Анаргүл Ибраимова: “СУПЕР-ИНФОСУЗ” БИР НЕРСЕ ЖЕТИШПЕГЕНДЕЙ БОЛО БЕРЕТ”

Көп жылдан бери “Супер-Инфону” калтырбай окуган окурмандар көп. Алардын бири – жума сайын гезитибиздин жаңы санын күтүп, бир да бетин калтырбай окуган Анаргүл Ибраимова. Каарманыбыз үчүн гезит бетинен атайын орун бөлдүк.

– Саламатсызбы, Анаргүл апа? Биздин гезитти канча жылдан бери окуйсуз?

– Саламатчылык, балам. Көп жылдан бери окуйм, эс-тутумум начарлап, көп нерсени унутуп калдым. Өзүм 73 жаштамын. Бутум ооруп 2 жылдан бери баса албай, почтага бара албай калдым. Ага чейин 3-4 жыл почтага жазылып окуп жүрдүм. Жазылганга чейин гезит саткан күркөлөрдөн алып келчүмүн.

Гезитиңердеги бардык рубрикалар жагат. Искусство адамдары тууралуу жакшы жазасыңар. Алардын жашоосунда эмнелер болуп жатканын билип тургум келет. Биздин убакта искусство адамдары айлыгы аз, үйлөрү жок кыйналды эле го. Азыр ошолордун турмуштары жакшы болуп калганын окуйм. Өзүм да адабиятка, искусствого жакын элем. Ыр жазчумун, баары калды. Кыргыз тили, адабиятынан жакшы элем. Биз бала кезден гезит окуп чоңойдук да. Ата-энелерибиз “гезит окугула, жаңылыктардан кабардар болгула” деп үйрөтчү. Бир топ гезиттерди, “Ала-Тоо” журналын окучубуз. “Супер-Инфо” чыкканда жыргап калгам, силердин гезиттен бардык жаңылыктарды, ар кыл макалаларды окуп, Кыргызстанда эмне болуп жатканын билип аласың. Азыр балдар орус мектепте окуп, орусча сүйлөп калышпадыбы. Мындай кыргыз тилдүү гезиттин болгону жаш балдар үчүн, өлкө үчүн жакшы деп билем. Кандай сонун макалалар чыгат. Сериалдарды кууп окуйм.

– Гезит колуңузга тийгенде алгач сериалдарды окуйт экенсиз да, демек?

– Жок, гезит колума тийгенде биринчи бетинен баштап окуп баштайм. Эч нерсесин калтырбай аягына чейин окуйм. Баарын окуп алып, анан шашпай сериалдарды окуйм. Мурда гезитке чыккан бардык маалыматтарды билчүмүн. Былтыртан баштап анчалык эстей албай калдым. Гезит ар тараптуу болгону үчүн жагат, саясаттан баштап, дүйнөдөгү жаңылыктарга чейин тапсаң болот. Мен негизи окуганды аябай жакшы көрөм, гезитти да, китепти да көп окуйм. Жакында Шайлообек Дүйшеевдин “Агындыларын” окудум.

– Сонун экен. Биз сиздей окурмандарыбыз менен сыймыктанабыз...

– Мурун “карачы, гезит келиптирби” деп неберелерди жумшай берчүмүн. Окуп бүткөнчө чай да иччү эмесмин, окуп чыгып анан тынчып отуруп калчумун. Жүрөгүмдө бир нерсе шаштыра берет. Бир кездери гезитти чогулткам, аябай көп болчу. Сурагандар көп, баарына берип, балдарым да алып кетишкен. “Супер-Инфону” жүрөгүмдөн жакшы көрөм, ансыз бир нерсе жетпегендей боло берет.

– Маегиңизге рахмат. Көп жашаңыз, ден соолугуңуз чың болуп бактылуу карылыкта өмүр сүрүңүз!


Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1069, 2-8-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан