ЧЖАО ЛУ СЫ

Бул ирет Кытайдын маданият өкүлдөрүнө көз салдык. Тагыраагы, аталган өлкөнүн кино дүйнөсүнө көрк кошкон, күндөн күнгө таланты, сулуулугу менен күйөрмандарынын санын көбөйтүп келе жаткан актриса Чжао Лу Сы менен жакындан таанышабыз.

Туулган жери: Кытай, Чэнду

Туулган жылы: 1998-жыл, 9-ноябрь

Жылдыз белгиси: чаян

Бою: 165 сантиметр

Кесиби: актриса, ырчы

Тартылган белгилүү сериалдары: "O! Мой император", "Роман тигра и розы", "Весенний цветок, осенняя луна" , “Новая волна”, “Скрытая любовь” жана башка

Чоң энесинин кызы

Жылдыз белгиси чаян дегенде эле актрисанын кандай мүнөзгө ээ экенин элестетсе болот. Өжөр, айтканынан кайтпаган, өзүм дегенде өгүздөй күчү бар адамдардын катарына кирет. Кыргызда жакшы сөз бар эмеспи, “кемпир баккан кыз тың болот” деген. Чжао Лу Сы да чоң эненин тарбиясын алган тың кыз.

Жогорку билимди Тайвандагы Миндао университетинен алган. Кесиби боюнча мода жаатында эмгектенмек, бирок кыз башка жол тандады. Анткени анда табиятынан берилген дагы бир талант бар эле. 2016-жылы “Super Girl Voice” музыкалык сынагына катышкан жаш таланттардын арасына Чжао Лу Сы да кошулган. Эмгек жолун ырчы катары баштаганы менен, бир жыл өтүп-өтпөй актрисалыкка ооп кеткен.

Кино

2017-жыл. Алгачкы дебюттук ролун тарыхый "Недосягаемые влюблённые" сериалында жаратты. Бир катар тасмаларда экинчи пландагы каармандардын ролуна тартылып жүргөн Чжао Лу Сынын бактысы “О! Мой император!” сериалында ачылган. Тарыхый фантастика, романтика жанрындагы сериал жогорку рейтингге ээ болуп, тартуучу топ кубануу менен 2-сезонду да жаратышкан. Албетте, тасманын ийгилиги менен кошо актёрдук курамдын да популярдуулугу артты. 2019-жылы корейлердин атактуу “Осень в моём сердце” дорамасынын негизинде тартылган “Осенняя сказка” сериалында да актриса башкы каарман болгон.

Дагы кандай тасмаларын көрсөк болот десеңиз, "Роман тигра и розы", "Весенний цветок, осенняя луна" , “Новая волна”, “Скрытая любовь” сериалдарын сунуштайбыз.

Сындан чыйралат

Актрисанын кино-тизмегине көз чаптырсак, көбүнчөсү тарыхый долбоорлор экен. Ошондуктан да анын дарегине “бардык тасмаларында бирдей ойнойт, өзгөчөлүк жок, эмоциялары алмашпайт” сыяктуу сындар айтылса керек. “Жөндүү сын-пикирлер адамды чыйралтып, алдыга өнүгүүсүнө дем берип турат” деген Чжао Лу Сы дагы да тажрыйба топтоорун, өнүгүүгө аракет жасай турганын айтып келет. Быйыл чыккан заманбап стилдеги, романтика, комедия, мелодрама жанрындагы “Скрытая любовь” сериалы буга далил болду окшойт. Анткени алгачкы серияларынан эле күйөрмандардын кызыгуусу артып, рейтинги жогорулаган сералды Netflix платформасы сатып алган. Netflix жөн долбоорду албай турганын билебиз да. Баса, “Скрытая любовь” сериалы романдын негизинде тартылган. Сериалда Чжао Лу Сынын каарманынын агасы бар Сан Ян деген. Ага-карындаштын мамилеси көп жерден жылмаюу жаратат, бири-бирине болгон камкордугу кубантат, айтор, эмоциялар сонун чагылдырылган. Романдын автору Сан Ян тууралуу өзүнчө бөлүм бар экенин айтат. «Трудно поддаться уговорам» деп аталган бөлүмдө Сан Яндын алгачкы, бирок жетпей калган сүйүүсү, ага он жылдан кийин жолукканы тууралуу кызыктар бар. Эгер бул бөлүм да сериалга айланса, романтиканы сүйгөндөр сөзсүз көрсө керек.

Өнөр көптүк кылбайт

Кичинесинде “ырчы болом” же “мугалим болом” деп так кесе айтчу эмес. Азыр деле бир кесип менен чектелип калгысы келбейт. Чыгармачылыкка жаңыдан аралашкандан баштап алып баруучулукка да кызыккан. Ал үчүн атайын оратордук ийримдерге барды, кошумча актёрдук чеберчилик боюнча алган сабактары да жардам берген эле. Андыктан айрым иш-чараларда алып баруучулук тизгинди колго алганы жөн жерден эмес.

Киного көп убакыт короткону менен, ырчылыгын таштап салган жок. Тескерисинче, өзү ыр жазууга аракет кылып жүрөт. Көптөгөн сериалдардан Чжао Лу Сынын мукам үнүн жана анын калеминен чыккан саундтректерди уксаңыз болот. Назик кыздын эки ырлар жыйнагы жарыкка чыккан.

Бойдок статуста

Чыгармачылык дүйнөсүнө аралашканына 10 жыл толо элек. Ошентсе да жыйырмадан ашык тасма-сериалга тартылды. Көптөгөн кино сыйлыктарды текчесине тизип алды. Дүйнө элине таанылды дегендей. 25 жашка чыккан татынакай, назик, таланттуу кызга ашык болгон мырзалардын саны көп болсо керек. Анын үстүнө тасмада романтикалык сюжетте чогуу тартылган өнөктөш актёрлорду “жабыштыруу” салты Кытайда да бар. Чжао Лу Сы тартылган жаңы тасма экранга чыгары менен интернет желесинде болжолдуу “жаңы түгөйлөр” пайда болот. Мындай имиштердин бирине актриса жакында эле “Мен дагы деле бойдок статусундамын. Жигит жандаганга убактым да жок. Анын үстүнө менин көлөкөмө айланган менеджерим бар. Ал мени иш учурунда эле эмес, эс алуу күндөрү да коштоп жүрөт. Чоң энем аны үй-бүлө мүчөсү катары кабыл алып, тамакты да ошого карап жасачу болду” деген тамашалуу жообун берди.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1082, 1-7-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан