АЙРШИР – 7 тонна сүт берген уй породасы

Дүйнө жүзүндө 200дөн ашык уй породасы бар. Акыркы жылдары кыргыз фермерлери чыгашасы азыраак, кирешеси көбүрөөк жана Кыргызстандын климатына ыңгайлашып кете алчуларын асырап жатышат. Алардын бири – сүт багытындагы айршир породасы.


Багуу

Кыргызстандын 3 облусунда бакканга ылайыктуу

Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарында көбүрөөк багышат. Калган аймактарда аба ырайы абдан ысык эмес, тоо түбүндөгү айылдарда бакса болот. Бир уйдун баасын анын 6-7 айлык сүтүнүн кирешеси эле жаап коёт.

Уйлар 7-9 жыл катары менен тууп бере алат. Музоолору бат телчигип, эрте жетилет. Туугандан кийин 305 күнгө чейин саадырат. Ургаачы торпокторду туулганына 16-18 ай болгондо (жалпы салмагы 320-350 килограммдын тегерегинде) уруктандырса болот.

Адатта биринчи тууттагы кунаажындарда маститке чалдыгуу коркунучу көп. Андыктан эмчегинин чийилген, тилинген жерлерин дароо дары май сүйкөп айыктыруу зарыл. Убагында бруцеллёз, шарп, чечек жана кутурма дарттарына каршы эмдетүү керек.

Уйлар тоютту ылгабай жегендиктен тоют менен кошо темир, мык, зымдарды жутуп алышат. Натыйжада жем-чөп жеши начарлап, арыктап кетет. Андыктан короодо кооптуу нерселердин болбошуна көз салуу керек.

Чыктуу тоют (сенаж, силос) жана кургак чөп, жемдерден арпа, буудай, жүгөрү, сулу жана комбикорм ылайык. Уйлардын сүтү кыш мезгилинде кескин азаят. Рационуна майдаланып тууралган кант кызылчасын кошсо сүтүнүн көлөмү көбөйөт. Суу менен туз 24 саат жанында турушу кажет. Ар бир уй 1 күндө орточо 70 литрдей суу ичет.

Турган жери кургак болуп, өтмө шамал (сквозняк) болбошу шарт.

Кышкысын уйлар камалган короонун ичиндеги температуранын 15 градус жылуу болушу талапка ылайык.

Уйлар бир суткада 20-25 килограммга чейин заң бөлүп чыгаргандыктан алардын байланган жерин такай тазалап туруу шарт. Антпесе сандары, желини булганып тез эле шакмар болуп кетет.

Музоолоруна кам көрүү

Музоолору 26-30 килограммдын тегерегинде туулат. Жакшы бакса букачарлары суткасына 800-900 грамм салмак кошуп, 1 жылда 350-380 килограммга жетип калат. Музоолору ооруп калбашы үчүн ириген муздак сүт жана сапатсыз тоют бербөө керек. Суукта калса же сызда узакка кармалса же сызда жатып калса өпкөсүнөн кагынып калышат. Эгер дем алышы оор болуп калса ветеринарды тезинен чакыруу керек. Тоютта витаминдер жетишпесе дененин өсүшү токтоп калат.

Мирбек Бөрүбашев, фермер: “Уруктар АКШдан алынып келинет”

– Айршир породасындагы уйлардын өзүн, торпогун базардан сатып алса болот. Чоң уй болжол менен 110-120 миң сомдун тегерегинде. Же букаларынын уругу менен кадимки уйду уруктандыруу кажет. Анда 4-муундагы торпок таза кандуу айршир болуп эсептелинет. Биз асыл тукум породадагы букалардын уруктарын АКШдан алып келебиз. Документтеринде аттары, алардан алынган ургаачы торпоктор кийин канча литр сүт берери жазылган. Уйларды туугандан кийин 20-24 же 45-50 күн аралыгында уруктандыруу талапка ылайык. 1 уйду уруктандырууга 1 доза жетет. Жасалма жол менен уруктандыруунун артыкчылыгы жыныстык органдар аркылуу жугуучу дарттардын алдын алат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1071, 16-22-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан