Сүйүүдөн корккон КИМ СЕ ЖОН

Корей ырчы кыздардын арасынан Ким Се Жон жаркыраган жылдыз болду. “Эс тартканы музыканы сүйдүм. Башыма түшкөн оор күндөрдө да музыка жөнүндө кыялданганды унуткан жокмун. Азыр да музыкадай мени түшүнгөн адам жоктой сезилет” деген ырчы кыз эки жарым жылдык тыныгуудан кийин быйыл, тагыраагы, 5-сентябрда камбэк жасап, сахнага кайтты. Буга чейин бош отурган жок, кино дүйнөсүндө “чаң салып” жүрдү.

Туулган жери: Түштүк Корея, Кимже

Туулган жылы: 1996-жыл, 28-август

Жылдыз белгиси: бийкеч

Бою: 164 сантиметр

Кесиби: ырчы, музыкант, актриса

Инстаграмдагы катталуучуларынын саны: 11.1 миллион

Тартылган белгилүү дорамалары: “Мектеп-2017”, “Кызматтык сунуш”, “Мыкты угуу” жана башка

Белгилүү ырлары: "If Only", "Paramour", "All of My Days", "Love, Maybe”, "Once Again", «Flower Pot» жана башка

“Түбөлүккө созулган сүйүү жок”

– Ушул жашка чыкканы сүйүү сезими эмне экенин билбейм. Бактылуу сүйүү тууралуу же жүрөктү жаралаган сезимдер тууралуу да ыр жазгым келет. Бирок жаза албайм. Анткени ал сезимдер кандай болорун билбейм. Мырзалар менен таанышып, сүйлөшүп баштаганда мээмде “түбөлүккө созулган сүйүү жок, муну менен деле бир күнү эки жолго түшөм, жүрөгүм ооруйт” деген ойлор келе берет да, баштала элек мамилеге чекит коюп коём. Жүрөгүмдү эч кимге ача албай койдум, бирок ачканга абдан аракет кылып жатам,- дейт Ким Се Жон.

Ырчынын махабатка болгон мындай мамилесин түшүнсө болот. Анткени ата-энеси ал кичине кезинде эле ажырашып кетип, агасы экөөнү апасы жалгыз багып чоңойткон. “Таежемдин чакан батирине көчүп барганбыз. Апам бизди багам деп үч-төрт жумушта иштечү. Буту-бутуна тийбей чуркап жүрөр эле, уктап биздин жаныбызда жатканын кээде эле көрчүмүн. Ошол кезде чоңоюп акча таба баштаганда эң биринчи апама чоң үй сатып берем деген максат койгом” деген Се Жон өспүрүм кезинен эле акча тапканга аракет кыла баштаган. Башкача айтканда, музыка дүйнөсүнө эртерээк аралашкысы келген.

Багынган кыял

Ырчы болуу кыялына жараша жакшы ырдайт эле. Андыктан мектепте окуп жүргөндө эле көрүнгөн музыкалык компаниялардын эшигин кагып, кастингдерге катыша баштаган. 20дан ашык компаниялардын кастингинен өтпөй калган кыз акыры 16 жашында «K-pop Star 2» сынагына өтүп, бирок финалга жетпей калган. Музыкалык билимди кыздардын Ханян университетинен алды. 20 жашында дагы бир жолу бактысын сынаган Се Жон “Produce 101” сынагына катышты. Бул ирет ал сынактын ар бир турунда же 1 же 2-орундан ылдый түшпөй турган. Акыры ал сынактын финалисттеринен куралган “I.O.I.” тобунун башкы солисти болуп калган. Бирок бул топ убактылуу гана курам болгондуктан ошол эле жылы жаңы “Gugudan” аттуу топ түзүлүп, Се Жон ал топто да башкы ырчы аталып калган. Мына ушундан тарта профессионалдык сахнага кадам койгон кыз өзү ыр жазып, жеке ырчылык пайдубалын түптөгөнгө аракетин баштаган.

“Gugudan”

“Gugudan” 2020-жылга чейин иштеди. Бул убакыт аралыгында көптөгөн хит чыгармалар жаралды, концерттик турнелер болду. Ким Се Жон топ үчүн бир нече чыгармаларды жазды. Ортодо алып баруучулук менен да алектенгенге үлгүрдү. Түрдүү оюн-зоок берүүлөрдүн жылдызына айланды. Авторлугуна келсек, убакыт өтүп, тажрыйба топтогон сайын Се Жондун калеминен мыкты чыгармалар жаралып келет. Анын ырлары популярдуу тасмаларга саундтрек катары да тандалган. Алардын айрымдарына көз чаптырсак, “If Only” ыры “Көк деңиз уламышы” дорамасында жаңырган, ал эми “Paramour” ыры “Мистер Саншайн”, “All of My Days” ыры “Сүйүүнүн авариялык конуусу”, “Love, Maybe” ыры “Кызматтык сунуш”, “Once Again” ыры быйыл чыккан “Мыкты угуу-2” дорамасында жаңырды. Ар бири хитке айланган сериалдарда Ким Се Жондун да салымы бар экени кубандырат. Карьерасында 2,5 жылдык тыныгуу жасаган ырчы айым 5-сентябрда жаңы ырлар жыйнагында башкы ыр катары “Top or Cliff” клибин көпчүлүккө сунуштады.

“Жандуу актриса”

Ким Се Жонду актриса катары тааныгандар анын камера алдында өзүн эркин, жандуу алып жүргөнүн баалашат. Анын эмоцияларды өзгөчө бере алганын баалаган режиссёрлор да чү дегенде эле башкы ролду сунушташкан. Анын дебюттук ролу 2017-жылы чыккан окуучулардын дүйнөсүн чагылдырган “Мектеп-2017” дорамасында болду. Жеңил, өспүрүмдөргө арналган сериал жогорку рейтингге жетип, анда башкы ролго тартылган Се Жонго популярдуулук эле кошпостон, алгачкы “Жаш мыкты актриса” наамын алып келген. Ал актриса катары көп тасмаларга тартылып үлгүргөн жок, ошентсе да ал башкы каарман болгон “Жүрөгүңдүн добушу”, “Кызматтык сунуш”, “Мыкты угуу” сериалдарын сүйүп көргөндөр арбын. Ар бир тартылган дорамадан актриса сөзсүз кино сыйлык албай койбойт. Келечекте Ким Се Жондон дагы мыкты ролдор жараларынан үмүт чоң.

Жана да...

  • Каржысын тыкыр көзөмөлгө алат. Таба турган жана корото турган каражатын жазган блокноту бар. Келечекте Чеджу аралынан 2 үй сатып алып, бирине апасы экөө жашап, экинчисин ижарага берерин айтат.
  • Көзүнүн сурмасы кош кабат болгондуктан хейтерлер “корейлерде кош сурма табигый болбойт. Се Жон пластикалык операция жасаткан” дей беришет. Буга ырчы, актриса чычалап апасынын кош сурмалуу көзүн көрсөтүп, “меники генден” деп актанат.
  • Жогоруда айткандай, мырзалар менен мамиле түзүп көрө элек. Дорамалардагы өнөктөш мырзалар менен болгон сүйүү химиясын “эгер менин каарманым сүйгөнүн сезип жатсаңыз, актрисалык жумушумду жакшы аткарыптырмын” дейт.
  • “Биздин үй-бүлө өжөр, алдыга койгон максатына жетпей койбойт” деген кыз агасы 120 килограмм салмактан 80 килограммга чейин арыктаганын, аны дайыма колдоп келген агасы менен сыймыктанарын айтат.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1084, 15-21-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан