ЫРЧЫ РОЗА АМАНОВАНЫН АТЫ АРАЛАШКАН ЧУУ: Токтогулдагы мал базар кимдики?

26-май күнү акын Бактыгүл Сейитбекова Токтогул районунун тургуну Роза Шамшыкеева менен бирге Бишкекте журналисттерге маалымат жыйын берди. Анда Сейитбекова уулум, ырчы Алихан Кылданов экөөбүздү белгилүү ырчы, дастанчы Роза Аманова негизсиз күнөөлөп, үстүбүздөн арыз жазып иш козготуп, уулум экөөбүз 4 ай абакта бейкүнөө отуруп чыктык деп билдирди. Экинчи тарап бул айтылгандарды “жалган-жалаа” деп атады.

Роза Шамшыкеева, Токтогул районунун тургуну: “Токтогулдагы мал базар күйөөмдүкү эле”

– Жолдошум 40 жыл иштегени үчүн мамлекет ага 2001-жылы Токтогулдагы мал базарды кайтарымсыз берген. Базарды алгандан 1 жылдан кийин эле күйөөмдүн көзү өтүп кетти, 3 балам менен жесир калдым. Күйөөмдүн көз жумганына 5 күн болгондо Роза Аманованын иниси келип “эже, Жалал-Абаддан текшерүүчүлөр келиптир, мал базардын документтерин бериңиз, көрсөтүп кайра алып келип берем” деди. Ага чейин алар менен жакындан катышып жүрчүбүз, ишенип документтерди бердим. Бирок эртеси алып келген жок. Анын эртеси бир тууган инимди документтерди алып кел деп жиберсем “базар силердики эмес, биздики, экинчи келбе” деп колу-бутун кайрып, уруптур. Ошондо билдим Розанын ошол убакта 10-класста окуган инисине алданып калганымды. Ошол иниси кийин базарды иштетип жүрдү, 2002-жылдан бери кайрылбаган жерим калган жок. Жалал-Абаддагы акыйкатчы өкүлчүлүгүнө даттанып барсам, базарды тең шерик болуп иштетсин деген буйрук чыгарып берди. Бирок ал буйрукту Розанын иниси “берип туруңузчу” деп сураса кайра карматып жибериптирмин. Ал дароо эле жездеси Кубанычбек Жумалиевге чалып, акыйкатчы өкүлчүлүгүнүн кызматкерин бир телефон чалуу менен жумуштан алдыртып коюптур. Инисине “баягы буйрукту бер” деп барсам, “жок, колуңуздан келгенин кылыңыз” деп койду. Көрсө, мал базар менин атыма өткөндүгү тууралуу 2008-жылы эле Токтогул райондук сотунун токтому чыккан экен, аны булар атайын билгизбей, айтпай жүрүшүптүр да. Роза “төркүнүм болгула” деп күйөөсүнүн эски Москвичи менен үйүбүзгө көп келчү. Көрсө, көздөгөнү мал базар болгон тура.

Бактыгүл Сейитбекова, акын: “Роза Аманова менден карызга акча алган”

– Роза Аманова менен 2016-жылы “Токтогулдун тогуз кайрыгы” деген шеринеде шеринелеш болуп калып жакындан тааныштым. Орусияда иштеп жүргөнүмдө бир күнү Кубанычбек Жумалиев чалып “эже, сиңдиңиз Москвага учуп баратат, тосуп алыңыз, дарыланышы керек” деп калды. Розанын Москвада бир нече батири бар экен, ошолорду карап бериңиз деди эле, алар менин иштеген жеримден алыс экен, макул болгон жокмун. Дарыланган деле жок, иштерин бүтүрүп жүрдү. Ошол убакта “эже, туура эмес медициналык жабдык алып алыптырмын, акча берип туруңуз” деп 3 миллион рубль алды. Кийин дагы 4 миллион рубль алды карызга. Анча акча менде кайда, өмүр бою мигрант болуп иштеген аялмын. Москванын Садовод базарында 3-4 соода орунум бар, “Дордойдун” кыздары дүңүнөн товар салат, мен аларды сатам. Ал акча ошол соодагер кыздардын акчасы эле. Роза 10 күндүн ичинде берем деген, бирок кабарлашпай кетти. Жазсам “эже, эмне болуп жатасыз, Кыргызстандын 65 пайызы күйөө балаңыздыкы го, берем да бир бизнесимди сатып” деп койду. Ошол карыздарды төлөйм деп Кыргызстанга 1 жыл келбей калдым, мурун 3 айда бир келип турчумун. Роза карызды такыр эле создуктуруп жибергенде бер деп талап кыла баштадым. Ошондо мага Токтогулдагы мал базарды өткөрүп берген. 2019-жылы август айында алдын ала келишим түзүп өткөрүп алганбыз. Кийин Роза “Бактыгүл уулу экөө келип Жумалиев абакта отурат эл базарды басып алат, азырынча бизге өткөрүп берип тур деп базарды алдап алган” деп үстүбүздөн арыз жазып жатат. Жумалиев 2021-жылы камалды, биздин сатуу-сатып алуу келишимибиз 2019-жылы түзүлүп жатпайбы.

“Мал базарын кайтарып алуу үчүн уулум экөөбүздү каматты”

– Биз мал базарды алганда 4 казыгынан башка эч нерсеси жок болчу, ажатканасынан ашканасына чейин курдук. Мал базар эмес эле, гүл базар болуп калды. Оңдоп-түзөп, айына 500-600 миң сом киреше түшө турган бизнес кылып койгондо Роза кайра алгысы келип жатпайбы. Биз алданбай койгондо, айла жок уулум экөөбүздү каматып, базарын алды. 4 ай карайлап абакта отурдук. Келиним нотариусту сотко чакыртып базарды өткөрүп берди. Уулум биринчи бошотулду, кийин уулумду опузалап 77 баш жылкы, 15 уй, 500 миң сом талап кылыптыр. Азыркыга чейин тосмо арыз жазып бере элек, сот уланып жатат. Мындан улам бийлик өкүлдөрүнө, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылууга аргасызмын. Жарандык ишти тааныш-билиш, акчанын күчү менен кылмыш ишине айландырып бизди каматышты. Азыр эмне, акчасы барлардын эле заманыбы? Биз тараптан күбө суралбай, жада калса жактоочу алганга мүмкүнчүлүк бербей камап коюшту.

Искендер Кыштообаев, Роза Аманованын жактоочусу: “Маалымат жыйында айтылгандардын баары жалаа”

– Шектүү Бактыгүл Сейитбекова чет өлкөгө чыкпоо тууралуу тил каты менен абактан чыккандан кийин, мал сарайды, калган малдарды бербей коюу үчүн, жана алдамчылык беренеси менен жоопко тартыларын түшүнгөндөн кийин Амановага каршы социалдык түйүндөр, маалымат каражаттары аркылуу маалыматтык согуш ачып элди дүрбөтүп, каралоосун улантууда. Бактыгүл Сейитбекова, Роза Шамшыкеева маалымат жыйында айткан фактылардын баары негизсиз жана эч кандай далил менен тастыкталган эмес. Бул азыр жүрүп жаткан сот процессине басым кылуу максатында уюштурулган. Бул иш боюнча Башкы прокуратура 2 айлык мөөнөттө айыпталуучу Сейитбекова менен Кылдановдун жактоочуларынын катышуусунда тергөө амалдарын жүргүзгөн. Анын негизинде Сейитбекова, уулу Кылданов өзгөчө ири өлчөмдө “алдамчылык” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. Учурда бул иш Октябрь райондук сотунда каралууда. Сот отурумунда Сейитбекова менен Кылданов жабырлануучу Амановага мал базарын, үйүн жана малын (толук эмес) өз ыктыяры менен кайтарып берүү үчүн нотариусту сотко чакыруу өтүнүчү менен өздөрү кайрылышкан, аларды эч ким мажбурлаган эмес. “Аманова 7 миллион рубль алган жана Сейитбекованы каралоо максатында Орусиядан адамдарды алып келген” деген шектүүнүн билдирүүсү чындыкка дал келбейт. Сейитбекованын акча бергени боюнча эч кандай далил (тил кат, келишим же аудио-видео жазуу) жок, тескерисинче, Амановадан Сейитбекованын карызга акча алганы тууралуу Вотсаптагы сүйлөшүү-жазуулары, Аманованын Сейитбековага жиберген банк дүмүрчөктөрү бар, шектүүнүн айткандары жалган жана кезектеги бет тырмоочулугу. Тергөө учурунда жана эркинен ажыратуу боюнча жүргөн сот процессинде жактоочусуз болдук дегени жалган, себеби, тергөө учурундагы документтерде жактоочусунун бардык жерде колу коюлган. Алдын ала сатуу жана сатып алуу келишими мал базарды Сейитбековага чейин ижарага алып жүргөн ижарачылардан алуу максатында гана Сейитбекованын ойлоп-тапкан сунушу менен күчүнө кирбей турган келишим катары гана түзүлгөн. Москвада бир нече батири бар деген жалаасы, эч кандай документтер менен тастыкталган эмес.

Роза Шамшибекова Токтогул шаарындагы мал базар эч качан анын маркум күйөөсүнө да, ага да тиешелүү болбогонун эң жакшы билет. Шамшибекова Амановадан “мага Бишкек шаарынан батир алып бересиң, болбосо сени Сейитбековага кошулуп алып жамандайм” деп шарт коюп, шылуундук кылууда. Учурда Роза Шамшибекова Аманова менен Бактыгүл Сейитбекованын ортосундагы чыр-чатактан пайдаланып Амановадан акча талап кылуу жана Бишкек шаарынан батир алдыруу үчүн шантаж кылып жатат (аудио жазуу менен тастыктап бере алабыз).

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1069, 2-8-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан