Хилола Тиллаева, 32 жашта: “БАЛАМДЫН СӨӨК ЧУЧУГУН АЛМАШТЫРУУ КЕРЕК”

“Башыма чоң сыноо түшүп, оорукчан балдары үчүн элден жардам сурагандардын абалын жон терим менен сезип жатам. Көрсө, жан этиңден бүткөн балаң үчүн баарына кайыл болот экенсиң” дейт каарманыбыз.

“Балам 4 жашында аксай баштады”

– 32 жаштамын, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Баймак айылынын тургунумун. Жолдошум, 3 кыз, 1 уулубуз болуп 2 бөлмөлүү үйдө жашайбыз. Кыздарым быйыл 8, 4, 3-классты бүтүштү. Уулум 1 айдан кийин 5 жашка толот.

Уулубуз 2022-жылдын май айында бир бутунан аксап басып, ооруп, көп жыгыла баштады. Райондук ооруканага 2 ай бою бир топ врачтарга көрсөтүп, текшерттик. Так диагноз коё албай коюшту. Анан Жалал-Абаддагы ортопед врачка алып барсак, ал “жамбашынан жаракат алган” деп 10 күн дарылатты. Дарылаткандан кийин баламдын оорусу күчөп кетти. Ошондо ортопед “бул бизге тиешелүү оору эмес экен. Ошко балдар неврологуна алып баргыла” деди. Невролог текшерип көрүп, онкологго жиберди. Ошентип Ошто балдар онкологиясы бөлүмүнө жаттык. Ал жерден “курч кармаган лимфобласттык лейкоз” деген диагноз коюшуп, 4 курс дарылашты. 6 айдан кийин балам басты. Бирок акыркы курсун алып жатканда баламдын дене табы көтөрүлүп, оорусу кайра козголду. Абалы өтө начарлап кеткенде Бишкекке Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна алып келдик. Мында дарылатып жатканыбызга 1 ай болду.

“Чет өлкөдөн дарылатпасаңар болбойт деп жатышат”

– Врачтар “тезирээк акча таап, Түркиядан сөөк чучуктарын алмаштырып келишиңер керек. Болбосо балаңардан айрылып каласыңар” деп жатышат. Операцияга 90 миң доллар кетет экен.

Биздин анча акча тапканга кудуретибиз жок. Үйүбүздү сатсак деле анча акча болбойт. Сатканга малыбыз да жок. Буга чейин дарыларына деп колдо болгон түзүк, жаңыраак буюмдарыбызды сатып бүткөнбүз.

Эми үмүтүбүз элде калды, элибиз жардамга колун сунса уулума операция жасатып алсак деп зарыгып турабыз. Биз сиздерден жардам күтөбүз.

Балам мурун ыйлап бизди кыйнай берчү эле. Кийинки кезде чыдамкай болуп, ыйлаганы азайып баратат. Сыягы, балалык жүрөгү менен биздин аны айыктырып алууга чоң аракет кылып жатканыбызды сезип, өзүн тынчтандырып жатат окшойт. Чоңойсом врач болом, ооруган балдарды айыктырам деп калат (ыйлап)...

Маалымат үчүн:

Курч кармаган лимфобластык лейкоз – кандын жана сөөк чучугунун залалдуу шишиги. Ак кан оорусу десе да болот. Лейкоздо кандын соо клеткалары рак клеткалары менен аралашып, баланын дене табын көтөрүп, шалдыратат, демиктирет. Денесинде көк-ала тактар пайда болот. Кан агуу күтүлүп, аны токтотуу кыйындайт. Иммунитет алсырагандан организм ар түрдүү инфекцияларга жакын болот. Оору тез өөрчүгөндүктөн сөөк чучугун тезирээк алмаштыруу (трансплантация) керек болот.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Мбанк: 0501 388 190, 0550 898 182

Кыргызстан банк, виза:
4177 4901 6134 9008

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1070, 9-15-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан