз?

– Албетте, сонун болмок. Бирок менин кыргыз жарандыгым жок да (күлүп). Ушул себептүү көп учурда колуң кыска болуп калат экен. СССР доорунда өлкөдөн чыгып кеткен боюнча Кыргыз паспортун алган эмесмин. Кийин заман өзгөрүп кетти. Өткөн жылы паспорт алууга аракет кылсам, түйшүгү аябай көп экен. Ошол боюнча калды. Мага казак жарандыгын сунушташкан, кыргыз экендигиме бекем туруп, алган жокмун. Кыргыз жарандыгым жок туруп, кантип казак жарандыгын алмак элем? Негизи биздикилер түшүнсө, иш билги адамга шарт түзүп, кайсы бир маселелерди чечүүдө жеңилдик беришсе деген ой.

– Кесибиңиз боюнча психолог-педагогсуз. Учурдагы кыргыз спортуна да баам салып турасыз. Бул тармакта кесипкөй психологдун болуусу канчалык деңгээлде зарыл?

– Спорт дүйнөлүк саясаттан сырт деп айтышат, бирок андай эмес. Чоң саясат ошол жерде. Спорт аянтчасында түрдүү кырдаал, интрига бар, спортчунун упайын атайын төмөндөтүп же аны тизмеден чийип койгон учурлар кездешет. Андыктан спортчу жеңгенди эле эмес, эң башкысы – жеңилүүнү татыктуу көтөрө билиши керек. Тек гана эч кимге теңелбей, макул деп кийинки аракетти уланта билүү да эрдик. Анткени ызы-чуу салганың кайра өзүңө эле зыян болот. Демек, беттештерде адилетсиздик жаралган учурда спортчу ары барып “мен кыйын элем, мени атайын жеңилтип коюшту” деп балп этип маек берип жибербеши үчүн күчтүү психологдун болгону зарыл. Билинбегени менен, мындай майда нерселер жогорку интеллектти, билимди, тактыкты талап кылат. Машыктыруучулар спортчунун денесин эле эмес, психикалык абалын да карап, байкап турушу керек.

– Чоң турмуштук тажрыйбага ээ болгуча далай кыйынчылыкты жеңген чыгарсыз?

– Жайлоо-түздө көпчүлүк менен чоңойгонум, ата-энемдин даанышмандыгы, берген тарбиясы, андан кийинки жашоо-турмуштан алган сабактар мени кыраакы кылды окшойт (күлүп). Атам билинбегени менен ар бир айткан акылы, көрсөтүп берген жумушу менен мени чоң жашоого тарбиялаптыр. Кийин ошолордун жардамы тийди. Ата-энемдин батасы тийип, жолум да ийгиликтүү болду. Бала кезден эле бир ишти өзгөчө же майын чыгара жасоого аракет кылам. Түрлөп тамак-аш жасап, ата-энемди кубанткым келчү. Атам ичинен элжиреп, кубанып аябай батасын берер эле. Аны көргөн сайын ого бетер шаңданып жасайм.

– Учурдагы түрдүү окутуу марафондоруна көз карашыңыз кандай?

– Кайсы бир тармакта ийгилик жаратпай туруп, ийгиликтин сырын үйрөтөм дегендерге таң калам. Адам өзү баланы төрөп, түйшүгүн тартып, чоңойтпой жатып, кантип ийгиликтүү бала тарбиялоонун сырларын билет? Акылдуу көрүнүп, менин сабагымдан кийин укмуш жашап кетесиңер дегени – түшүнгөн адамга кулакка кесме илгендей эле. Алар ошентип иллюзия жаратышат. Анткени айткан сөздөрү менен жасаган жумуштары бири-бирине дал келбейт, ортодо чоң боштук жатат. Андыктан мен андайларга ишенбейм.

– Сиздин оюңузча, кыргыз аялдарынын коомдогу орду азыр кандай абалда?

– Орто Азиядагы башка элдерге салыштырмалуу бизде аялдын өз үнү, өз орду бар. Саясатка, коомдук иштерге да активдүү аралашат, эркиндиги чектелген эмес. Башкарууда деле эгерде кыргызды өтө сүйгөн, билимдүү, мыкты адис аял келсе, биздин эркектер деле жол беришет болчу деп ойлойм. Азырынча төрт тарабы төп келишкен андай аял жок болгондуктан да саясатта эркектер басымдуу. Бизде карьера десе түз эле кайсы бир мансапка же байлыкка жетүүнү ойлошот. Кесибиңде өсүү деген – дүйнөлүк деңгээлде өз адистигиңдин мыктысы болуу да. Кайсы тармак болбосун. Кыргыз экениңден алыстаба, так бол, иш билги, мыкты бол. Коомду руханий жактан кедейлик баскандыктан бул нерселерди байкабай жатабыз.

– Мындай абалдан чыгуунун жолу эмнеде? Билим берүүдө мүмкүн...

– Тарбияда. Билимден мурун бизге үйдөгү тарбия керек. Андан кийин коомдун жашоо стили деген бар. Ал нерсе бизде жок, араб, батыш, орус маданияты аралашып кетти. Булардан өзүбүзгө керектүүсүн алып, кыргыз маданияты менен келечекте төрөлчү балдардын ата-энелерин азыр тарбияласак, коомубуз өзгөрүшү мүмкүн.

Японияда да бир кезде коомдук катастрофа болгону айтылат. Япон кыздары өз жигиттери тарабынан зордук-зомбулукка кабылып, кулдукка сатылып кордоло баштайт. Кыздар көтөрүлүшкө чыгып, жардан бой таштап өлө башташат. Ошондо мамлекеттик деңгээлде атайын буйруктар чыгарылып, кыздар коргоого алынат. Мына, караңызчы, азыр япон эли кандай өнүгүүгө жетип отурат?

– Маектешүүгө убакыт бөлгөнүңүз үчүн рахмат!

Турсунай Алымкулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1067, 19-25-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан