“SHINEE” ТОБУ 15 ЖАШТА!

К-рор маданиятынын чек арасын кеңейткен корей артисттеринин сыйлуу тизмесинде “SHINee” тобу да бар. 15 жыл бою чоң сахнада жылдызы жануу бир топ эмгекти талап кылат. Албетте, ортодо ар кандай себептер менен чыгармачылыктан тыныгуу алган учурлар болду. Бирок музыкант жигиттер кайрадан биригип, топтун 15 жылдык мааракесине арнап концерттик турнеге чыкканы турушат.

Мекени: Түштүк Корея, Сеул шаары

Дебют: 2008-жыл, 25-май

Топтун мүчөлөрү: Оню, Ки, Минхо, Тэмин

Лейбл: S.M. Entertainment

“ЖАРЫК АЛЫП КЕЛҮҮЧҮЛӨР”

Топтун алгачкы дебютун күйөрмандары “сахнага жарык чачып чыгышкан” деп эскеришет. Бекеринен топтун аталышы “жарык алып келүүчүлөр” деген маанини билдирбесе керек. 2008-жылы “SHINee’нин” “Replay” аталышындагы дебюттук музыкалык альбому дароо музыкалык чарттардагы ТОП-10дукка илинген. Таланттуу мырзаларды топтогон агенттик “SHINee’ни” “келечекте музыка дүйнөсүндө эле эмес, бий, мода тармагында да көпчүлүккө жол салган топ болот” деген эле. Чынында эле “SHINee’нин” тренди” деп алардын кийген кийимдерин, бийлеген бийлерин, ырдоо стилин туураган жаштардын саны өтө эле көп. “Forbes” басылмасы болсо 2014-2016-жылдары топтун жигиттерин “Эң таасирдүү кореялык атактуулар” тизмесине кошкон. Башынан эле “SHINee” жандуу ырдаган жана синхрондуу, татаал хореографиясы менен таанылган мыкты кореялык топтордун бири. “Мыкты альбом” сыяктуу сыйлыктардан сырткары “Мыкты бий” номинацияларында да жеңиштери көп. 15 жылдык тарыхында дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүн кыдырып күйөрмандарын өз музыкасы менен сугарган топ жыйырмага жакын альбом чыгарган.

ТОПТУН ЖОГОТУУСУ

2017-жылы Япониядагы ийгиликтүү концерттик турнеден кайткан топ 10 жылдык мааракеге даярдык көрө баштаган эле. Бирок 18-декабрда "топтун ырчысы Ким Жонхёндун жансыз денеси өз батиринен табылды" деп уккан адамды нес кылган кабар желдей тарады. Расмий түрдө анын өлүмүнүн себебин газга ууланган деп билдиришти. 27 жаштагы жигитти өз өмүрү менен кош айтышууга эмне себеп жеткиргени белгисиз бойдон калды. 2018-жылы “SHINee’ни” 10 жылдыкка жана Ким Жонхёндун жаркын элесине арнап концерт беришти. “Биз 10 жыл бою баарыбыз талыкпай эмгек кылдык. Жонхёнду жоготкондон кийин өзүбүздү колго албасак, эмгегибиздин баары текке кетмек. Жонхён бизди кечирмек эмес” деген ырчыларды күйөрмандары колдоп алышты.

ТЫНЫГУУ ЖАНА КАМБЭК!

Топтун алгачкы тыныгуусу 2018-жылдын ноябрь айында Онюнун аскер кызматын өтөөгө кетүүсү менен башталган. Бир жылдан кийин Ки, анан Минхо, акырында Тэмин мекен алдындагы милдетин өтөп келишти. Тэмин быйыл апрелде аскер кызматынан бошоду. Күйөрмандары менен жолугушууда Тэмин топтун келечектеги пландарына токтолуп, “быйылкы жыл - “SHINee’нин” жылы болот. Сонун камбэкке күбө болосуздар” деп кубанычтуу кабары менен бөлүштү. 23-24-25-июнда Сеулда “SHINee’нин” 15 жылдык чыгармачыл кечеси өтөрү белгилүү болду.

Минхо (Чве Мин Хо)

Туулган жери: Түштүк Корея, Инчон

Туулган жылы: 1991-жыл, 9-декабрь

Жылдыз белгиси: жаачы

Бою: 181 сантиметр

Кесиби: ырчы, актёр, модель

Минхонун ырчылык таланты күчтүүбү же актёрлугубу? Бул суроого так жооп бере албасам керек. Анткени топтун башка ырчыларына караганда кино дүйнөсүндө эң көп жүргөн, кинодон өзүн тапкан дал ушул Минхо болду окшойт. 2010-жылы биринчи жолу “Пианист” сериалына тартылган. Андан сырткары “Медицинанын генийлери”, “Хваран”, “Юминин клеткалары”, “Чансари үчүн күрөш”, “Экөө”, “Укмуштуулар” сыяктуу бир нече өлкөлөрдө популярдуу болгон долбоорлордо роль жараткан. Минхо атактуулар арасында өткөн спорттук иш-чараларда өзүн жогорку деңгээлде көрсөтөт. Буга анын кичинесинен спортко жакын болуп чоңойгону себепкер. Анткени атасы Түштүк Кореяга белгилүү футбол машыктыруучусу. Минхо да профессионал футболчу болгусу келген. Бирок атасынын каршылыгынан кийин чыгармачылыкка ооп кеткен.

Оню (чыныгы аты-жөнү Ли Жин Ки) – топтун лидери

Туулган жери: Түштүк Корея, Кванмён

Туулган жылы: 1989-жыл, 14-декабрь

Жылдыз белгиси: жаачы

Бою: 178 сантиметр

Кесиби: ырчы, актёр, модель

“Башкаларды бактылуу кылыш үчүн адам биринчи кезекте өзү бактылуу болушу керек” деген Онюну “SHINee’нин” лидери катары тааныйбыз. Ошол эле учурда ал жеке ырчы катары да атын тааныта алды, соло альбомун чыгарды, чет мамлекеттерди кыдырып концерт коюп жүрөт дегендей. Андан сырткары кино тармагында да өзүн көрсөтө алды. Онюну кайсы дорамадан көрдүм эле деп эстей албай жатсаңыз, “Күн мураскерлери”, “Афина: Согуш Кудайы”, “Таза сүйүү” жана башкалар.

ТЭМИН (ЛИ ТЭ МИН)

Туулган жери: Түштүк Корея, Сеул

Туулган жылы: 1993-жыл, 18-июль

Жылдыз белгиси: бөйөн

Бою: 175 сантиметр

Кесиби: ырчы, бийчи, актёр, модель

Кичинесинде учкуч болом дечү. 6-класста окуп жүргөндө кыялы алмашып, бийчи болууну көздөп калган. Ошондон ушул күнгө чейин бош убакыт тапса жаңы бий кыймылдарын тапканга аракет кылат. Топтун башка мүчөлөрү сыяктуу эле Тэмин да өзүн жеке ырчы, бийчи, мыкты чыгармаларды жаза алган автор катары тааныта алган. Тэминдин актёрдук талантын “Афина: Согуш Кудайы”, “Керемет”, “Таанышуу агенттиги: Сирано” жана башка сериалдардан сынай аласыз.

КИ (КИМ КИ БОМ)

Туулган жери: Түштүк Корея, Тэгу

Туулган жылы: 1991-жыл, 23-сентябрь

Жылдыз белгиси: бийкеч

Бою: 177 сантиметр

Кесиби: ырчы, рэпер, актёр, модель, дизайнер

“SHINee’нин” курамына кошулуп дебют жасаганга чейин Ки башка ырчылардын клиптеринде бийчи катары тартылып жүргөн. Азыр белгилүү ырчы, рэпер, ырлардын автору, модельер, мюзикл актёру катары да таанымал. Ал эми тартылган сериалдары негедир аз санда гана: “Жалгыздыкта ичкендер” жана “Сактоочулар”. Университетте “Тасма жана мюзикл” бөлүмүндө билим алган. Сыягы, мюзикл тармагы Киге көбүрөөк жагат окшойт.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1071, 16-22-июнь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан