АКУШЕРЛЕРДИН ШАЛААКЫЛЫГЫ ЫМЫРКАЙДЫ МАЙЫП КЫЛДЫБЫ?

Жабыр тарттык деген Ысык-Көлдүн тургундары Каракол шаарындагы төрөткананын акушерлерин шалаакылыкка айыптап, президентке кайрылышты. Жабырлануучу келиндин кайнежеси: “Келинибизди кесарево аркылуу төрөтүү пландалган эле, бирок төрөткананын акушерлери “өзүң төрөйсүң” деп кыйнашып, төрөттөн ымыркай майып болуп, келинибиз оор абалда жатат”,- дейт. Окуянын чоо-жайын иликтейбиз.


Аида Кыдыралиева, жабырлануучунун кайнежеси: “Толгоосу келип калса эмне кылалы деп кекетишти”

– 10-август күнү апам мага “кызым, келиндин лейкоцити көбөйүп кетиптир, төрөтканага алып барып көрсөтөлү” деп телефон чалды. Кош бойлуу кезде лейкоциттердин көп болушу инфекция, цистит же пневмония сыяктуу сезгенүүлөрдөн кабар берет экен. Бир нерсе болуп кетпесин деп ошол күнү эле апам экөөбүз келинибизди Караколдогу төрөтканага алып бардык. Төрөтканада көп жылдан бери иштеген Каухар, Ибарат деген акушерлер бар, ошолорго кайрылып “келинибиз кондиломасын күйгүзгөн, өзү төрөй берсе болобу, болбосо кесарево кылдыралы” дедик. Ошондо “кондиломасы барларды эч качан төрөткөн эмеспиз, кесарево менен төрөтүш керек” дешип, жадакалса ошол жобо жазылган баракты да көрсөтүштү. Кесарево алдын ала пландалат да, келинибизди 14-августка кесаревого жазып койдук дешти. Бирок келинибиздин толгоосу 13-август күнү эртең менен башталды. Апам мага таң атпай “төрөтканага тез бара кал, келиндин толгоосу башталыптыр” деп калды. Менин үйүм төрөтканага жакын жерде, бат эле жетип бардым. Барып дарыгерлердин эч кимисин таппай койдум. Келинимдин аты-жөнүн айтып сурасам “ал келин төрөт залында” деп коюшту. Ошондо “ал кесаревого жазылган, өзү төрөй албайт дебедиңер беле, эмнеге кесарево жасабайсыңар” деп урушуп кирдим. “Толгоосу келип калса эмне кылалы” деп кайра мени кекетишти. Арткы эшигинен кирип келиниме жолугуп чыгайын десем 100 сом сурашты, киргизгени үчүн. Коридордон бир врачы “келиниңиз уул төрөдү” деп сүйүнчүлөдү, сүйүнчүсүн бердим. Анан “берки төрөткөн акушерлерге да сүйүнчү берип кой” деп басып кетти. Барсам келиним жатыптыр, аябай кыйналганы сезилип турду. Баласы 4 килограмм 200 грамм болуп төрөлүптүр, бети-башы көпкөк. Анда баланын жараат алып төрөлгөнүн билген эмесмин. Дароо үйдөгүлөргү сүйүнчүлөп чалдым. 10 мүнөт өткөндөн кийин эле баланы жандандыруу бөлүмүнө алып кирип кетишти.

“Баланын башы гематома, колу сынып, жамбашы чыгып кетиптир”

– Баланын жараат алып төрөлгөнүн адегенде врачтар келиниме угузушуптур. “Балаңдын абалы оор, төрөткөн адам ката кетирген” деп айтышыптыр. Биз чогулуп туугандар менен акушерлерге кирдик “бала инсульт алды, башы гематома, кан уюп калган, колу сынып, жамбашы чыгып кеткен, колубуздан келгенин жасадык” дешти. Жадакалса баланын башын көрсөттү, “ишенбесеңер кармап көргүлө былкылдап кан уюп турат” деп. Кармасам чын эле башы жупжумшак, бир нерсе былкылдап турду. Биз ошондо ызы-чуу салдык, анткени келинимдин толгоосу таң атпай башталган, 3-4 сааттын ичинде ыкчам чара көрүп, кесарево жасап баланы дени соо төрөтүшү керек эле. Келиним бизге чалганда мени карабай жатышат деп ыйлаган. Дарыгерлерге “мени карап берип койгулачы” десе, “бар астыңа плёнка алып кел” деп жибериптир. Бир целлофан баштык таап, "ушуну деле салып көрүп бергилечи" десе, креслого чык, түш деп кыйнашыптыр. "Кесарево боло турган болсоң эмнеге келдиң, врачыңды күтүп тур" деп коюптур. Мен өзүм ошол төрөтканада төрөгөм, ошол жерде 20-30 жылдап иштеген акушерлер бар, мамилеси абдан орой. Акча бербесең карабайт. Врачтары өтө кайдыгер, мал төрөгөндө деле карайсың го. Булар көп жыл иштеп ал жактагы төрөгөн келиндерди да, төрөткананы да өздөрүнүн менчигиндей көрүшөт. Оорукананы ээлеп алган карт бөрү акушерлердин баарын жумуштан айдаш керек. Жумуштан гана кетирбей, алардын кылмыш жоопкерчилигине тартылышын талап кылабыз. Анткени бул шалаакылык, кечээ акушерлер телеканалдарга маек берип, карандай калпты айтып отурушат. Бирөөсү “бала эмчек эмип жатат” дейт. Балабыз азыр комада, каяктан эмчек эмет? Бизге “жекшемби күнү УЗИ, рентген иштебейт, ошого баланы тарта алган жокпуз” дешкен. Карабайсыңарбы, адам өлүм менен күрөшүп жатса булар иштешпейт экен. Анда оорукананын эмне кереги бар?

Саламаттыкты сактоо министрлиги: “Кызматтык териштирүү башталып, атайын комиссия түзүлдү”

– Каракол шаарындагы ымыркай жабыркаган окуянын чоо-жайын Саламаттыкты сактоо кызматкерлери менен бирге ички иштер органдары да териштирип жатышат. Министрлик атайын кызматтык териштирүү үчүн комиссия түзгөн, анын корутундусу менен коомчулукту сөзсүз кабардар кылабыз. Учурда ымыркайдын да, жаңы төрөлгөн келиндин да толук сакайып кетиши үчүн бардык тиешелүү жардамдар көрсөтүлүп жатат.

Рыскан Алдашева, Ысык-Көл облустук төрөтканасынын директорунун орун басары: “Врачтардан ката кетсе баары жоопкерчиликке тартылат”

– Жабырлануучу келин биздин төрөтканага 10-август күнү келип түшүп, аны 14-августта кесарево ыкмасы менен төрөтүү пландалган. Ага чейин диагнозу такталып, бардык керектүү процедуралардан өткөн. 13-август күнү таңга жуук күзөттөгү медайымдар текшергенде толгоосу баштала элек болгон. Кийин башталыптыр, врачтар караса төрөт жолдору ачылып, баланын башы ылдыйлап калгандыктан келинди табигый жол менен төрөтүүнү чечишкен. Ошол күнү биздин төрөтканада башка да 8 келин төрөп, кээ бирине оор операциялар жасалган. Бул келиндин баласы чоң салмакта төрөлүп, төрөттө акыреги сынып, оор абалда төрөлүп калды. Бирок кадимкидей эле ыйлап төрөлгөн.

Учурда үстүбүздөн комиссия келип текшерип жатат. Эгер күзөттөгү медайым же врачтардан ката кетсе, баары жоопкерчилик тартууга милдеттүү. Бирок врачтар деле Кудай эмес да, колдон келген жардамын беришти.

Эсиңиздерге салсак, Караколдогу ушул эле төрөт үйүндө быйыл январь айында эки аптада 6 ымыркай инфекциядан улам чарчап калган. Буга эң эле жөнөкөй санитардык талаптар жана гигиена эрежелери сакталбаганы себеп болгону расмий аныкталып, 6 кызматкер иштен алынган эле. Бирок мындай жаза айрымдарга сабак болбогон өңдүү. Тиешелүү тараптар акыйкат териштирүү жүргүзөт деген ишеничтебиз.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1080, 18-24-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан