РЕЗОНАНС ЖАРАТКАН ОКУЯЛАРДЫН АЯГЫ ЭМНЕ БОЛУП БҮТТҮ?

Буга чейин гезитибизге жарыяланган чуулгандуу окуялар, кылмыш-кырсыктар боюнча сот иштеринин жүрүшү жана чыгарылган чечимдер тууралуу окурмандарды такай кабардар кылып келебиз. Эгер сизде “баягы окуя эмне болуп бүттү экен?”, “сот адилеттүү чечим чыгардыбы?” деген суроолор болсо, анда төмөнкү макаладан жооп табасыз.

Аялы менен мүлк бөлүшпөө үчүн никесин танган жаран кызы үчүн батир сунуштадыбы?

Гезитибздин №1064 санында “Күйөөм мүлктү бөлүшпөө үчүн нике күбөлүгүбүздү жасалма деп жатат” деген аялдын тагдыры баяндалган макала жарык көргөн. Анда каарманыбыз Гүлзат Абакирова 19 жыл чогуу жашаган күйөөсү Нуржанбек Үсөнов экинчи аял алгандан кийин ажырашууга арыз бергенин, ушундан кийин өзү чогуу тапкан мүлктөрдү тең бөлүү үчүн сотко кайрылганын айткан эле. Сот ишинин жүрүшү тууралуу билүү үчүн каарманыбызга байланышканыбызда төмөндөгүлөрдү айтты:

– Шаардык сот нике күбөлүгү жасалма деген доомат ырасталбагандыктан чогуу иштеп тапкан мүлктөр тең бөлүнсүн деп чечим чыгарган эле. Мурдагы күйөөм Үсөнов ал чечимдин үстүнөн Жогорку Сотко даттанды. Жогорку Сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Райондук сот күйөөмдүн пайдасына чечим чыгарган эле. Мен эми бул чечимдин үстүнөн даттанам. Үсөнов акчасына, тааныш-билишине таянып сотторду сатып алды деп ойлойм. Өткөндө жактоочусу менен келип “кел, тынчтык келишимин түзөлү, ошол келишимге макул болсоң кызыбызга батир алып берем” деп сунуштады. Ал тынчтык келишими боюнча мен эч кимге ооз ачпай, ызы-чуу кылбай отурушум керек экен. Кол коюудан баш тарткам. Кызыбызга алып берем деген үйдү да “белек катары өткөрүп берем, бирок менин атымда кала берет” деп жатат. Мен ал сунушка макул болгон жокмун. Бирок ал батирге ижарачыларды киргизип, учурда батир акысын биз алып жатабыз.

Күйөөм экөөбүз 19 жыл иштеп тапкан мүлктүн баары тең бөлүнүшү керек деп эсептейм. Шаарда 2 батир, Сокулукта жер тилкелерибиз, Аламүдүн базарына жакын жерде үйүбүз бар, ошонун баары тең бөлүнсүн. Анткени анын бизнес кылып бутуна турушуна менин да салымым чоң.

Эки кызын жалгыз баккан атанын майып кызы каза болду

Гезитибиздин №1001 санында Данияр Сыдыков аттуу жарандын “Өкүнгөнүм – 8 жыл күтүп төрөгөн кызын жубайым көрбөй кетти” деген аталышта маеги жарык көргөн. Анда каарманыбыз жубайы оорудан каза болуп, 12 жаштагы майып кызы менен 3 жаштагы кызын жалгыз багып жатканын айтып элден жардам сурап кайрылган эле. Макала жарыкка чыккандан кийин каарманыбызга чет өлкөлүк мекендештер каражат чогултуп беришип, Данияр мырзага мекендештердин аманатын жеткирип келгенбиз. Каарманыбыз жакында бизге байланышып, майып кызы каза болуп калганын кабарлады.

– Жакында токтоо, түшүнүктүү бир айымга үйлөнгөм. Бир башым эки болду деп сүйүнүп бүтө электе улуу кызым учуп кетти. 2-3 күн дене табы көтөрүлүп кыйналып жаткан. Талмасы да кошумча болду окшойт, ооруканага алып баратканда өз колумдан жан берди. Ошол күнү эле Кара-Балтага алып барып апасынын жанына жерге бердик. Кызымдын жаны бейиштик болсун, менден ыраазы болсун. Майып болсо да, аны өмүр бою бакканга даяр элем. Жубайым да көнүп кадимкидей жакшы көрүп калды эле. Бешенесине ушундай тагдыр жазылып калыптыр, моюн сундук.

Кызын сабаганын видеого тартып күйөөсүнө жиберген аялдын сот иши кыскарды

Гезитибиздин 1052-санында “2 жашар кыздын сабалышы: Аялга жаза керекпи же жардамбы?” деген аталышта макалабыз жарык көргөн. Анда Баткендин Марказ айылынын тургуну 2 жаштагы кызын сабаганын видеого тартып күйөөсүнө жибергенден кийин күйөөсү Баткен милициясына арыз жазганы баяндалат. Окуя кандай аяктагынын билүү үчүн Баткен облустук сотуна кайрылганыбызда кылмыш иши кыскарганын айтышты:

– Марказ айылынын тургуну Ш.Мга карата Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (баланы, алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык жактан көз каранды болгон адамды уруп-сабоо) менен кылмыш иши козголгон. Кичинекей кызына зомбулук көрсөткөн деп айыпталган Ш.М. менен жабырлануучу тарап элдешүүгө жетишкенине байланыштуу жаза жоопкерчилигинен бошотулуп, жазык иши Кылмыш-жаза кодексинин 27-беренесинин негизинде кыскартылды.

Аялды өлтүрө сүзгөн таксист 7 жылга камалды

Гезитибиздин №1059 санына “Адам өлүмүнө айыпталган таксист жазадан кутулуп кетеби?” деген баш тема менен макала жазганбыз. Анда 51 жаштагы аялды көчөдөн таксист сүзүп кетип, жабырлануучу 3 күндөн кийин ооруканада жан бергени маалымдалган. Маркумдун жакындары шектүүнүн үй камагына чыгып кеткенине нааразы болуп коомчулукка билдирүү жасашкан. Аталган сот иши боюнча акыркы чечим кандай болгонун сурап маркумдун жакындарына байланышканыбызда мындай дешти:

– Биринчи Май райондук соту апам Миргүл Айткулованы сүзүп өлтүргөн таксист К.Маматовду 7 жылга эркинен ажыратты. Шектүү ал чечимдин үстүнөн даттанып кайра шаардык сотко арыз жазган. Июнь айында Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Ошондой эле соттун чечими менен 2 жылга жеке жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенүүгө тыюу салды. Бизде акыйкат бар экенине ишендик. Шектүүнү сот залынан камакка алышты. Бул баарына сабак болсун. Кырсык болсо да, адам өлтүрүп коюп эле жазадан кутулуп кетпей турганын айдоочулар түшүнүшү керек. Коомчулуктун аң-сезимин аз да болсо туура багытка бура алдык деп ойлойм.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1078, 4-10-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан