Асылбек Базаркулов, төрөттөн каза болгон аялдын агасы: “КАРЫНДАШЫМ “МЕНИ ВРАЧТАР ЖАКШЫ КАРАБАЙ ЖАТЫШАТ” ДЕГЕНДЕН КИЙИН КАЗА БОЛУП КАЛДЫ”

Төрөттөн дагы бир аялдын өмүрү кыйылды. Анын жакындары окуяга врачтарды күнөөлөп жатышса, врачтар “төрөт учурунда кан басымы көтөрүлүп кетти” деп алакан жайышууда. Тийиштүү экспертизалар дайындалды, чындыгы билинер. Ага чейин окуянын кандай болгонун айткан маркумдун агасынын пикирине көз салалы.

“МАЙЛУУ-СУУДА АКУШЕР ЖОК, КОШ БОЙЛУУ АЯЛДЫ ЖАЛАЛ-АБАДГА ЖӨНӨТҮШКӨН”

– Майлуу-Суу шаарында жашайбыз, үй-бүлөдө 7 бир тууганбыз. Төрөттөн каза болгон карындашым Айпери Базаркулова эң кичүүбүз болчу. 31 жашында төрөткананын врачтарынын кайдыгер мамилесинен улам каза болуп отурат.

Окуя мындай болгон: Карындашым көз жарарга жакын “жакында көз жарам, балдарды карашып туруңуз” деп апамды үйүнө чакырган эле. Апам балдарын карашып жүргөн, жолдошу – күйөө балабыз чет өлкөдө иштейт. Төрөй турган күнү карындашым “ичим тартышып жатат” деп кыйналып үйдө ары-бери басып жүрүптүр. Апам толгоосу башталган окшойт деп дароо Майлуу-Суудагы төрөтканага жиберет. Ошентип 10-июнь күнү эртең менен Майлуу-Суудагы төрөтканага барса акушер жок экен. Мына биздин абал, канча жылдан бери Майлуу-Сууда акушерге жарыбадык, төрөйм деп барган келиндерди “Кочкор-Атага же Жалал-Абад шаарына бар” деп айдашат. Мага карындашым “аке, мени Кочкор-Атага алып барыңызчы, бала чоң экен, төрөтө албайбыз деп жатышат” деп чалып калды. Мен ал учурда Бишкекте элем, дароо аялыма чалып “Айперини Кочкор-Атага төрөтканага алып бар, Майлуу-Сууда акушер жок экен” дедим. Аялым барса иним, келиним, жана дагы бир коштоочу медайым болуп Жалал-Абадга жөнөгөнү жатышыптыр. Ошол жерден медайым аялыма “сиз барбай эле коюңуз, абалы жакшы эле” дегенде аялым макул болот. Жалал-Абад облустук төрөт үйүнө кечки саат 10до барышат. Бирок ал жердеги дарыгерлер “өзүбүз жетишебиз” деп Майлуу-Суудан коштоп барган медайымды киргизбей коюшуптур. Сыртта иним менен келиним күтүп турушкан. Карындашым киргенде иниме “кетпей туруңуз, мага акча керек болуп калышы мүмкүн” деп чалыптыр. “Кетпейбиз, каякка кетмек элек” деп күтүп турган. Акушерлер төрөт залына толгоо тартып жаткан аялды киргизип коюп эле өздөрү басып барышпайт экен угушум боюнча. Саат 11лерде карындашым инимдин аялына “жеңе, мени дарыгерлер карабай жатышат, толгоом да келип калды” деп чалыптыр. Акыркы чалганы ошол болуптур, ошондон 2 сааттан кийин каза болгонун угузушту. Эшикте иним менен келиним күтүп турса “Базаркулованын акеси сизби, мага 1000 сом бере калыңыз жүрөгүн тарттырып келиш керек” деп бир медайым чуркап чыгып инимден акча алып кеткен экен. Көп өтпөй кайра “кереги жок болуп калды” деп 1000 сомун кайтарып бериптир.

“ДАРЫГЕРЛЕР БИЗДЕН УРУКСАТ СУРАБАЙ ОПЕРАЦИЯ КЫЛЫШКАН”

– Карындашым каза болгондон кийин барып ызы-чуу салдык. Төрөткананын директорунун орун басары “баланын жүрөгүнүн согушу жайлап кеткенине байланыштуу өмүрүн сактап калалы деп кесарево кылганбыз” деди. Башка дарыгер башында бизге суук кабар угузганда, “карындашыңыздын жүрөгүндө шишиги бар экен, сактай албай калдык” деген эле. Жалал-Абад ОИИБине арыз жазганбыз, аларга врачтар “бейтаптын кан басымы көтөрүлүп кеткен” деп айтышыптыр. Сөздөрү бири-бирине дал келбей жатат. Анан эмнеге бизден уруксат сурабай операция жасашат? Жок дегенде бейтаптын өзүнөн уруксат алып операция жасаш керек эле го. Көрүнүп эле турбайбы, дарыгерлер карабай коюшкан. Карындашым саат 10до кабыл алынып, 11де жеңесине чалып жатат “мени карабай жатышат, жанымда бир жан жок, толгоом башталды” деп. Бир саатка жакын эч ким карабай койгон. Төрөтканада пол жуугучунан баштап, медайым, акушерине чейин бүт акча үмүт этип отургандар. Ишенбесеңер, ошол төрөтканадан төрөп чыккан аялдардын баарынан сурагыла. Белчебизден коррупцияга баттык го, акчасы жоктор эмне кылышат, өлүп кете беришеби? Күйөө балам “аке, мусулманчылыкты сактап сөөктү кестирбей эле коёлу” деди эле макул болгон жокмун. Мен бул окуянын аягына чыгам, Гиппократтын антын берип, бирок өз жумушун так аткарбагандар жазалансын. Керек болсо Бишкекке чейин барып, президентке кайрылабыз. Сөөктү сойдурганбыз, учурда медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Бул окуяда карга карганын көзүн чукубайт болуп кетпеши керек. Биз азыр карындашымды ким төрөткөнүн да билбей жатабыз, бизди киргизбей медайым, санитаркалар кайтаруучу болуп жатышат. Бирок ошол жакта жаткан айымдардын айтымында бир “белгилүү” бөлүм башчы төрөтүптүр. Анын колунан буга чейин көп кош бойлуу аялдар каза болгон экен. Өзүңөр иликтесеңер болот. Эмне кереги бар өз кесибин билбеген акушердин? Бирөөнүн өмүрү эмне оюнчукпу? Андайларды 1 мүнөт да кармабай жумуштан бошотуш керек. Карындашымдын 6 жана 4 жарым жаштагы эки уулу бар эле. Үчүнчүсү кыз экен деп аябай сүйүнүп жатышкан, минтип ал кызы да эне мээримин көрбөй өсөт эми. Учурда жаңы төрөлгөн ымыркайды эжем карап жатат, уулдары атасынын колунда. Төрөгөнгө чейин карындашым эч кандай сыркоолоп, эч жери ооруган эмес. Төрөтканага эки буту менен кирип, жансыз денеси чыкты.

Сабира Борбуева, медайым: “БАЛАНЫН БАШЫ ТАЗГА ТҮШПӨЙ ЖАТКАНДА ЧОЧУЛАП ЖАЛАЛ-АБАДГА АЛЫП БАРГАНБЫЗ”

– Мен 10-июнь күнү Айпери Базаркулованы Жалал-Абад облустук төрөтканасына коштоп баргам. Эреже боюнча биз төрөткананын кабылдамасына өткөрүп бергенден кийин ары кире албайбыз, ал жактын өздөрүнүн медайымдары, дарыгер-акушерлери болот. Айперинин абалы жакшынакай болчу, сүйлөшүп эле барганбыз. Алгач бизге Майлуу-Сууга келгенде биздин акушер карап, “баланын башы бийик, тазга түшө элек, келиндин каны да аз экен, кокус операция болуп калса биз кыла албайбыз” деп облустук төрөтканага жөнөттү. Чынында бизде акушерлер бар, бирок 5 жылдан бери гинеколог дарыгерибиз жок. Облустук төрөткананын кабылдамасынан да “таз 8 сантиметр ачылыптыр, бирок баланын башы бийик экен” деп жатышты. Аягында мен коштоп барган келин көз жумганын билдик.

Жалал-Абад ШИИБи: “ТИЕШЕЛҮҮ ЭКСПЕРТИЗАЛАР ДАЙЫНДАЛЫП, ТЕРИШТИРҮҮ ЖҮРҮП ЖАТАТ”

– 2023-жылдын 10-июнунда Жалал-Абад облустук төрөт үйүнүн дарыгери Жалал-Абад ШИИБине телефон чалып, Майлуу-Суу шаарынын 1992-жылы туулган тургуну төрөттөн кийин кан басымы көтөрүлүп, каза болуп калгандыгын билдирген.

Ошондой эле каза болгон айымдын жолдошу Жалал-Абад ШИИБине арыз жазып, арызда жубайы аталган төрөт үйүнүн медицина кызматкерлери жакшы карабай койгондуктан каза болгондугун айткан.

Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБинин электрондук каттоо журналына катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Азыркы учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинен комментарий алуу үчүн байланышканыбызда өлкөнүн башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева учурда медициналык экспертизалардын жыйынтыгы чыга электигин, 10 күндүн ичинде жыйынтык чыкса, кызматтык териштирүүлөрдүн натыйжасы менен кошо чечим кабыл алынарын билдирди.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1073, 30-июнь - 6-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан