“АГАМДЫ АК ЖЕРИНЕН КАМАШЫП, 1 БУТУ ЖОК КАЛТЫРЫШТЫ”

“Агам (атасынын иниси) ак жеринен соттолуп, 13 жылдан бери абакта. Милиция кызматкерлери кыйнап, ал кылбаган кылмышты моюнуна алдыртышкан. Анын үстүнө убагында медициналык жардам көрсөтпөй коюшуп, бир бутунан айрылды. Эми экинчи бутун дарылатпасак анысы да кесилиши мүмкүн болууда. Агамды актап чыгарууга аракет кылып жүгүрүп жүрөбүз”,- дейт акыйкаттык издеген Отабек Салиев. Иштин чоо-жайын толугу менен Отабек мырза айтып берсин.

“Башына кундак менен уруп, өлдү деп жолго таштап кетишкен”

– Агам Абдулазиз Салиев 1972-жылы туулган. Кичи мекени – Сузак районунун Сузак айылы. 5 баласы бар. Агам мектепти бүткөндөн кийин жогорку билим ала албай калган. Айылда наабайчы болуп иштеп жүрдү.

Токтоо, анча-мынча тамашакөйлүк жагы бар, сылык адам. Айылдагылардын баары менен мамилеси жакшы болчу.

Агамдын тагдырына балта чабылган күн 2010-жылдын 18-июну болду. Ошол күнү агамдын үйүнө жакын жерден, трассадан 2 адамдын өлүгү табылат. Аларды алып кеткени келген "Тез жардамдын" врачтары сөөктү унаага жүктөшүп коюуга ошол тегеректеги адамдарды жардамга чакырышат. Агам оюнда эч нерсе жок барат. Ошол кезде милициянын унаасы келип калат да, милиция кызматкерлери “буларды сен өлтүргөнсүң” деп, агамды кыйнап унаага салып кетишет. "Мен өлтүргөн жокмун" десе укмаксан болуп коюшкан. "Тез жардамдын" врачы “бул адам күнөөлүү эмес, бул биз жардамга чакырганыбыздан улам келди” дейт. Аны да угушпайт. Унаада агамдын башына автоматтын кундагы менен урушкан. Соккудан улам агам эс-учун жоготуп, башынан кан кеткен. Милиция кызматкерлери Жалал-Абад шаарындагы ооруканага жакындап калганда карашса агам аларга өлүп калгандай сезилет. Ошондо аны таштандылардын жанына таштап кетип калышкан. Ошол тегеректегилер барып карашса агам тирүүдөй сезилип, алар ооруканага эптеп жеткиришет.

Врачтар сурашса агам башынан алган соккудан улам өзүнүн ким экендигин, эмне болгонун айта албай коёт. Ошентип 5 күн дайынсыз жоголот.

“Тырмактарынын түбүнө ийне сайып кыйнашкан”

– Ооруканадан бирөөлөр агамды таанып калып, атама телефон чалат. Атам барып агамды Сузактын ооруканасына алып келип жаткырган. Врачтар милицияга чалышкан экен. Милициядан келишип, агама конвой коюп кетишип, кылмыш ишин козгошуптур. Ооруканадан дарылануусу бүтө электе Сузак РИИБине алып кетишип, СИЗОго камашат. Ал жактан суракка алып, абдан кыйнашат. Башы катуу ооруп абалы начарлаганда агамды кайра Сузактын ооруканасына жаткырышат. Анан 10 күндөн кийин Ноокендеги СИЗОго алып кетишет. Ал жактан бутунун тырмактарынын түбүнө ийне сайып, башка уруп, ичине тепкилешиптир. "Сабаганыбызды бирөөлөргө айтсаң өлтүрөбүз" деп коркутушкан экен.

Биз агамды актап чыгаруу үчүн адвокат жалдадык. Агам тигилердин коркутуусунан улам адвокатына токмоктолуп жатканын айтпай койгон экен. Эми айтып жатат.

Агамдын катуу соккудан улам мээси жабыркагандыктан ошол кездерде тигилер эмнеге токмоктоп жатканын, өзү кайда экенин деле билбептир. Муну бизге кийин айтып берип жатпайбы.

Сот процесси башталды. Сотто “Тез жардамдын” врачы күбө катары келип, агамдын күнөөлүү эместигин айтып берди.

Бирок Ноокен райондук сотунун судьясы ишти толук териштирбей туруп, агамды өмүр бою абакка кескен чечимди чыгарды. Жалал-Абад облустук сотуна арыз жаздык эле, алар Ноокен райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды. Биз БУУга агамдын укугун коргоп берүүгө жардам сурап кайрылдык. БУУ бул боюнча биздин Жогорку Сотко кайрылган. Жогорку Сот төмөнкү инстанциядагы соттор чыгарган чечимди өзгөрткөн жок.

Агамды Оштогу СИЗОго, анан эч кимге айтпай Бишкектеги №47 абакка, кийин №19 абакка которушкан.

“Абактын врачы 1000 доллар сурады”

Агамдын айтуусу боюнча, ал 2015-жылы кант диабетине чалдыккан. Камала электе анын андай оорусу жок болчу. Абактагы кыйноо, ур-тепки, стресстер кант диабетинин жаралышына жеткирген. Абакта врачтар тиешелүү күчтүү дарыларды, инсулинди да бербеген. Инсулиндин сага кереги жок деп коюшкан экен. Анан сол бутунун тырмактарынын түбү карайып, жарыла баштайт. 2023-жылы 14-июлда агам врачтарга сол бутунун катуу ооруп жатканын айтат. 3 күндөн кийин аны №31 абакка которуп жиберишет. Ал жактагы врачтар бизге чалып, “сол бутунун тизесинин артында уюган кан бар. Буту кесилет. Ошого 1000 доллар алып келгиле. Ал акча дарыларына кетет” деди. Бир врач менен агамды
ЮРФА медициналык борборуна алып барып текшертүү боюнча сүйлөштүк. Бирок айткан акчаны берген жокпуз.

24-июлда агамды улуттук госпиталга жаткырып дарылатуу боюнча акыйкатчыга кайрылдык. Абакта санитардык абалдын начарлыгын, чымындардын учуп жүргөнүн, агамдын түбү карайып, жарылган тырмактары даки менен да оролуп коюлбаганын жана башкаларды айттык.

Алардын 1 кызматкери биз менен абакка кошо барды. Абактан “конвой 25-июлда бошойт, ошондо аны менен агаңарды ЮРФАга жибере алабыз” дешти.

“Эми оң бутунан ажыраганы турат”

25-июлда ЮРФАга алып бардык. Алар текшерип көрүп, улуттук госпиталдын кан тамыр хирургиясына алып баргыла дешти. Алар айткан жерге алып барсак, ал жерден 5 врач текшерип “диабетическая стопа, некроз ткани” деп диагноз коюшуп, оорусу өтүшүп кеткенин, эми бут толук кесилиши керектигин айтышты. Ошол кезде агамдын оң буту да ооруп жүргөндүктөн ал хирургдар “сиз биздин көзөмөлдө болушуңуз керек. Болбосо оң бутуңуздан да айрылып каласыз” дешти жана агамды Улуттук хирургиялык борборго жөнөтүштү. Аталган жерден ошол эле күнү операция жасалып, сол буту жоон сандан, түбүнөн кесилди.

Абактагы врачтар шалаакы жана кош көңүл болушпаса тырмак түптөрү жарылып, карайып баштаганда эле операция жасатышса бармагы эле кесилмек. Алардын айынан минтип буту жоон санынан кесилип калды.

Операциядан соң 6 күндөн кийин оң буту тизеге чеийн катуу шишип кеткенин көрдүк. Аны кайра кан тамыр хирургдарына текшерттирбей эле абакка алып чыгып кетип калышты. Агам абактан катуу ооруп жатканын, басканга балдактын, ичкенге дарылардын жок экендигин айтып кабар берди. Биз айткандарын алып барып бердик.

Жаза аткаруу кызматына 7-августта барып, агабызды абактан алып чыгып, улуттук госпиталда дарылаталы дедик. Жообун берише элек.

Агабыздын укугун коргоп, ишти кайра тергеп бергиле деп Аскердик прокуратурага, Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборуна да кайрылдык. Агам 13 жылдан бери 2 адамды өлтүргөнүн моюнуна албай келет жана албайт. Муну иш кайра тергеле баштаса күбөлөр дагы деле тастыктап беришерине ишенем.

Агам абакта көргөн кыйноо, сабоолордун айынан мурункуларын өзү эстей албайт. Биз айтсак гана эсине түшүүдө.

Агам ак жеринен камалып, ушундай кыйынчылыктарды башынан өткөрүүдө. Биз тиешелүү органдардан анын укугун коргоп жана актап берүүсүн суранабыз.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1079, 11-17-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан