ЖЕР ТАЛАШ: ЖЕРДИН ЭЭСИ МЕНЕН ИШЕНИМ КАТЫ БАР ЖАРАН СОТТОШУУДА

Редакциябызга Бактыгүл Анарматова аттуу жаран кайрылып күнөөсүз эле “мыйзамсыз жер саткан” деп айыпталып эки жолу абакка отуруп чыкканын айтты. “Биз саткан жерлер жер мунапысына илинип, трансформация болууга укук алгандан кийин деле мени каматып жиберишти” дейт каарманыбыз. Окуядагы экинчи тарапты да угуу үчүн доогер Дилбара Калдыбаевага кайрылдык, ал аталган окуя такыр башка өңүттө болгон, Бактыгүл Анарматова элди алдаган дейт. Окуянын чоо-жайын иликтеп көрдүк.

Бактыгүл Анарматова, шектүү: “Пайгамбар жашымда мени улам абакка отургузуп кыйнашты”

– Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылындагы 5 гектар 15 сотых жер тилкесин мага ошол жердин ээси Дилбара Калдыбаева жалпы ишеним кат менен берип, “ушул жерлерди сатып социалдык объекттерди куруп бер” деген эле. Бул жер тилкеси мамлекеттен берилген үлүш жер болгон. Негизи Кыргызстанда бардык эле жаңы конуштар мыйзамсыз курулуп, кийин документтештирилген да. Мен да бул жердин тагдыры ошондой болот болуш керек деп жаңы конуш үчүн жол, мектеп, башка социалдык объектилерди курганга деп жер тилкелерди сата баштадым. Бирок ортодо көп адамга алдандым, чынын айтайын. Акимдер баш болуп “доляга” отурушчу. “Биз барып электр мамыларын жула беребиз, бирок силер курулушту токтотпой уланта бергиле, ошондо жеңесиңер” деп өздөрү айтышчу. Акимдер деле бизден көп эле акча жешти. Лилия деген жактоочум бар эле ошонун кеңеши менен “Анар-Бак” деген коомдук уюм ачтым. Ал жактоочу бир күнү “объектилерди куруп баштаганда РИИБден, прокуратурадан текшерип келе беришет, мага 12 жер тилкесин бер, ошолордун оозун жабам” деди. Эртерээк документтери бүтүп, жаңы конуштун жолдору салынып калсын деп ага 12 жер тилкесин бердим. Көрсө, жактоочум мени алдап, эч нерсе бүтүрбөй эле жерлерди сатып өзүнө шаардан 4 бөлмөлүү батир сатып алыптыр. Мени менен кошо Окен деген курбум жер сатчу. Уюмдун чечими, мөөрүн басып ал дагы бир топ адамга мага билдирбей жер сатып жибериптир. Эми жердин ээси Дилбара келип “жерлеримди мыйзамсыз саткан” деп менин үстүмдөн арыз жазып жатат. Биринчисинде менде күнөө жок экенин түшүнүп тосмо арыз жазып бергенде 40 күн СИЗОго отуруп чыккам, экинчи жолу кайра арыз жазып 20 күн абакта отуруп чыктым. Пайгамбар жашына келгенде мени улам-улам оюнчуктай кылып камап, кайра коё берип аябай кыйнашты. Кант диабети менен ооруйм, кан басымым жогору, карыганда мындай сыноону көтөрүү оор экен. Дилбара эми ошол жер сатып алган жашоочуларды мага каршы тукуруп “жерди бошотуп койгула, кимден алсаңар ошондон доолап алгыла, болбосо Бактыгүлгө каршы арыз жазгыла” деп коркутуп жатыптыр. Мага каршы арыз жазгандардын баары жерди менден эмес, Окенден сатып алышкан чынында. Бирок Окендин көзү өтүп кетти. Көзү өтүп кетсе жооп бере албайт деп эми анын кардарларын баарын мага багыттап каматып жатпайбы. Дилбаранын жогорку кызматта иштеген тааныштары көмөктөшүп жатканын билем, болбосо менин ишим жарандык иш катары каралышы керек эле, ошол тааныштарын салып кылмыш ишине айлантып “алдамчылык” беренеси менен мени кайра-кайра каматып жатат. Мына жакында эле үй камагына чыктым. Анын максаты - ошол Окен саткан 60ка жакын жер тилкесин бошотуп кайра сатуу, себеби жер мыйзамы боюнча мунапыс чыккандан кийин ал жерлердин баасы 10 миң доллардан болуп кетти. Бирок убагында ал жер тилкелери 2-3 миң доллар, кээ бири андан арзанга эле сатылган болчу.

Дилбара Калдыбаева, жабырлануучу: “Шектүү Бактыгүл мыйзамсыз жер сатуу боюнча чоң аферист аял”

- 30 жылдан бери мугалим болуп иштейм. Жолдошум 14 жыл мурун каза болуп калган, 3 баланы жалгыз тарбиялап чоңойттум. Кара-Жыгачтагы 5 гектар 15 сотых жер тилкесин биз 2004-жылы Кыргызстандан көчүп кетип жаткан немистерден сатып алганбыз. Ал жер мамлекеттин үлүш жери эмес Бактыгүл айткандай. Айдоо жер, көп жыл тажиктер, өзбектер, түштүктүк туугандар келип помидор, бадыраң тигип дыйканчылык кылабыз деп ижарага алып иштетип жүрүшкөн. Бул жерди сатууга эмне үчүн Бактыгүл Анарматовага ишеним кат жазып бердим? Себеби бул аял ошол айдоо жерди жаңы конуш кылууга документтерин бүтүрүп берем, жол салып, социалдык объектилерди куруп берем деп убада берген. Мен ага ишенип ишеним кат жазып берсем, ал “Анар-Бак” деген коомдук уюм түзүп, ошол уюмдун чечими менен эле мөөр басып жерлерди сатып жибериптир. Бул уюм багбанчылык багытында гана иш жүргүзүшү керек негизи, жер сатканга мыйзамдуу укугу жок. Ошол жерлерди сатып алган карапайым эл деле байкуш сабатсыз, кантип уюмдун чечими, мөөрү менен эле жер ала беришкен билбейм. Мага 1 гектар жердин акчасы деп 30 миң доллар гана берди, калганын эмне кылганын билбейм. Өзүм мугалим болуп иштегендиктен 1 гектар жерди атайын мектеп салалы деп бекер бердим, мага “мектепти күйөөңдүн атынан коёбуз” деп да алдаптыр. Ошого жүрөгүм жумшарып кетти окшойт. Мектепке деген жерди өзүнүн карыздарына берип салыптыр. Азыр сотто анын иши боюнча 8 том иш каралып жатат, элестеткиле. Ар бири 200 барактан. Бул аял 30 жолу абакка кирип чыгыптыр, толтура адамды сыздаткан. Бул айым жалгыз эмес, 4-5 жан-жөкөрү бар, ошолор менен чогуу мафия болуп жер сатышат. Биздин Кара-Жыгачка чейин Ак-Ордо, Сокулук, Өскөн-Ордонун баарына “бомба” таштап келген экен. Башында 70 миң сомго, кийин акция кылып “5 киши алып келип жер алсаң, алтынчы жер тилкеси бекер берилет” деп сатып жүргөнүн билдим. Мен баарын доолаган жокмун, үй салынып калган жер тилкелеринде жашоого уруксат бердим. Бирок 50дөн ашык жер тилкеси бар бош, кээ бирине пайдубал куюлган. Ошол Бактыгүл саткан жерлердин акчасын же жер тилкенин өзүн кайтарып берсин. Бактыгүл балдар кыздарына батир алып, там салып, унааларды алып берди, мен 3 балам 2 неберем менен 3 бөлмөлүү үйдө жашайм. Эмнеге менин акымды, балдарымдын акысын бейтааныш бирөө жеп, жыргап жашашы керек? Мен мыйзамдуулукту талап кылам. Укук коргоо органдары деле бирөө арыз жазса эле баса калып камай бербейт болуш керек, Бактыгүлдүн үстүнөн арыз жазгандар толтура. Жерден жок же акчасынан жок канча адам сыздап жүрөт.

Аламүдүн РИИБи: “Шектүүгө алдамчылык беренеси менен иш козголгон”

– Кара-Жыгач айылынын тургуну К.Д. Аламүдүн РИИБине аталган айылда жашаган А.Б. аттуу жаран анын жер тилкесин тескөө укугу менен өз атына ишеним кат алып мыйзамсыз сатып жүргөнүн айтып арыз менен кайрылган. А.Б. жер ээси жазып берген ишеним катын пайдаланып, багбанчылык боюнча коомдук уюм ачып, ошол уюмдун чечими менен жерлерди 4 сотыхка бөлүп, жеке турак жай куруу үчүн досу аркылуу башка адамдарга сатып жиберген. Ошондой эле жеке турак жай курууга документ жасатып берем деп 8 адамга жер тилке саткан. Ал жарандар да арыз менен кайрылган. Бардык арыздар Чүй ОИИБде катталып, тергөөчүлөр тарабынан кылмыш-жаза кодексинини 207-беренеси (башка бирөөнүн жер тилкесин өз алдынча басып алуу) жана 207-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголду. 2023-жылдын 10-майында кылмышка шектүү катары 1962-жылы туулган А.Б. кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Кылмыш ишин иликтөө уланууда.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1070, 9-15-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан