ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 3-июлдан 9-июлга чейин

КОЙ (21.03–20.04)

Алдыда сиз аткарчу көп түйшүктүү милдеттер турат. Анын ичинде ишканаңыз үчүн өнөктөштөрдү табуу, татыктуу кадрларды издөө менен байланышкан иштер бар. Үйүңүзгө күтүүсүз конок келет, бирок ага анчалык деле кубанбайсыз. Үй-бүлөдө ызы-чуу күтүлбөйт, жан шеригиңиз менен бир катар маанилүү маселелерде бир пикирге келе аласыз. Алыстагы жакынына сагынычы, кусалыгы артып жаткандар сагынган адамы менен кез келишет.

БУКАЧАР (21.04–20.05)

Жайкы ысыкта көп жүрүп сыркоолоп калышыңыз мүмкүн. Андыктан жылдыздар сизге үйдөн көп чыкпоону сунушташат. Турак жайыңызда техникалык бузулуулар болуп сизге ыңгайсыздык жаратат. Үйгө кирчү уурулардан сак болуңуз. Каржы маселесинде эсеп-кысапка так болбосоңуз, алдамчылардын кылтагына илинип калышыңыз мүмкүн. Дем алыш күндөрү кирешелүү сатууларды жасап, үй-бүлөлүк бюджетти толтурасыз.


ЭГИЗДЕР (21.05–21.06)

Сизди сюрприздер күтөт. Буга чейин начар мамиледе жүргөн таанышыңыз менен мамилеңиз оңолот. Бирөөдөн карызга акча алган болсоңуз, аны кайтарып берүүнү талап кылып башташы мүмкүн, андыктан жаныңызда такай накталай акча болушу керек. Жеке жашооңуз позитивдүү окуяларга бай болот. Таарынышып жүргөн түгөйлөр жарашып, коломто отун тутантышат. Бойдоктор сүйүктүүсүн таап романтикалык мамиле башташат. Дос табууда да жолдуу болосуз.


БӨЙӨН (22.06–22.07)

Бөйөндөр кесиптик жетишкендиктери үчүн бааланышат. Эгерде сизди акчалай түрдө сыйлашса, анын кайсы бир бөлүгүн жеке керектөөңүзгө жумшаңыз. Мындан тышкары ири сатып алууларды жүргүзөсүз. Жылдыздардын эскертүүсү: сүйүктүүңүзгө абдан ишенбешиңиз керек. Айрыкча, сиздин романтикалык мамилеңер жаңы башталган болсо. Алыста жүргөн ата-энеңиз менен жолугушууга шарт түзүлөт.


АРСТАН (23.07–23.08)

Жумушка орношуу же каржы тармагына байланыштуу маселе тез жана көйгөйсүз чечилет. Үй-бүлө куруу үчүн деп таанышкан адамыңыздын сизге карата мамилеси олуттуу эмес экенин байкайсыз. Кызганычты агрессияга айлантып албаңыз, эгер сиз күмөн санаган нерселерди сүйүктүүңүз далилдесе, аны акырын өз жолуна салганыңыз туура. Дем алыш күндөрүн жагымдуу атмосферада жакындарыңыз менен өткөрүңүз.


БИЙКЕЧ (24.08–23.09)

Сизди кесипкөйлүк боюнча ийгиликсиздикке айыптап, келбетиңиздеги кемчиликтерге чейин жемелегендер болсо, кулак салбаңыз. Терс реакция кылам деп ал адамдын деңгээлине түшкөн туура эмес. Бирок жакындарыңыздын биринен адилеттүү сын угасыз, өз кемчиликтериңиз менен күрөшүп гана ийгиликке жете аларыңызды түшүнөсүз. Сүйүктүү адамыңыз сизден алыстап, жолугушуулар чанда болуп жатса, аны айыптабаңыз.


ТАРАЗА (24.09–23.10)

Сиз үчүн апта оор болот. Ашыкча иштөө кара күч жана эмоционалдык абалыңызды чыңап, күчтүн, сергектиктин жоголушуна алып келет. Бүтүрүүгө зарыл болгон жумуштарыңыз канчалык көп болсо да активдүүлүгүңүздү басаңдатып туруңуз, болбосо ички абалыңыз ого бетер оорлошот. Бул күндөрү кандайдыр бир чыр-чатакты жөнгө салуу, соттук териштирүүлөр менен байланышкан иштер натыйжалуу аяктайт.



ЧАЯН (24.10–22.11)

Жумуштагы атаандаштарыңыздан арылууга мүмкүнчүлүк аласыз. Бирок алар сизге каршы өтө катаал иш-аракет кыларын унутпаңыз, андыктан аларды торго илүү тактикасын кылдаттык менен карап көрүңүз. Бойдок болсоңуз, үй-бүлөлүү адам менен мамиле куруудан этият болушуңуз керек. Өзүңүзгө ашыкча баш оору жаратышыңыз мүмкүн. Медициналык кеңеш алууда билем деген адамдарга эмес, адистерге гана кайрылыңыз.


ЖААЧЫ (23.11–21.12)

Сизди абдан олуттуу сүйлөшүү күтүп турат. Ал айрымдардын кийинки жылдардагы – келечектеги тагдырын аныктайт. Башкалар сизге абдан маанилүү, бирок анча жагымдуу эмес сырды ачып беришет. Жакын адамыңыз тууралуу көп кабатырланасыз. Анын көйгөйү сизди кайдыгер калтырбайт. Оор учурларда өзүңүздү сабырдуу, салкын кандуу кармаңыз. Анткени көп нерсе сиздин так аныкталган аракеттериңизден көз каранды болот.


ТЕКЕЧЕР (22.12–20.01)

Айлыгы жогору жумуштан бош орун табылып, чакыруу аласыз. Ишкерлер киреше алып келчу жаңы долбоорду өздөштүрүп кетишет. Жакын туугандарыңыз менен тил табышып, компромисске келесиз. Өзүңүздүн аракеттериңизге нааразы болгон сезим пайда болушу мүмкүн. Бирок бүтүм чыгарып өзүңүздү бир жактуу айыптоодон сак болуңуз, бул жөн гана көз ирмемдик маанайдын таасири болушу ыктымал.


СУУ КУЯР (21.01–19.02)

Жайкы ысыкка карабастан жумушка болгон каалооңузду күчөтүңүз. Азыр иштеп албасаңыз, кийин кеч болуп калат. Туугандар менен жолугушуу, достор менен шерине уюштуруу сыяктуу көңүл ачууларды жыйыштырып турганыңыз оң. Сүйүүдө өз талабыңызды айтып, аны аткартууга көбүрөөк аракет кылыңыз. Болбосо талаптар айтылып, бирок аткарылбай жатканы өзүңүзгө байкалбай жатышы мүмкүн.


БАЛЫК (20.02–20.03

Пландарыңыз ишке ашып, жеңилдей түшөсүз. Жумуштан алыстап, тоого чыгып сергип келүүгө болот. Банктан насыя алуу сунушталбайт. ЖОЖго, орто окуу жайга тапшыруу аракетиңиз да ийгиликтүү болот. Балыктар гардеробун жаңыртып, стилин өзгөртүшөт. Мындай өзгөрүү жашооңузда да бурулуштарды алып келиши мүмкүн. Тиричилик буюмдарын этиятсыздык менен колдонуп жаракат алып калуудан сак болуңуз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1073, 30-июнь - 6-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан