ЛИ ЖУН ХО

Учурдун популярдуу жылдыздары менен тааныштырууну улантабыз. Бул ирет түштүк кореялык таланттуу инсан Ли Жун Хого кызыгуубуз артты. Алгач “2РМ” тобунун вокалисти катары дүйнөгө таанылган мырза азыр актёрдук таланты менен да күйөрмандарынын жүрөгүн багындырууда. “Чыгармачылыкка келгенде ач көзмүн. Киного тартылып жатканда сахнада бийлеп, ырдагандарды көрсөм дароо сахнага чыккым келет. Үйдө кино көрүп жатып деле кызыктуу тасмага тартылгым келип кетет. Музыканы да, кинону да таштагым келбейт. Көп убакытка чейин эки тараптуу иштегенге мүмкүнчүлүк болсо экен” дейт ал.

Туулган жери: Түштүк Корея, Коян

Туулган жылы: 1990-жыл, 25-январь

Жылдыз белгиси: Суу куяр

Бою: 178 сантиметр

Кесиби: ырчы, композитор, бийчи, актёр

Тартылган белгилүү сериалдары: “Шеф Ким”, “Только между влюблёнными”, “Вок любви”, “Красный манжет рукава”, “Король земли”, “Знаменитость” жана башка

КЫЯЛГА КАРАЙ ЖОЛ...

Активдүү, шайыр, энергияга бай бала эле. Эс тартканы битбокс, бийге тартыла баштады. Анан да Жун Хонун келбети бир эле Түштүк Кореяга эмес, көптөгөн өлкөлөргө таанымал ырчы, актёр Рейнге окшош болчу. “Окшош экенсиңер деген сөздү көп уга берип өзү да атактуунун чыгармачылыгына берилип кеткенин байкабай калган. Рейндин ырларын ырдап, бийлерин дал өзүндөй кылып туурап бийлеген баладан адашып кол тамга алгандар да бар болчу. Кийин өзү чыгармачылыкка аралашып калганда “Рейнге окшошом деп пластикалык операция жасаткан деген кептер чыкканда Жун Хо капа болгонун эстейт.

Ата-энеси, эжеси анын чыгармачылыкка талпынуусун колдошот эле. 16 жашында таланттарды тандаган "Superstar Survival" сынагына катышуусуна үй-бүлөсү түрткү болгон. 6 миңден ашык катышуучунун арасынан суурулуп үчтүккө кирүү оңой иш эмес. Музыкалык сынактын аягына чейин жеткен 3 катышуучу (арасында Жун Хо да бар) белгилүү JYP Entertainment агенттигине стажёр болуп алынган. Бул каарманыбыздын көптөн күткөн кыялына, тагыраагы, профессионалдык сахнага жасаган алгачкы кадамы болчу.

“2РМ”

2 жыл агенттикте тажрыйба топтоп, окуган жигит алгач “One Day” музыкалык тобуна кирет. Бирок топ экиге бөлүнүп: “2АМ” жана “2РМ” деп, Жун Хо экинчисине кошулган. 2018-жыл, Түштүк Кореянын ар тарабынан ийгилик издеп келген 7 жигит “2РМ” деген топко биригип дебют жасашкан. Хит артынан хиттер жаралып, альбомдор жазылды, дүйнөлүк турнелер болду. Топтун кээ бир мүчөлөрү жеке карьерасын куруп кетишти. 2016-жылдан 2021-жылга чейин ырчы мырзалар милдеттүү түрдө мекен алдында аскердик кызматын өтөгөнү үчүн ортодо бир нече жыл тыныгуулар болду. Топ “толук курам менен концерт беребиз деп күйөрмандарына сөз берип келишет. Бирок жеке карьераларынан бош убакыт таба албай жатышабы, айтор, “2РМ” камбэк жасай элек. Ошентсе да топтун аты корей музыка тарыхында чоң тамгалар менен жазылып калды десек болот.

ЫРЧЫ ЭЛЕ ЭМЕС...

Кайрадан Жун Хого кайрылалы. Анын ырчы эле эмес, композитор, акындык өнөрү бар экени 2011-жылы белгилүү боло баштаган. Жун Хонун калемине таандык «Give It To Me» ыры “Сокур” тасмасына саундтрек катары кабыл алынса, экинчи «Move On» чыгармасы Японияда популярдуу болуп кеткен. Дебюттук «Kimi no Koe» альбому 2013-жылы жарык көрүп, ырчы мырзанын соло ырчы катары карьерасы башталганын жар салган. Экинчи альбомдогу бардык ырлардын сөзү да, обону да Жун Хого таандык. Кызыгы, ырчы мырзанын Японияда күйөрмандары көбүрөөк. Андыктан концерттик турнелеринде сөзсүз бул өлкө тизмеде болот.

КЕЗЕКТЕ КИНО!

Музыкада жараткан ийгиликтеринен кийин Жун Хо кино тармагына баш багып көргөн. Негизи 2013-жылы эле тасмага тартылып дебют жасаган, бирок экинчи пландагы роль болгондуктан көпчүлүккө билинбей калган. Ал эми 2015-жылы чыккан “Жыйырма” тасмасы анда актёрдук таланттын бүдүрү бар экенин көрсөттү. Жылдан жылга тажрыйба топтоп, үйрөнчүктөн профессионал актёрлордун катарына кошулуп калган таланттуу мырза күйөрмандарына ондогон кызыктуу кино образдарды жаратканга жетишти.

Учурда популярдуу болуп жаткан “Король земли” дорамасына токтоло кетпесек болбос. “Сериал романтика-комедия жанрында. Көргөнгө жеңил, оңой көрүнгөнү менен бул жанрда көрүүчүнүн кызыгуусун арттыруу оор иш. Кошумча бул жанрда канчалаган тасмалар бар. Демек, окшоштуктар болбой койбойт. Ошентсе да дорамага өзүбүздүн өзгөчөлүгүбүздү кошконго аракет кылдык дейт Жун Хо. Адаттагыдай эле сериал экранга чыккандан көп өтпөй Жун Хо менен өнөктөшү актриса Юнаны кыз-жигит деген кептер интернет желесинде актуалдуу болду. Атактуулардын агенттиктери “экөө көп жылдан бери жакшы тааныш, достордон. Ортолорунда сүйүү мамилеси жок деген жоопту айтып тим болушту.

ТАЛАНТТУУ МЫРЗА ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА...

  • Битбокс боюнча сынактын чемпиону.
  • Гитара, урма аспаптарда ойнойт.
  • Бойдок, азыркыга чейин кайсы бир кыз менен мамилеси ачыкка чыга элек.
  • Мышык бакканды жакшы көрөт.
  • Баритон үндүү ырчы мырза 2010-жылы мыкты вокалисттердин тизмесинен 19-орунга ээ болгон.
  • Филантроп. Кайрымдуулук иштерин көп кылат. Ыктыярчы катары Эфиопияга да барып келген.
  • Экстремалдык спорт түрлөрүн жактырат, өзгөчө альпинизмди баалайт.
  • Учкучтун окуусун окуп, лицензия алгандан кийин чакан самолёт сатып алууну кыялданат.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1075, 14-20-июль, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан