Келечекти элестеткен “КУРЬЕР” сериалы

2071-жыл. Жакынкы келечек... Дүйнө жүзү уулуу, кир абадан улам жок болуп бара жатат. Ал эми Корей жарым аралынын көп бөлүгү чөлгө айланып, 1 пайыз гана калк тирүү калды. Бирок алардын келечеги да туңгуюк. Анткени дем ала турган таза абаны сатып алыш керек, көчөдө эркин басып жүрө албайсың, жумуш жок, каражат жок... Келечекти ушундай абалда элестеттиңизби, окурман? Мага эмнегедир бул сюжетти камтыган “Курьер” сериалы фантастика болуп элестеген жок. Кышкысын борбор калаабыздын кара түтүнгө оролгонун эстеңизчи. Коркунучтуу! Жаратылышты, абаны коргобосо бизди кандай келечек күтөрүн чагылдырган корейлердин “Курьер” же болбосо “Кара кийимчен баатыр” сериалы тууралуу маалымат беребиз.

Аталышы: “Курьер”, “Кара кийимчен баатыр”

Тарткан өлкө: Түштүк Корея

Чыккан жылы: 2023-жыл, 12-май

Платформа: Netflix

Жанры: фантастика, драма, боевик

Канча серия: 6

Режиссёру жана сценаристи: Чо Ый Сок

Башкы ролдордо: Ким У Бин, Кан Ю Сок, Исом, Сон Сын Хон жана башка

  • “Курьер” сериалын тартууга болжолдуу 19 миллион доллар бюджет сарпталган.
  • Башкы ролдогу актёрлор Ким У Бин жана Сон Сын Хон менен “Курьердин” режиссёру Чо Ый Сок экинчи ирет иштешип жатат. Ким У Бин менен “Мастер” сериалын тартышса, Сын Хон менен режиссёр 20 жылдык достук мамиледе. Актёр досунун дебюттук “Аны чоң кыл” тасмасында баш каарман болгон.
  • “Кара кийимчен баатыр” дорамасында мурда “Сүйкүмдүү үй” (“Милый дом”), “Кальмар оюну”, “Баарыбыз өлдүк” (“Мы все мертвы”) популярдуу болгон сериалдардын визуалдык эффекттерин жараткан VFX Studio Westworld компаниясы иш алып барган.
  • Чөлдү элестетиш үчүн бир нече чакырымга созулган тартуу аянтына кум төгүлгөн. Андан сырткары 1 чакырым асфальт төшөлгөн жол салынган. Дал ушул аянтчада визуалдык эффекттер жасалган. Тартуу иштери андан сырткары Монголиядагы чөлдөрдө да жүргөн.
  • Сериал тартыларга чейин 3-4 ай мурун эле актёр-актрисалар каскадёр, уруш өнөрүнүн чеберлери менен тынымсыз машыгып башташкан. Алардын аракети текке кетпегенин дорамадан көрөсүз.
  • "Кара кийимчен баатыр” сериалында корей киносунун көрүнүктүү өкүлдөрү роль жараткан. Ким У Бин, Исом, Сон Сын Хон, Кан Ю Сок, Ким Ый Сон, Чи Мон Чо, Ли Жу Сын – бул актёр-актрисалардын баары кайсы бир таанымал тасмага көрк кошкон адамдар.



Заманбап Робин Гуд

Комета менен жердин кагылышынан улам көптөгөн жандуу аймак жер менен жексен болгон убак. Антиутопиялык Кореяда жашаган эл бир чети абанын жетишсиздигинен кырылып жатса, бир чети бийликте турган адамдардын зулумдугунан жапа чегүүдө. Адамдар үйлөрүнөн анда-санда гана чыгышат, ошондо да противогаз, респиратордук бет кап менен чыгышы керек. Үйгө канча бир убакытка керектүү абаны, тамак-ашты атайын даярдыктагы курьерлер жеткирип беришет. Мындайча айтканда, карапайым калктын өмүрү курьерлерден көз каранды. Мындай баш аламан заманда каракчы, ууру дегендер да көбөйөт эмеспи. Андыктан курьер болом деген адам мыкты спорттук даярдыкта, зирек, күчтүү, акылдуу, чыдамкай сапатка ээ болушу керек.

Адамдар коомдо ээлеген статусуна, жашаган аймагына жараша 3кө бөлүнөт. 1-топко элдин “элиталары” кирет. 2-топто аз да болсо акчасы бар, үй-бүлөсү үчүн үзбөй аба, тамак-аш алып турганга каражаты жеткендер, жумушу барлар кирет. Бул эки топтун өкүлдөрүнүн колдоруна атайын QR-код чегерилген. Бул код менен алар мамлекеттин аймагында ээн-эркин жүрө алышат. Ал эми эки топко кошула албай калгандар “качкын” аталат. Аларда үй-жай деген жок. Мамлекет “качкындардан” арылып, коомду тазаласак дегенде эки көзү төрт.

Сериалдагы негизги каармандар – курьерлер. Өзгөчө “5-8” ысымы менен легендага айланган курьер жигит бар. Ал кандай кыйынчылык болбосун өз убагында элге аба, дары-дармек, тамак-аш жеткирип барганга аракет кылат. Каракчылардын да сазайын берет. Күндүзү курьер кызматын аркалаган “5-8” кечкисин “кара кийимчен баатырга” айланып, “качкындарга” колдон келген жардамын берет.

Адамдардын келечеги эмне болот? “Качкындарды” алдыда эмне күтөт? Дораманын мазмунуна кызыктыңызбы? Анда сериалды толугу менен көрүп чыгыңыз. Мен болсо тасма жаратуудагы камера сыртындагы кызыктарга токтолоюн.

“5-8” же Ким У Биндин сериал дүйнөсүнө кайтышы

Көпчүлүк белгилүү актёр Ким У Биндин сериал дүйнөсүнө кайтышын көпкө күттү. 2016-жылы мурун көңдөйүнөн рак илдети табылган актёр көп убакыт дарыланууда жүргөн эле. Эми минтип 2023-жылы “Курьер” сериалы менен көзүбүздү сүйүнтүп жатат. Аталган сериалда легендарлуу “5-8” курьердин ролунда дал биздин Ким У Бин. “Сценарийди окуп жатканда жакынкы пандемия, дүйнө жүзү кийген бет каптар, көптөгөн өлүмдөр көз алдыма тартылды. Андыктан реалдуу жашоону эле элестетип кеттим. Өзүмө да сериалдын аягы эмне болуп бүтөрү кызык, мен ойногон “5-8” каарманынын ой жүгүртүүсү жакты. Сиздерге да эмгегибиз жагат деп ишенем”,- дейт У Бин.

Вебтундун негизинде тартылган

Жазуучу Ли Юн Гёндун “Баатыр курьерлер” вебтуну 2018-жылы эле “Мыкты идея” наамында жеңишке жеткен эле. “Курьер” сериалы дал ушул вебтундун негизинде тартылды. Режиссёр Чо Ый Сок вебтундун автору менен сүйлөшкөндө ал “сценарийге каалагандай өзгөртүү киргизе бер” деген. Негизги өзгөрүүлөр каармандарга туш келген, вебтунда каармандар өтө көп болгондуктан алардын кайсы бирин кыскартып, жаңы персонаждар кошулган.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1067, 19-25-май, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан