Ырыс Тураркулов, маркум Айза Улан кызынын агасы: “КАРЫНДАШЫМДЫ ШЕКТҮҮ ӨЗҮ ЭМЕС, БАЛАСЫ СҮЗГӨНҮ БЕЛГИЛҮҮ БОЛДУ”

Үстүбүздөгү жылдын 9-январь күнү Бишкекте жолдун жөө адамдар өтчү тилкесинен 24 жаштагы курсант Айза Улан кызын унаа сүзүп, кыз окуя болгон жерде көз жумган. Ал эми айдоочу кырсык болгон жерден из жашырып, шаардагы видеобайкоо системинин жардамы менен 3 күндөн кийин кармалган. Окуя коомдук талкууга түшүп, маркум кыздын өлүмү боюнча парламент депутаттары да трибунадан бир нече жолу маселе көтөрүштү. Маркумдун агасы Ырыс Тураркулов “биз бүтүндөй укук коргоо системин алдаганга аракет кылган шектүүнүн катаал жаза алышын талап кылабыз, унаа менен адам сүзүп өлтүрүү оор кылмыш экенин бардык айдоочулар сезиши, билиши керек” дейт.

“Көп адамдарга жардам берип жүргөнүн каза болгондон кийин билдик”

– Карындашым Айза абдан боорукер, сезимтал жан эле. Келечекке чоң пландарды коюп, өлкөмө керегим тийсе, милицияда иштесем деген кыял менен жашачу. Ар бир революция, пикет-митингден кийин аянтты тазалаганы чыгат эле. Каза болгондон кийин көп тааныштары келип “бизге минтип, тигинтип жардам берген” деп айтышса жүрөгүм эзилди. Көрсө, бизге айтпай деле коомго пайдалуу көп иштерди жасап жүргөн экен. Көз жумарына бир күн калганда акыркы жолу сүйлөшүптүрбүз. ИИМдин академиясында квалификациясын жогорулатуу үчүн окуп жаткан. “Байке, жакында форма кийип тергөөчү болом” деп аябай кубанып алыптыр. Февраль айында иштеп баштамак, карындашым январда кырсыктады. Мектепте жакшы окуду, 11-классты “Флекс” программасы менен чет өлкөдөн окуп келди. Кийин Ата-Түрк университетинин юриспруденция факультетине тапшырган, магистратураны Италиядан бүттү. Биз “Кыргызстанга келбей эле, чет өлкөдө иштеп калбайсыңбы” десек болгон жок. Келип, укук коргоо органында иштейм деп максат кылчу.

“Кырсык болгондо карындашыма жардам бербей качып кеткен”

– 9-январь күнү Айза эртң мененки саат 7 чамасында сабакка бараткан. Жибек Жолу-Республиканская көчөсүндөгү жөө адамдар өтүүчү тилкеден өтүп баратканда унаа келип сүзгөн. Эки унаа сүзгөн, бирок биринчи сүзгөн айдоочу жардам бербей качып кеткен. Эгер биринчи унаа сүзбөсө, экинчиси сүзмөк эмес. Карындашым ошол жерден эле моюну үзүлүп көз жумган. Шектүү 3 күндөн кийин видеобайкоолордун жардамы менен табылып, кармалды. Шектүүнүн жакындары келип куран окутуп кетишти “караңгыда көрбөй калыптыр, нес абалында болуптур” деп кечирим сурашты. “Күнөө шектүүдө, туугандарында эмне күнөө” деп алардын келип, бата кылып кеткенине каршы болгон жокпуз. Бирок кызыктын баары кийин чыкты. Шектүү Урсеитов өзү мурун көп жыл МАИ кызматында иштеген адам экен. Кырсыкты иликтөөдө МАИчилер да катышат да, биз ошондон кооптонуп “ИИМдин иликтегенине ишеним жаратпайбыз, укук коргоо органдарында шектүүнүн тааныштары көп экен, бейтарап изилдөө болуш үчүн тергөөнү башка орган жүргүзсүн” деп прокуратурага арыз жаздык. Анткени тергөөчүлөр аябай шашып, ишти тыкыр иликтебей эле тергөөнү бүтүрүп, ишти сотко өткөрүп жибергенге ашыгышты. Ошондон кийин Бишкек шаардык прокуратурасы иликтөөнү баштады.

“Күбөнү коркутуп, шантаж кылган”

– Свердлов райондук соту шектүүнүн эски медициналык маалымкаттарына таянып эле аны үй камагына чыгарып салган болчу. Биз тергөө учурунда шектүүнүн убактылуу кармоочу жайда отурушун талап кылдык. Анткени кырсык болгон жерден качып кетип, 3 күндөн кийин табылып жатпайбы. Бирок Свердлов райондук соту да, Бишкек шаардык соту да үй камагында калтыруу чечимин чыгарышты. Учурда шектүү гемодиализ албай турганын сотто далилдедик, ал өзү да 2016-жылдары бөйрөгүн алмаштырганда гемодиализ алып жүргөнүн, учурда албай турганын айтты. Ошого карабай соттор үй камагына чыгаруу чечимин күчүндө калтырышты. Биз даттанган Бишкек шаардык прокуратурасы иликтегенде жаңы жагдайлар чыкты. Көрсө, кырсык учурунда унааны Урсеитовдун эч жерде иштебеген 26 жаштагы Эрлан аттуу баласы башкарып бараткан экен. ИИМ иликтегенде “караңгы болуп эч бир күбө көрбөптүр” деп айтышкан, прокуратура күбөлөрдү таап, сотто суракка алып келди. Бир күбөгө коркутуп-үркүтүүлөр болуп, аны коркутууга шектүү адам Эржан Урсеитовдун таанышы болуп чыкты. Күбөнү коркутуп шантаж кылган бала да кармалды. Учурда 26 жаштагы шектүү жаран 2 айга камакка алынды. Бирок анын адвокаты шаардык сотко апелляциялык арыз жазып даттаныптыр. Биз эми кайра үй камагына чыгарып жибербейби деп кооптонуп жатабыз.

“Бизди колдогон коомчулукка, журналисттерге рахмат”

– Бул кырсык болгондо эле коомчулук дароо реакция жасап, качып кеткен шектүү 3 күндүн ичинде табылган. Эми карабайсызбы, ошол 3 күндө биз кайгырып, карындашыбызды жоктоп сыздап отурсак, алар мыйзам чегинде жаза алуунун ордуна кантип соттон кутулуп кетүүнүн жолун издеп жүрүшкөн. Шектүүлөр бүтүндөй укук коргоо системин алдап кетишти да, мындайча айтканда. Туугандары биздикине куран окутуп келишкенде унаада Урсеитовдун баласы отурганын билген эмеспиз. Мисалы, уулу майып, оорулуу атасынын кылмышын моюнуна алып “мен күнөөлүүмүн” десе түшүнөт элек, бул жерде оорулуу ата чоң эле, жоопкерчилиги өзүндө болгон баласынын күнөөсүн моюнуна алып жатпайбы. Окуяда коомчулук, журналисттер, парламент депутаттары да активдүүлүгүн көрсөтүп, кенен чагылдырып беришти. Биз баарыңарга ыраазыбыз. Биздин талап – жол кырсыгы бул жеңил кылмыш эмес экенин адамдар сезиши керек, айдоочуларда жоопкерчилик болсун, жол эрежесин бузбай айдасын, ушундай окуяларга байланыштуу кылмыш иштери тааныш-билиш аркылуу же акча менен чечилип калбасын деп аягына чыгаралы деп жатабыз. Шектүү тергөө аяктагыча абакта отурушу керек, анткени ал адам өлүмүнө шектүү, ал эми калганын сот чечсин.

Лунрара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1068, 26-май-1-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан