Закиржан Заитов: “18 ЖЫЛ ЖАШАГАН ҮЙҮМДҮ ТАРТЫП АЛЫШЫП, КӨЧӨДӨ КАЛДЫМ”

Каарманыбыз Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылынын тургуну 65 жаштагы Закиржан Заитов 18 жылдан бери жашап жаткан үйүн үйдүн ээсине тиешеси жок эле адамдар документ жасатып тартып алды деп редакциябызга кайрылды. Маектешүүгө барсак каарманыбыздын кошуналары “бул ата жашаган жер бизнеске абдан ыңгайлуу, баасы 200-300 миң долларды чапчыйт, чоң бизнеси бар мамлекеттик кызматкерлер документ жасатып, үйүнөн чыгарып коюшту. Түндө келип сабап же өлтүрүп кетпесин деп кезектешип кайтарып отурабыз” дешти. Закиржан Заитов окуясын төмөндөгүдөй баяндады.

“25 жылдан бери мүрзө казып иштейм”

– Кичинемден томолой жетим өстүм. Лебединовка айылына 1976-жылы көчүп келгем. 2 балалуу келинге үйлөнгөн элем, экөөбүз чогуу жашап дагы бир кыздуу болдук. Балдардын баарын чоңойттум, өз алдынча турмуш куруп кетишти. Тагдыр экен, жубайым экөөбүз мындан 2 жыл мурун ажырашканбыз. Өзүм 25 жылдан бери ушул айылда мүрзө казып иштейм, көп адамды жерге бердим.

“Үйдүн ээсинин денесин өзүм жууп, кепиндегем”

– Мен жашаган үйдө мурда Усубакун деген киши жалгыз жашачу. Бири-бирибизди жакшы тааныйт элек, 2003-жылы аны унаа сүзүп кеткенде көп жардам бердим, ооруканада жатканда үй-жайын карап турдум. Бир күнү аксакалдар “Усубакун көрүнбөй калды” деп калышты. Үйүнө барып эшигин такылдатсам бек экен, терезесин сындырып ичкери кирсем Усубакун байке каза болуп калыптыр. Көз жумгандан кийин 2-3 күн туруп калган сыягы. Аксакалдар “эшикти талкалап алып чык” дешти, талкалап, сөөктү алып чыктым. Сөөк жууганга адам жок, денесин өзүм жууп, кепиндеп, жамаат менен жерге бердик. Кийин эл акча чогултуп Талгат деген айылдашыбыздын үйүндө ашын бердик. Ошол ашта аксакалдар “Закир, эми сен Усубакун аганын үйүндө жашайсың, анын бала-чака, көрөр-багары жок киши эле, айыл элине жакшы эле кызмат кылдың” деп мени Усубакун аганын үйүнө киргизип коюшту. Үйдүн документтерин аксакалдар үйүндө аш өткөргөн Талгат деген кишиге берип “бул документ сенде турсун, кийин Закирге өткөрүп беребиз” дешкен. Айыл эли киргизип жатса, мейли, жашай берейин дедим да.

“Тиешеси жок эле адамдар үйүмдү талашып башташты”

– Үйдүн документин бүтүрүүгө көп аракет жасадым, көрсө, Усубакун ага көп жыл трактор айдап иштегени үчүн айыл өкмөт “ушул жер сеники” деп көк китеп чыгарып берген экен, ошону менен эле үй салып жашап калыптыр. Мен үйгө кирерде 10-15 күн оңдоп-түзөө иштерин жасадым, кийин 70 метр жерден суу тартып таза суу киргиздим, 18 жылдан бери салыгын, коммуналдык төлөмдөрүн төлөп жашадым. Бир жолу айыл өкмөттөн “эгер 16 жыл үйдүн салыгын, бардык төлөмдөрүн төгүп жашасаңыз, үй автоматтык түрдө сизге өтөт” деген эле. Бирок 16 жыл болгондо пандемия башталып көп иштер токтоп калган. Ошол себептен документин бүтүрүүгө жетишпедим. Кайдан билдим минтип бейтааныш адамдар үй талашып каларын. 2021-жылдан тарта мени сотко чакыра башташты. Көрсө, үйдүн мурунку ээси Усубакун ага үйдү Таш Бакиров деген кишиге белек катары өткөрүп берген имиш. Ошол Таш байкенин неберелери мени сотко берип жатышпайбы “үй биздин чоң атабыздыкы” деп.

Бул мындай болгон, башында аксакалдар үйдүн документин Талгат деген кишиге беришкен да, ошол киши кылып жатат мунун баарын. Дагы бирөө бар, Калкты каттоо кызматында нотариус болуп иштейт, ал да бул ишке аралашкан болушу мүмкүн. Ошол үйдүн документи менен жасалма мураскер болуп мени сотко берип жатышпайбы.

“Үйдүн документин сураганда бербей койгон”

– Аксакалдар тирүү кезинде Талгаттан “үйдүн документин бер, Закирге өткөрүп беребиз” дегенде бербей койгон. Ал деле мендей эле бөтөн киши маркумга, жакыны же тууганы эмес. Кийин деле “кел, сүйлөшөлү, 3 миң доллар болсо 2 миңге, 2 миң доллар болсо 1,5 миңге берели бул мусапырга” дегенде да бербей койду документти. Ал кезде үйлөр арзан болчу. Талгат кедей киши эмес, Бишкектин чок ортосунда кафе иштетет. Булардын көздөгөнү ушул 6 сотых жер менен эски там болуп жатат. Үй жолдун жээгинде жайгашкан, бизнес кылууга ыңгайлуу. Жакында эле Таш байкенин ушул жактагы үйүн балдары 200 миң долларга сатышты, мен жашаган үй 100 миң доллар турат. Акчанын күчү менен документ жасатып, кала берсе сот, прокурорлорду колго алып жатпайбы. Тергөө бөлүмүндөгү кызга барсам “байке, мага да басым болууда, колумдан эч нерсе келбей жатат” деди.

“Азыр үйдүн короосунда жашап жатам”

– Башында жалдаган адвокатым начар чыкты. “Байке, сиз сотко келбей эле коюңуз” дегенинен зарылчылык жок тура деп барбай жүргөм да, көрсө райондук, облустук сот да “үйдү бошотсун” деп берки тараптын пайдасына чечим чыгарып бериптир. Жогорку Сотко барганда чуркап калдым, 24-майда Жогорку Сот да райондук, облустук соттун чечимин күчүндө калтырды. Мусапыр болсоң эч кимге тилиң өтпөйт экен, кызым, бул жерде айыл өкмөтү, нотариус, калкты тейлөө кызматынын кызматкерлери баары ишке аралашып, тигил тарапка мураскердик алууга документ жасап беришкен деп ойлойм. Айыл өкмөтүнө барып “ушул документке сиз кол койгон экенсиз” десек, меники эмес, бул орун басарымдын колу дебедиби. Сот мындай көрсөтмөлөрдү уруп ойнобойт экен. Биз “документтерди жасалмалоо” боюнча сотко даттандык, кылмыш иши козголуп, райондук соттон утканбыз. Эми аягына чыгам деп турам. 30-майда сот аткаруучулар келип мени үйдөн чыгарып салышты, буюмдарымды да эшикке чыгарып, азыр короодо жашап жатам.

“Айыл эли тамак ашын көтөрүп келип, мени кайтарып жатышат”

– Мени сот аткаруучулар үйдөн чыгарып жатканда 40-50дөй айыл тургуну келип мага болушту. Азыркыга чейин күндө тамак-ашын көтөрүп келип, кезектешип кайтарып отурушат. Элге ыраазымын. Байлар карапайым адамдардын укугун тебелеп, кызарган жери болсо үзүп алгысы келет экен. “Койгула, кеткенде 10 метр кепинге оролуп, 2 метр жерге эле барасың, балдарыңдын өз ырыскысы бар” десем түшүнүшпөйт. Үйдү Таш байкеге 2002-жылы эле мурас кылып жазып берди дегенине таң калам, анткени ал кезде Усубакун байке куландан соо болчу. Ал киши 2004-жылы өлөрүн билген эмес да. Өлөрүн билсе 2-3 күн үйүндө сөөгү каралбай жатпайт эле го. Анан да ушул убакка чейин Таш байке бир да жолу мага келип “үйдү мага өткөрүп берген” деп айткан эмес. 18 жыл үйдүн босогосун аттабагандар талашып жатса арданат экенсиң. Калыстык кайда? Президентке, өкмөт башчыга, укук коргоо органдарына кайрылам, жасалма документ даярдагандарга катуу чара көрбөсөңөр болбойт.

Аталган окуя боюнча экинчи тараптын да пикирин угууга даярбыз.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1069, 2-8-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан