Айдар Каптагаев, суучул: “СУУДАН 2 БАЛАНЫН СӨӨГҮН АЛЫП ЧЫККАНЫМДА АЯБАЙ ЖАМАН БОЛГОМ”

Каарманыбыз Айдар Каптагаев Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы “Суучулдар борборунун” эксперти, болочоктогу куткаруучуларга, суу астында иштеген суучулдарга сабак берип, тарбиялайт. Каарманыбыз кесибинин күнгөй-тескейи тууралуу айтып берет.

– Саламатсызбы, Айдар мырза, маегибизди сиздин жумушуңуздан баштасак, суучулдар борбору качан түзүлгөн?

– “Суучулдар борбору” 2009-жылы 18-декабрда түзүлгөн. Союз убагында бизде суучулдардын коомдук бирикмеси бар эле, СССР тараганда жоюлуп кеткен. Дээрлик 20 жылдай өлкө суучулдар мектеби жок турду. Сууга адамдар чөгүп кетсе Казакстандан, Өзбекстандан адистерди чакырып жүрүшкөн. Мен аталган борбор түптөлгөндөн бери иштейм, бул кесипти аркалап жүргөнүмө 14 жыл болду. Өзүм эл аралык дайверлерди окуткан уюмдан билим алып келгем. Учурда биздин борбордо 4 бөлүм иштейт: аппарат, суучулдар мектеби, суучулдардын терең суу көчмө станциясы жана медициналык комплекс. Жылына 60-80 окуучу тарбияланат. Бизде суучулдар 2 багытта окутулат. Биринчиси – кадимки суучулдар, булар суу астындагы техникалык жумуштарды жасашат. Экинчиси – куткаруучу суучулдар, булар пансионат, эс алуучу жай жана башка жерлерде жарандардын коопсуздугун карашат же бирөө чөгүп кетсе алып чыгышат. Азыр көбү суучул десе чөгүп кеткенкендерди куткарган адамды элестетишет. Жок, суучулдардын башка да функциялары бар. Акыркы 2 жылда суучул болууга кызыккандардын саны өсүп жатат.

– Куткаруучу суучулдар тууралуу сурагым келип турат. Адам сууга чөккөндө канча мүнөттө куткарып калса болот?

– Биздин жумуш – издөө иштерин жүргүзүп, чөгүп кеткен адамды суудан чыгаруу. Адам сууга 3 түрдүү чөгөт. Биринчиси, адам чөгүп баратканда дем алам деп сууну көп жутуп алат, ал суу өпкөгө барат, ашказанга толот андай адамдар суунун түбүнө түшүп кетишет. Анткени эч жеринде аба жок. Экинчиси, адам чөгүп баратканын сезип, атайын дем албай коёт, эс учун жоготот анан чөгүп кетет. Андайлар суунун белгилүү бир тереңдигинде калкып туруп калышат, анткени өпкөсүндө аба бар. Үчүнчүсү, адам чөгөт, эс учун жоготот бирок канча бир көз ирмемден кийин кайра ойгонот, бирок ал убакта сүзүп суунун үстүнө чыгуу кеч болуп калат, ошондо көз жумат. Суу ичинде адам 3-4 мүнөттүн ичинде көз жумат. Эгер спорт менен машыккан, туура дем алууну билгендер болсо көбүрөөк кармалышы мүмкүн. Адамдын физиологиясында эң негизгиси – мээ. Сууга чөккөндө биринчи өпкө иштен чыгат, анан жүрөк, эң аягында мээ ишин токтотот. Биздин тажрыйбада 12 мүнөт суу астында калган адамды тирүү алып чыккан учур болгон. Бул адам организминин күчтүүлүгүнөн, суунун температурасынан да көз каранды. Мисалы, сиз кышында сууга түшсөңүз мээ да, жүрөк да “сен муздак сууга түштүң” деген сигнал берет. Ал эми жайында ысып-тердеп барып сууга секиребиз, спирт ичимдигин ичип алып сууга түшкөндөр бар. Улуулар көбүнчө сууга белине чейин түшүп, суунун температурасына денени көндүрүп анан түшүшөт, байкасаңар керек. Мына ошентип денени муздак сууга көндүрүп түшүш керек. Дароо секиргенде булчуңдар жыйрылып, кан тамыр ичкерип кетет. Кээ биринин буту, колу, моюндары тырышып калат. Статистика боюнча бизде чөгүп каза болгондордун саны Ош облусунда көп, андан кийин Чүй жана Ысык-Көл облустары турат.

– Жеке тажрыйбаңызда эсиңизден кетпей калган кандай окуя болгон?

– Суучулдар салкын кандуу болушу керек. Корксоң бул кесипти тандабай эле койгонуң туура. Кээде чөгүп кеткен адамдарды издөө иштеринде моралдык-психологиялык жактан чарчайсың. Жаш суучулдар сөөктү тапкандан кийин уктай албай калганын айтышат. Башында душта жуунгандан заарканчумун, анткени суу аябай көңүлгө тиет. Сиз бир күн кечке муздак сууда жүрүп керсөңүз түшүнөт болушуңуз керек. Ал эми кээде издөө-куткаруу иштерибиз 5-10 күнгө чейин уланат. Көбүнчө суу астынан эки-үчтөн сөөк алып чыкканда зээним кейийт. Биз деле адамбыз да, муунум бошоп кетет. Мындан 3-4 жыл мурун Ысык-Көлдөн бир тууган 12 жашар кыз менен 6 жашар баланын сөөгүн алып чыкканбыз. Ошондо аябай жаман болгом. 6 жашар бала балдардын баары сууга секирип жатса, ошолорго кошулуп эле секирип кеткен экен, эжеси аны куткарам деп артынан секирип экөө тең чөгүп кетиптир. Бишкектеги ГЭС-5 суу сактагычынан да эки баланын денесин алып чыккам. Алар да бири-бирин куткарабыз деп чөгүп кетиптир. Сөөгүн да бир жерден таптык, экөө кучакташып калышыптыр. Эң башкысы – сууда “паникага” алдырбаш керек, ашыкча кыймылдап энергияны кетирбеш керек.

Тажрыйбамда дагы бир кызыктуу окуя болгон. Ысык-Көлдүн жээгинен 150-200 метр алыстыкта бир аял чөгүп баратат деп калышты, эс алып жүргөн элем. Кийимчен эле сууга секирип аялды куткарып калдым, жээкке чыксак тиги аял баласы ойноп жүргөн үйлөмө балонду колунан жулуп алып кайра ошол чөккөн тарапка кетип калды. Рахмат да айткан жок, бир кызыктай абалда калгам.

– Былтыр Ысык-Көлдө 5 жашар кыз чөгүп кетип, сөөгү табылбай койду, ушинтип табылбай калган учурлар көп болобу?

– Ооба, ал кызды издөөгө мен да катышкам. Милиция кызматкерлери, ыктыярчылар, Орусиянын аскер деңиз флоту бар Ысык-Көлдө, алардын адистери кошулуп издешкен. Тоонун шамалы күчтүү болот, балким, көлдүн ортосуна учуруп кетип өтө тереңге кирип кетсе да табылбай калат. Ал кыздын сөөгүн издеп жүрүп башка эле 3-4 чоң адамдын сөөгүн таап чыктык. Көлдүн асты тегиз эмес да, дөңчөлөр, жарлар болот, балким, ошол агым менен өтө терең кирип кеттиби деп да ойлодук. Кээде сүзүп баратканда суунун бир жери ысык, бир жери муздак болуп кетет, ошол муздак жер агым болот.

– Өзүңүз тууралуу айтып өтсөңүз, суучулдук кесипти эмне үчүн тандагансыз?

– Бул кесипте патриот, жумушун сүйгөн гана адамдар иштейт. Бирок айлыктын аздыгынан мен да бир нече жолу жумуштан кетүүгө арыз жазып, кайра токтоп калгам. Келип 3-4 ай иштеп, кайра кетип калгандар көп. Башында 15 миң сом айлык алчумун, кийин көтөрдүк деп 25 миң сом кылышты, шүгүр. Окуучуларым 10-13 миң сомго эле иштешет. Бизде айлык алган сайын маанай түшөт, кээ бири “кетем, кереги жок мындай жумуштун” дейт. Бирок “биз жасабасак, ким жасайт, мен кылбасам, ким кылат?” деген нерсе дайыма мени токтотуп турат. Кесибиңди сүйсөң бардык нерсесине кайыл болуп иштейт экенсиң. Өзүм Бишкек гуманитардык университетинин чыгыш таануу факультетин бүтүргөм, бирок аскер адамы болгум келчү. “Суучулдар борбору” жаңы түзүлгөндө келип, ошол бойдон кете албай калдым. Жубайым, эки кызым бар.

– Кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн чоң рахмат!

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1068, 26-май-1-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан