Килеми менен белгилүү МУРАС АЙЫЛЫ

Жайгашкан орду – Баткен облусу, Лейлек району, Кең-Талаа айыл өкмөтү

Географиялык абалы – район борборунан 100 чакырым алыстыкта жайгашкан

Кожолуктун саны (түтүн) – 565

Жашоочулардын саны – 3247 киши

Жоошбай Каримов, тарых мугалими: АЙЫЛДА “ЧАПКЫЛДЫК” ДЕГЕН БИР ГАНА УРУУНУН УРПАКТАРЫ ЖАШАЙТ

– Биздин айыл 2023-жылдын 1-январына чейин Маргун деп аталчу, быйыл Мурас деген ысым ыйгарылды. Маргун – биздин заманга чейинки сактар мезгилиндеги аталыш. “Марг” деген фарс сөзү, бизче “жашыл чөп”, “шалбалуу жер” дегенди билдирет деген божомол бар. Мурас аталышы ата-бабабыздан келе жаткан килем согуу өнөрүн мурастап калганыбыздан улам коюлду.

Тарыхы түптүү айыл, мектептеги музейде биздин замандын 1-кылымына таандык чопо идиштер сакталып турат. 20 сотых жерди ээлеген Коргон-Дөбө деген жерди археологдор казганда адам жашаган байыркы жайлардын орду табылып, кыштын калдыктары чыккан.

Айылда “чапкылдык” деген бир гана уруунун эли жашайт. Тарыхчы Жолдошбай Малабаев “Чапкынчылар” аттуу китебинде “Фергана жана Жумгал өрөөнүндө чапкылдык, чапкынчы деген уруулар жашайт. Бул 2 уруунун түбү бир. Алардын ата-бабалары Кашкар тараптагы Чапкын деген жерде жашап, биринин аты Чапкынчы болгон. Чапкынчы болжол менен 18-кылымдын башында туулган” деп баяндайт.

Чапкылдыктардан илгертен балбандар көп чыккан. Алардын бири Абдрахман балбан. Тажик, өзбек балбандары менен далай күрөшүп, эч кимиси анын далысын жерге тийгизе алышпаптыр. Өзүнүн салмагынан 2-3 эсе оор балбандарды так көтөрүп чапчу деп айтылып жүрөт.

Айылда курт-кумурска, албарстынын тилин билген Карабай деген аксакал жашаптыр. Бирөөнү жылан же кара курт чагып алса, дубалап, ууну денеден чыгарып салчу дешет.

Акжол Убаев, айыл башчысы: “100 ГЕКТАР ЖЕРГЕ СӨКСӨӨЛ ОТУРГУЗУЛГАН”

– Айылдын эли мал чарбачылыгы менен алектенет. Таза суу жетиштүү болгону менен, сугат суу тартыш. Аялдар килем согуп, киреше табышат. Айыл четиндеги кунарсыз жерге атайын сөксөөл отургузулган. Жалпы аянты 100 гектарды ээлейт. Алар өсүп чоңоюп, акырындан токойго айланып келе жатат. Тамыры 10 метрге чейин терең кеткендиктен жердин кыртышын бузулуудан сактайт. Жаш бутак-шактары малга тоют болот. Быйыл 100 гектар жерге бадам отургузулду.

Айтек Момунов, айылдын тургуну: “10 ЖЫЛДАН БЕРИ СУУ ТЕГИРМЕН ИШТЕТЕМ”

– Айылда суу тегирмен иштетем. Тегирменди чоң атам 2000-жылы куруп, көзү өткөнчө иштетти. 10 жылдан бери анын жолун улантып келе жатам. Суу тартыш болгондуктан тегирмен учурда 2 күндө 1 мүшөк ун тартат. Мурун суу көп келчү, 1 мүшөк унду 1 күндө эле тартып койчубуз. Азыр деле буудай алып келип тарттырып кетишет, 50 килограмм буудайдан 3,5 килограмм унду калага алып калам.

Гүлмира Турдубаева, айылдын тургуну: “АР БИР АЯЛЗАТЫ КИЛЕМ СОГО АЛАТ”

– Биздин айылда жашаган ар бир аялзаты килем сого алат. Кыздар 5-6-класстан тартып үйрөнүшөт. 60 жашка келгиче 400дөй килем соктум. Айылдык аялдардын милдети – ата-бабабыздан келе жаткан килем согуу өнөрүн жаштарга үйрөтүп, урпактарга өткөрүп берүү. Мурас айылы дешсе эл Лейлек килеминин мекени деп түшүнөт.

Биз жүл жана түксүз килемдерди, таарларды согобуз. Сувенирлерди, паннолорду, унаа төшөкчөлөрүн жасайбыз.

Мисалы, узуну 4, туурасы 2,5 метрлик килемди 4 аял 2 аптада жасап бүтүрөт. Ага 60-70 килограмм жүн кетет. Аны ийригенде 25 килограмм жип чыгат.

Алгач жүндү жууп, боёкко салабыз. Жүндү кошумча Бишкектен, Алайдан да сатып алабыз. 1 килемдин эриши жана аркагы үчүн 10 килограммдан пахта жип кетет.

Килем согууга меринос койлордун жүнү жакшы. Себеби – жумшак. 1 килем өлчөмүнө жараша 40 000-65 000 сомдон сатылат. Ошентип аялдар килемден киреше табышат. Килем согуу – биздин айылдын үзгүлтүксүз кирешеси.

Кыздарды турмушка узатып жатканда сепке 1 жүл, 1 түксүз килем, 1 таар берилет. Кыргызстандын булуң-бурчунан, чет элден да килемдерге буюртма келип турат. Менин 1 килемим АКШга, дагы бири Италияга сатылган.


 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1068, 26-май-1-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан