КОРЕЙ ЖЫЛДЫЗДАРЫНДАГЫ ЖАҢЫ ТҮГӨЙЛӨР

Эл көзүндөгү эки адам бириксе коомчулуктун кызыгуусун жаратпай койбойт. 2023-жылы баш кошкон же болбосо сүйүү мамилелерин ачыктаган корей атактууларын эске салабыз.

 Сон Жун Ки (38 жашта) & Кэти Луиз Сандерс (39 жашта)

Канчалаган дорама сүйүүчүлөрдүн жүрөгүнө чок салган актёр Сон Жун Кинин сүйлөшкөн кызы бардыгы 2022-жылдын декабрь айында билинген. Анын тандоосу англиялык актриса, котормочу Кэти Луиз Сандерс аттуу айымга токтолгон. Экөөнү табыштырган “Винченцо” дорамасы деген имиштер бар. Кэти Жун Киге итальян тилин үйрөткөн мугалим катары иштеп калган. 2023-жылдын январь айында болсо түгөйлөр расмий түрдө үйлөнүп, ушул эле жылы татынакай уулдуу болушту. Бактылуу болушсун! Эске салсак, актёр буга чейин Кореянын дагы бир атактуу актрисасы Сон Хе Гё менен “Күн мураскерлери” дорамасынан табышып, 2017-жылы баш кошуп, 2019-жылы ажырашып кетишкен.

Ли Сын Ги (36 жашта) & Ли Да Ын (31 жашта)

2023-жылы баш кошкон жылдыздардын катарын актёр, ырчы Ли Сын Ги менен актриса Ли Да Ын толукташты. Экөөнүн мамилеси алгач кесиптеш катары таанышуудан башталып, анан гана махабаттын оту жанган. Кошумча аларды гольф оюнуна болгон кызыгуулары бириктирген экен. Актёр менен актриса үйлөнгөнгө чейин бир катар сыноолордон өттү десек болот. 2021-жылы мамилелерин ачыктаганда түгөйлөрдү кабыл албай, Ли Сын Гинин күйөрмандары кумирин кызганып актрисага карата бир топ терс билдирүүлөрдү жазып жүрүштү. Анткени ошол кезде Ли Да Ындын үй-бүлөсүн көп суммадагы акчаны алдамчылык жол менен тартып алды деп күнөөлөп сот иштери жүрүп жаткан. Ли Сын Ги социалдык тармакка билдирүү жазып, анда жалган маалымат тараткан журналисттерге нааразы экенин айткан. “Менин сүйүктүүмдүн жакындарына жалган жалаа жабылганы сот процессинде такталды. Алдамчылар сот жообуна тартылат. Чындыкты билбей туруп Ли Да Ынга карата терс пикирлерди жазбооңуздарды суранат элем” деген. Бардык тоскоолдуктарды жеңген актёр менен актрисанын үйлөнүү үлпөт тою ушул жылдын апрель айында өттү.

Ли Чон Сок (34 жашта) & Айю (30 жашта)

Мага жаккан түгөйлөрдүн бири. Dispatch порталы ар жыл сайын 31-декабрда окурмандарына белек кылып бир атактуу түгөйдү ачыкка чыгарат. Бул адатка айланган дейбизби же салткабы, айтор, 2022-жылдын 31-декабрында алар ачкан түгөйлөр атактуу актёр, модель Ли Чон Сок менен ырчы, актриса Айю болуп чыкты. Көп өтпөй эки атактуу тең күйөрмандарына кайрылып, жакын адамын тапканын айтышкан. Чон Сок менен Айю 2013-жылы бир кечеге алып баруучу катары чакырылып, таанышып калышкан. Андан кийин кесиптеш, дос катары мамилелери үзүлгөн эмес. “Биз жаңы таанышканда 20 жаштан жаңы өткөн элек. Ошондо эле мен Айюну жактырып калгам. Бирок сезимимди айта алган эмесмин. Арадан бир топ жыл өтсө да сезимим өчпөгөнүнө кээде жиним келип кетчү. Азыр биргебиз. Анын бул жашоода бары эле мага күч берет. Ал менден башка да көп адамдарды өзүнүн музыкасы менен дарылап турат” дейт сезимин жашыра албаган Ли Чон Сок.

Ли До Хён (28 жашта) & Им Жи Ён (33 жашта)

Netflix платформасындагы ийгиликтүү корей сериалдардын катарын “Атак” толуктады. 2022-жылы 1-сезону жарык көргөндө эле жогорку рейтингди багынтып, 2-сезондун мындан кем эмес бийиктикке жетери белгилүү болгон эле. 2023-жылы чыккан 2-бөлүм да ийгиликтүү болуп, ага тартылган актёрдук курамды дагы бир сыйра көкөлөтүп койду. Бул сериалда актёр Ли До Хён менен актриса Им Жи Ён да тартылган. Сүйүшкөндөрдүн ролунда эмес, тескерисинче, бири-бирине душман адамдардын ролунда. Корей атактууларынын “түшүнө” кирген, алардын ар бир кадамын камерага илген Dispatch порталы апрель айында экөөнүн чогуу жүргөн сүрөттөрүн жайып жиберген. Айла жок, Ли До Хён менен Им Жи Ён кыз-жигит экенин ачыктаганга мажбур болушту.

Ан Бо Хён (35 жашта) & Жису (28 жашта)

Эч ким күтпөгөн биригүү! Чынында эле атактуу “Blackpink” тобунун ырчысы, модель Ким Жису менен актёр, модель Ан Бо Хён кыз-жигит деген маалымат көпчүлүктү таң калтырды окшойт. Ушул жылдын август айында актёрдун Жисунун үйүнөн чыгып келе жатканы папараццинин кылтагына түшүп калган. Сүрөттөр интернет желесине желдей тарагандан кийин атактуулардын агенттиктери расмий билдирүү таратып, экөөнүн мамилелери жаңыдан гана башталганын билдирген. Бо Хён менен Жису тааныштары уюштурган бир кечеден жолугуп, таанышып калышкан. Эмне дейбиз, кыргызда жакшы сөз бар эмеспи – кармашкан колуңар үзүлбөсүн!

Асыл Орозбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1085, 22-28-сентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан