«АСМАН ПАДЫШАСЫ»

Тасма таржымалы рубрикабыздын алкагында бүгүн кытайлык кинематографисттердин колунан жаралган “Асман падышасы” киносу тууралуу сөз кылгым келип турат. Кино сынчылардын мактоосуна арзыган тасмада сынакчы-учкучтардын кесиби чагылдырылган. Болгон окуялардын негизинде тартылган тасманы көргөндөн кийин өмүрдүн баалуулугу, адам жанынын морттугу, негизгиси мекенге болгон патриоттуулук, дагы башка көптөгөн сезимдерге чулганарыңыз шексиз. Эмоцияга бай “Асман падышасы” көрөрманды кайдыгер калтырбайт деп ишенем.


Тарткан өлкө: Кытай

Чыккан жылы: 2023-жыл

Жанры: боевик, драма

Режиссёру: Лю Сяоши

Узактыгы: 127 мүнөт

Ролдордо: Ибо Ван, Ван Цинсян, Йош Ю, Пань Биньлун, Тянь Чжуанчжуан, Ху Цзюнь, Чень Тайшэнь, Чжао Цзыци, Чжоу Дунъюй жана башкалар

Бюджети: 48 миллион доллар

Топтогон каражаты: 125 миллион доллар

“Топ Ганга” жооп...

Батыш тасмалары Орусия кинопрокатынан чыгып кеткени башка өлкөлөрдүн кино долбоорлоруна кеңири мүмкүнчүлүк түздү окшойт. Анын сыңары “Асман падышасы” тасмасы орус тилдүү өлкөлөрдө жакшы кабыл алынды. Фильмдин режиссёру Лю Сяоши: “Тасма чыныгы окуялардын, адам тагдырларынын негизинде тартылганы үчүн да көрөрманга жакын болду окшойт. Көптөгөн авиакомпаниялар, учкучтар, жана башка асман мейкиндигине тиешеси бар адамдар менен иштештик. Жыйынтыгында реалдуулукка жакын картина жаралды”,- дейт.

“Асман падышасын” Голливуддун Том Круз башкы ролдогу “Топ Ган” тасмасына жооп дегендер бар. Бирок кытайлардыкы чыныгы жашоого жакын, өз жүзү, өзгөчөлүгү бар тасма экенин көрөсүз. Сынакчы-учкучтар тууралуу бул тасманы улуу-кичүү дебей баары көрсө болот. Анткени ар бир муун өзүнө керектүүнү таба алат. Баса, жашык адамдар бет аарчыңызды алып, ыйлаганга даяр болуңуз. Патриот учкучтар

Ар бир адам эле учкуч боло албайт. Физикалык, психологиялык, моралдык, деги койчу, ар тараптан мыктынын мыктысы болушуң керек. Эң биринчи өзүн, өзүнүн коркунучтарын жеңген адам гана учкуч боло алат. Лэй Ву көптөн үмүттөндүргөн учкуч эле. Ал бир күнү Кытайдын Аба аскер күчтөрүнө кошулат. Учкучтардын алдында жаңы муундагы аскердик учактарды сыноо милдети турган. Аба мейкиндигинде жаңы учакты эле сынабастан, өзүн дагы сынашы керек, башкысы жерге аман-эсен конушу зарыл. Бул милдет баарынын эле колунан келе бербейт...

Кытай аба мейкиндигине АКШнын жаңы муундагы аскер учагы уруксатсыз киргенден баштап, өлкөнүн тынчтыгына коркунуч туудурган учакка тең келе алчу техника иштелип чыгышы керек эле. Америкалык учакка каршы чыга ала турган техниканы ойлоп чыгуу оңойго турган жок. Канчалаган эксперименттер, кыйроолор, учактарды сынаган учкучтардын өмүрлөрү кыйылды. Бирок мамлекеттин чек арасын бекемдөө, коргоо үчүн сынакчы-учкучтар кетенчиктеп артка кетпей, кайра-кайра өлүм менен алышып абага көтөрүлүп жатышты... Тасманын кыскача мазмуну мына ушундай, окурман.

Тасманын жаралуусу

“Асман падышасы” же болбосо экинчи аталышы “Учуу үчүн төрөлгөндөр” кытай киносу үчүн кымбат тартылган долбоорлордун катарына кирет. Учкучтар жөнүндө тасма болуп жаткандан кийин окуялардын өзөгү асманда болушу керек. Аба мейкиндигин бир чети реалдуу, бир чети кооз, эффекттерге бай бериш үчүн мыкты компьютердик графика талап кылынган. Спецэффекттердин үстүнөн буга чейин “Форсаж” франшизасын жана “Marvel” киностудиясынын тасмаларын тарткан британиялык DNEG компаниясы иштеген. Андан сырткары он чакты кино компаниянын жардамы менен “Асман падышасы” жаралды.

Учак, асман мейкиндигинен сырткары тасмада Кытайдын кооз жаратылышы да көзүңдү ачат. Көрөрман Кытайдын түндүк бөлүгүнүн жаратылышына, Гоби чөлүнүн кооздугуна күбө боло алат.

Ван Ибо

“Асман падышасындагы” башкы каармандардын бири кытай киносунун жылдызы, актёр Ван Ибо. 26 жаштагы таланттуу мырзанын ырчылык, бийчилик да өнөрү бар. Андан сырткары алып баруучу, модель да болуп иштейт. 11 жашынан бери иштеп карьерасын, атын түптөгөн артист учурда өз мекенине эле эмес, дүйнөгө белгилүү инсан. “Асман падышасындагы” оор трюктардын баарын өзү аткарган актёрго тартуучу топ да жогорку баасын берген.

Ху Цзюнь

Ху Цзюнь да кино дүйнөсүндө таанымал актёр, продюсер. 55 жаштагы актёр мырза чыгармачыл үй-бүлөдө туулган. Кино тармагында 1990-жылдан бери тартылып, ондогон мыкты образдарды жараткан. “Асман падышасы” тасмасында профессионал учкуч эле эмес, мыкты устат экенин да көрсөтөт. Анын каарманынан жаш учкучтар туура тарбия, керектүү сөз, колдоо таба алышат.

Йош Ю

“Асман падышасынын” дагы бир жылдызы – актёр Йош Ю. 1996-жылы төрөлгөн мырза спортко абдан жакын. Баскетбол, ат чабуу, жаа атуу, уруш өнөрлөрү, бокс, сууда сүзүү дегендин баарын эчак эле багынтып койгон. Андан сырткары гитара чертет, ырдайт, ыр чыгарат. Модель болуп подиумдун да көркүн ачат. Бир сөз менен айтканда – краш.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1077, 28-июль-3-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан