Айгерим Калыбекова, мекендеш: «ИТАЛИЯДА БАЙЫ МЕНЕН КЕДЕЙИНИН АЙЫРМАСЫ ДЕЛЕ БИЛИНБЕЙТ»

Италиянын өзгөчөлүгүн дагы бир мекендешибиз баяндап берди. Каарманыбыз аталган өлкөдө 4 жылдан бери жашайт, италиялыктарды ичинен таанып-билүүгө жетишти десек болот.

«ТУРИСТ КАТАРЫ КЕЛИП, КЕТПЕЙ КАЛГАМ»

– Аты-жөнүм Айгерим Калыбекова, 1995-жылы Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулгам. Кесибим – лингвист. ЖОЖду бүтүргөн соң мамлекеттик жумушта 2 жыл иштеп, анан Европага сапар тарттым. Италияга турист болуп келип, кетпей калгам. Учурда Сардения аралындагы Кальяри шаарындамын. Бул жакта эч кандай тааныштарым жок, башында тил билбей, жумушка керектүү документтерим туура эмес болуп, аябай кыйналдым. Анан күчүмдү тил үйрөнүүгө жумшайын деп бир үй-бүлөгө үй кызматчысы катары жумушка кирдим. Жакшы үй-бүлө туш келиптир, алар документтеримди тууралап беришти, андан аркысын өзүм алып кеттим. Азыр баары жакшы, документтеримди тууралап алгам, Кыргызстанга эркин кирип-чыга алам.

«ИТАЛИЯЛЫКТАР 1-2 ЭЛЕ БАЛАЛУУ БОЛУШАТ»

– Менин жумушум – карылардын жанында сүйлөшүп отуруу. Кыздары жумушка кеткенде бир чоң энеге барып эртең менен 2 саат, түштөн кийин 3 саат жанында отурам, ошого акы төлөп беришет. Жөн эле жанында эрмек болуп отуруп келем.

Бизде мектепти бүтүп эле ЖОЖго тапшырууга ашыгышат эмеспи. Буларда көпчүлүгү пиццерияларда, барларда иштешет, ар бир жумушту баркташат. Жогорку окуу жайды кеч бүтүшүп, 30 жаштан кийин гана иштеп башташат. Абдан кеч, 30-35 жаштан кийин үй-бүлө курушат экен, таптакыр үй-бүлө курбай койгондору да көп, жалгыз жашай беришет же жарандык никеде. Акыркы жылдары үй-бүлө кургандар кескин азайып баратат деп жатышат. Көп балалуу да болушпайт, ашып барса 2ден балалуу болушат.

Дагы бир салты бар, мисалы, ата-энесиникине же бир тууганынын үйүнө барса, учурашып, бир чыныдан кофе ичип эле кайра кетишет. Жадакалса тамак даяр болсо да чогуу отуруп тамактанышпайт. Ушул нерсе мени аябай таң калтырган. Эгер чогуу тамактана турган болсо, алдын ала 1-2 ай мурун ошол күндү пландап, анан чогуу тамактанышат.

Италиялыктардын мен суктанган сапаты – абдан маданияттуу келишет. Кандай кырдаал болбосун ачууга алдырбай, сабырдуулук менен жеңишет. Дароо эле ызы-чуу кылып жиберишпейт. Өтө кичи пейил, бир нерсе сурасаң сөзсүз жооп беришет, жадакалса автобустан түшө калып бара турган жериңди көрсөтүп беришет. Адамгерчилиги өтө бийик эл.

«УЛУТТУК МАЙРАМДАР СӨЗСҮЗ БЕЛГИЛЕНЕТ»

– Мен жашаган шаарда кыргыздар көп, бири-бирине көмөктөшүп, жардамдарын аяшпайт. Италияда да кыргыз диаспорасы бар, көптөгөн иш-чараларды уюштурушат, мисалы, Нооруз майрамын быйыл боз үй тигип кадимки Кыргызстандагыдай кылып өткөзүштү, итальяндарды конокко чакырышты. Негизи эле дайыма кыргыздардын арасында ар кандай майрам, иш-чара, салтанаттар өткөрүлүп турат. Биздин улуттук майрамдар сөзсүз түрдө майрамдалат, улуттук кийимдер кийилип, улуттук тамак-аштарыбыз жасалат, боз үй тигилет. Андай учурда өзүбүздү мекенде жүргөндөй сезип, жыргап калабыз. Бул жактагылар көбүнчө кыргыздардын ынтымагына суктанышат.

«ТОЙДО ДАСТОРКОНГО БИР ТОРТ, СУУСУНДУК, МӨМӨ-ЖЕМИШ ЭЛЕ КОЮШАТ»

– Италияда аябай маани берген майрамдар – Рождество жана Пасха майрамы. Ал эми Жаңы жылды 1-январда майрамдашат, бирок чоң майрам катары көрүшпөйт. 8-мартка да маани беришпейт, 15-августта Ferragosto (Феррагосто) деген майрамы бар. 1-май – Эмгекчилер күнү, 14-май – Энелер күнү. Ушул майрамдар бар.

Үлпөт тойго карата ырым-жырымдарын байкаган жокмун. Байкаганым, таптакыр ысырап кылышпайт. Тойдо биздикиндей болуп шарактап элдин баары келбейт, дасторконун ашыкча дүйүм-тамак менен толтуруп ысырап кылышпайт, бир торт, шире, суу, мөмө-жемиш коюшат, болду. Ырдап-бийлеп, ошол тортту жеп тарап кетишет.

Италиялыктардын карапайымдыгы жакты, чоң кызматтарда иштеп, колунда бар, бай болсо да эч кандай жулунбайт. “Үй алышым керек, үйүмдү жасашым керек, килейген чоң машине айдашым керек” деген нерсе жок. Баары үнөмдөөгө тырышат, бардык нерсени үнөмдөшөт. Жөнөкөй жашаган карапайым адам менен бай жашаган адамдын айырмасы деле билинбейт, экөөнүн тең эле кийген кийимдери окшош, үйлөрү деле, минип жүргөн машинелери деле окшош, тыпыйган, майды аз жеген машинелер. “Мен чоң кызматтамын, мындай кийинишим керек, мындай үйдө жашашым” керек дешпейт, үйүнүн ичин деле кооз эмеректерге толтурбайт, өздөрү үчүн гана ылайыктап жасашат. Акчасын окууга, эл-жер көрүүгө, саякатка жумшашат. Биздегидей той-ашка кошумча деген нерселер такыр жок.

«МЕКЕНГЕ ЭЧ БИР ЖЕР ЖЕТПЕЙТ»

– Кыргызстандагы кезим менен азыркы Айгеримдин айырмасы өтө чоң, жашоого быштым десем болот. Кандай кырдаал болбосун башкалардан жардам күтүп отура бербей, өзүмө гана ишенишим керек экенин түшүндүм. Өзүмдү көп жактан тааныдым. Дүйнө таанымым өзгөрдү, жашоого олуттуу карап калдым. Алдыда максаттарым – Европанын башка мамлекеттерин кыдыруу, буюрса, ошого аракет кылып жатам.

Италия мени өзүнүн искусствосу, тарыхы, музыкасы, архитектурасы, укмуштуудай жаратылышы, тамак-ашы, маданияты менен өзүнө тартып алды, бул шаарда иштеп-жашап калуума себеп болду. Азыр Кудайга шүгүр, тил үйрөндүм, жумушум жеңил. Тарыхка, маданий мураска бай бул өлкөгө алигиче суктанып да, таң калып да бүтпөйм. Италиянын Рим, Милан, Неаполь сыяктуу дээрлик бардык шаарларын көрдүм, ар бири өзгөчө керемет. Бул жакка келечекте ата-энемди алып келип эс алдырсам деген пландарым бар. Негизи мектепте окуп жүргөндө эле тарых сабагынан түбөлүктүү шаар аталган Рим жөнүндө, дүйнөгө атагы чыккан айтылуу Колизей тууралуу окуп аябай кызыгуум арткан. Ошондогу кыялдарым ишке ашып, Италияда жүргөнүмө быйыл 4 жылдын жүзү болду.

Бирок баары бир жүрөгүм мекенди эңсейт, сагынат. Эч бир жерди Кыргызстанга теңөөгө, алмаштырууга болбойт. Чет жерде жашообуз канчалык жакшы, жеңил болсо да, жүрөгүбүз мекен деп согот.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1068, 26-май-1-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан