«NEWJEANS»

«NewJeans» тобу – k-pop сахнасынын жаңы мууну. Татынакай, таланттуу 5 кыздан турган топ бир жыл ичинде чоң сахнадан ордун таап, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө атын тааныта алды.

Өлкөсү: Түштүк Корея

Чыккан жылы: 2022-жыл, 22-июль

Мүчөлөрү: Минжи, Ханни, Даниэлль, Хэрин жана Хеин

Белгилүү ырлары: «Attention», «Hype Boy», «Cookie», «Ditto»

Альбомдору: “New Jeans” (2022), “Get Up” (2023)

Инстаграмдагы катталуучуларынын саны: 8,4 миллион

“ВТS’тин” “КАРЫНДАШЫ”

2019-жылы айтылуу “ВТS” тобун жараткан “Big Hit” (HYBE) компаниясы кыздардын жаңы тобу түзүлөрү тууралуу маалымат тараткан. Ошол эле жылдын сентябрь айында глобалдуу "Plus global audition" аталышындагы таланттарды тандап алуу туру старт алды. Сентябрь-октябрь аралыгында Түштүк Кореянын 16 шаарын кыдырып, жаш таланттарды иргешкен. 2020-жылдан баштап кыздар стажировкага алынып, ар тараптан окуп-үйрөнүп, тажрыйба топтой башташкан. Эки жылдан соң 22.07.22 деген кооз датада «NewJeans» аталышындагы жаңы топ «Attention» ыры менен дебют жасады. Ыр Ютубда 3 күндө 5 миллион ирет каралган. Бул 3 күндө кыздарды 5 миллиондон ашык адам тааныды деген сөз болчу. Дебюттук ырдын аркасынан эле алгачкы “New Jeans” аттуу кичи-музыкалык альбом 1-августта жарыяланды.

“ВТS’тей” топту жараткан компаниядан коомчулук көптү күткөн. Андыктан кыздардын альбому жарыкка чыга электе, тагыраагы, дебюттан 5 күндөн кийин алардын альбомун алдын ала сатып алгандардын саны 444 миң адам болгон. Корей музыка тарыхында кыздардан куралган топтун альбомуна мынча сандагы буюртма алынган эмес. Демек, алар чыгып-чыкпай рекордчу болушту.

ЭМНЕГЕ «NEWJEANS»?

«NewJeans» аталышынын эки мааниси бар. Биринчиси – мода дүйнөсүнө барып такалат. Анткени жынсы моданын ажырагыс бөлүгү. Канча жыл өтсө да актуалдуулугун жоготпой келет. Ошол сыяктуу эле «NewJeans» дагы убакытка багынбаган долбоор болсун деген ниетте ушундай аталыш тандалган. Экинчи мааниси – “жаңы” деген сөз менен айкалышат. Башкача айтканда, «NewJeans» өзүн “сахнадагы жаңы муунбуз” деп жар салган.

“BLACKPINK’тен” АШТЫ

Биринчи альбомдогу 3 ыр тең музыкалык чарттарда алдынкы тизмеде турду. Көрүүлөр боюнча рекорддорду жаратышты, “2022-жылдагы мыкты k-pop ырлардын” тизмесине кирди. Ал эми «Ditto» чыгармасы 3 ай аралыгында АКШда эң көп угулган k-pop ыр болгон. Бул көрсөткүч менен «NewJeans» атактуу “Blackpink” тобу менен Селена Гомес биргеликте ырдаган «Ice Cream» ырынын жетишкендиктерин артта калтырган.

2023-жылдын эсебинен таланттуу кыздар дагы бир кичи-альбом чыгарууга жетишти. Ырларынын саны аз болгону менен, сапаты мыкты болуп жатканын сандар далилдеп жатат.

«NEWJEANS’ка» ЧЕЙИН...

Алды жыйырмага чыга элек, арты араң 15 жашка чыккан кыздардын кээ бири «NewJeans» тобуна кошулганга чейин эле чыгармачылык чөйрөгө аралаша баштаган. Даниэлль кичинесинен ар кандай телеберүүлөргө тартылып, балдар кийимдеринин модели болуп да алектенчү. Ханни болсо “One Direction” тобунун күйөрманы. Австралиянын Мельбурн шаарында жарык дүйнөгө келген кыз мектепте окуп жүргөндө бий тобунун мүчөсү болчу. Дебютка чейин “BTS” тобунун “Permission To Dance” клибине тартылган. Топтун лидери Минжини да “BTS’тин” “Permission To Dance” клибинен көрө аласыз. Топтун дебютуна чейин башка музыкалык агенттикте стажировкада болгон. Хэрин пхансори жанрында, тагыраагы, “корей операсын” мыкты ырдайт. Кыздардын баарынан музыка дүйнөсүнө эрте аралашканы Хеин го дейм. Ал 8 жашынан модель болгон. Бир аз өтүп “U.SSO Girl” тобунун курамында ырдай баштаган. Андан кийин «NewJeans’ка» кошулду.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1079, 11-17-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан