Айнура Курманалиева, 50 жашта: “2 КОЛУ ЖОК ЖАШООГО АКЫРЫ КӨНДҮМ”

“35 жашымда мага тагдырдын сыноосу келип, 2 колу жок калдым. Майыштым, бирок сынган жокмун. Тиричиликти бутум менен жасап, неберемди да багып келем” - дейт каарманыбыз Айнура Курманалиева. Ден соолуктун баркын сездире турган аянычтуу окуя кандайча болгон?

Жашоону өзгөрткөн жол кырсыгы

– Аты-жөнүм Айнура Курманалиева, 50 жаштамын. Учурда Чолпон-Ата шаарында жашайм. Ыраматылык атам салган үйдө азыр 62 жашка чыккан, үй-бүлөсү жок майып агам, апам, неберем (кызымдын кызы) болуп жашайбыз. Неберемди 1-класстан тартып мен карап, чоңойтуп келе жатам. Агам аскерден оорукчан болуп келген, сыягы токмок жеген окшойт ошол жактан.

Бул үй 55 жаштагы агама кала турган үй. Алар азыр Орусияда үй-бүлөсү менен иштеп жүрүшөт. Эми келишсе, баарыбыздын бир үйдө тыгылып жашаганыбыз оңтойсуз болот. Эптеп неберем экөөбүз үйлүү болуп алсак дегенде эки көзүм төрт.

Турмушка чыгып кыздуу болгондон кийин жолдошум экөөбүз эки жолго түшкөн элек. Бишкекке келип иштеп жүргөм. Чет өлкөгө барып иштеп келейин деп виза ачтырууга далалат кылып да калгам.

Кырсык, тагдырдын сыноосу мага 2008-жылы, 35 жашымда келди. Бир күнү бирге иштегендер болуп жумуштан чыгып, үйдү көздөй унаада келе жаткан элек. Жумуштан чарчап чыкканга уктап кетипмин. Бир кезде “тарс-турс” дей түшүп көзүмдү ачып, кайра эле акыл-эсимди жоготуп, караңгы туңгуюкка сүңгүп кеттим...

Көрсө, биз бараткан унаа менен башка унаа катуу сүзүшүп, мен айнектен ыргып кетипмин. Ыргып, эшиги ачык турган трансформаторго урунуптурмун. Ошондо токко урунуп, 2 колум күйүп, жарабай калыптыр. Эсиме ооруканадан келдим, 2 колумду кесип салышкан экен.

Алгачкы азаптуу күндөр

– Алгач катуу шок болуп, мындай абалыма көнө албай өтө жаман болуп жүрдүм. Айла жок анан акырындап тагдырга, жаңыча 2 колсуз жашоого көнө баштадым.

4 ай ооруканда жатып, анан үйгө чыктым. Ошондон бери апам багып келет. Мени эле болсо мейли эле, оорукчан агам, неберем да апамдын мойнундабыз.

Майыпмын деп бекер отура берүү болбойт экен. Атам сүрөтчү болчу. Ошол шык мага да өткөн. Бутум менен сүрөт тартып, түрдүү себет, кутучаларды жасап, байпак, балдардын шапкеси дегендей нерселерди токуп сата баштадым. Ошондон баштап жанданып, жашоого бир топ бел байлап калдым. Керектүү картон, клей, мата, мончок, жиптерди эжем алып берип турат.

Колдун ордуна бут жардамчы

– Бутум аркылуу эшик алдына шланг менен суу чачып, бутум менен үй жыйнап, өзүмө чай, кофелерди куя алам. Тамак-ашты апам, неберем жасайт.

Жасаган буюмдарымды сата турган чакан дүкөнүм болсо, же менден алып кетип сатып, акчасын берип турчулар болсо жакшы болмок эле.

2 колум соо кезде тигүүчү машинам бар эле, курак курап, түрдүү нерселерди тикчү элем. Азыр деле бутум менен тигейин десем тигүүчү машинам жок.

Неберем математикадан күчтүү, эсеп-кысапты калькулятордой эле оозеки эсептеп салат. Келечекте ким болсо да аман болсун деп тилек кылам.

Үй салганга жер тилкем жок. Кайрымдуу элим жардам берсе, апамдардын огородунан аяк жагына чакан времянка салып, неберем экөөбүз бөлүнүп кетсек дейм. Элим, менин үмүтүмдү таш каптырбай, жардам берсеңиздер.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Элкарт KICB банк: 9417 0100 3946 1949

Элсом: 9417 0185 3832 6851

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1070, 9-15-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан