АН ХЁ СОП

Корей кино дүйнөсүндөгү “краштардын” бири. Келбетине таланты төп келген Ан Хё Соп популярдуулукка оңой эле жеткен эмес. Ошентсе да ал дүйнө элине таланттуу актёр, музыкант, модель катары тааныла алды.

Туулган жери:

Түштүк Корея, Сеул

Туулган жылы:

1995-жыл, 17-апрель

Жылдыз белгиси: кой

Бою: 187 сантиметр

Билими: Кукмин университетинин эл аралык бизнес факультетинде окуган

Кесиби: актёр, модель, музыкант

Тартылган белгилүү сериалдары: “30, бирок 17”, “Мугалим Ким, дарыгер – романтик”, “Туңгуюк”, “Кызматтык сунуш”,

“Убакыт сага чакырып жатат” жана башка

Үй-бүлөсү

Корей элинде 3 балалуу болсоң, демек, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн катарындасың. Ан Хё Соп дал ошондой көп балалуу үй-бүлөдө чоңойгон. Тагыраагы, алардын чакан мамлекетинде чоң энеси, ата-энеси, агасы, эжеси жана биз билген “красавчик” жигит бар.

Пол Ан

Корейлер, негизи эле көпчүлүк Ан Хё Соп деп тааныган жигиттин англисче ысымы Пол Ан. Жөн жерден эмес, анткени ал 6 жашка чыкканда үй-бүлөсү Канаданын Торонто шаарына көчүп кетишкен. Ошол жерден билим алган бала англис тилинде суудай сүйлөп калган.

Дипломат...

Дипломат болмок... Ата-энеси балдарынын билимине тыкыр көзөмөл кылышты. Ан Хё Соптун келечекте дипломат болом деген кыялы улуулардын көңүлүнө толот эле. Эгер дипломат болбосо, бухгалтер же саясий серепчи болуу максаты бар болчу. Бирок кореялык “JYP Entertainment” агенттигинин өкүлдөрү Канадада да табылып, жогорку класстын окуучусу Ан Хё Сопту “торго” илгенге аракет кылышкан. Аракети ишке ашып, өспүрүм жигит чыгармачылыкка кызыгып калган.

Кайра мекенге...

Ал Түштүк Кореяга кетем дегенде каршы болгон ата-энесин араң көндүрдү. Ошентип 17 жаштагы жигит шоу-бизнести багынтам деп мекенине жол алган. Гитара, фортепиано, скрипканы жакшы чертет. Мектепте окуп жүргөндө эле түрдүү ийримдерге барган жигит, аталган музыкалык аспаптарды да мыкты өздөштүрүп койгон эле. Андыктан өзүн ишенимдүү сезип жатты.

Модель

Кайсы бир кезде узун боюнан уялып, “кыска эле болсом” деп кайгырган Ан Хё Соп учурда суроо-талапка ээ модель. Спорттук дене түзүлүштөгү, 187 сантиметрлик бойго ээ келишимдүү жигит көптөгөн дүйнөлүк бренддердин жүзү. Каржы булагынын бир тармагы болгон боюнун узундугуна азыр модель жигит нааразычылык эмес, ыраазычылык эле айтса керек.

Алгачкы кадам

Ал экранга алгачкы жолу 2015-жылы чыккан. Түрдүү курактагы, түрдүү кесипти аркалаган адамдарды “Музыка түбөлүккө-2” долбоору бириктирди. Тагыраагы, ал адамдардын башын бириктирген музыка болду, анан да баарын башкарган дирижёр бар. Чектелүү убакытта ал адамдар оркестр түзүп, чогуу иштегенди үйрөнүп, бир бүтүнгө айланышы керек. Бул долбоордо Хё Соп скрипкада мыкты ойноп көзгө көрүнгөн.

Узун бою тоскоол болуп...

Музыкалык агенттикте 3 жыл тажрыйба топтоп, окуган жигит азыр бизге белгилүү “GOT7” тобунун курамында болмок. Топтун мүчөлөрү менен чогуу жашап, окуп, ырдап, бийлеген ал мына дебют жасаарда кошулбай калган. Себеп анын башка жигиттерден боюнун өтө узундугу жана жетишерлик таланты жоктугу болуп калган. Мындан кийин Ан Хё Соп көпкө чейин “эмнеге боюм узун, кыска эле болсом болмок” деп узун боюна нааразы болуп жүргөн.

Дос

“GOT7’ге” кошулбай калганын жашоонун дагы бир сыноосу деп кабыл алган Ан Хё Соп өзүн колго алган. Анан да ал чыныгы дос тапканын айтат. “GOT7’дин” курамында кытайлык Жексон Ван да бар болчу (азыр жеке чыгармачылыгы менен алек). Экөөнүн тең ата-энеси, достору алыста эле. Жакындарын сагынганда же оор учурларда Жексон экөө сүйлөшүп, сыр төгүшүп жүрүп жакын досторго айланган.

Музыка

Баары бир ал ырчы катары дебют жасады, кыска убакытка гана, бирок ырчы аталды. Бойлору өзү теңдүү жигиттерден турган «One O One» тобуна кошулган. Топ бир нече ырларды жарыкка чыгарганы менен, көп өтпөй тарап кетишкен. Хё Соп болсо өзүн чыгармачылыктын башка тармактарынан да сынап көрүүнү чечти.

Билими

Баса, каарманыбыз балалык кыялын ишке ашырган, дипломат болбосо да, ага жакын кесиптин ээси болду. Кореяга келери менен Сеулдагы Кукмин университетине тапшырып, эл аралык бизнес факультетин ийгиликтүү аяктаган. Агасы фармацевт, эжеси бухгалтер кесибинин ээси.

Кино

Ан Хё Соптун карьерасында музыкага караганда тасма талаасында туруктуулук байкалат. Дебюттук ролу 2015-жылы экранга чыккан “Сүйүү чачырандысы” дорамасында болгон. Эпизоддук роль болгону менен, көзгө көрүнөрлүк оюн көрсөткөн. 2017-жылы чыккан “Шакек ханышасы” жана “Кызыктай ата” дорамаларынан кийин жаш актёрду башкы ролдорго чакыра башташкан. 2020-жылдан баштап гана чыныгы атактуулук келди. Дал ушул жылдардан тарта “30, бирок 17”, “Мугалим Ким, дарыгер – романтик”, “Туңгуюк”, “Кызматтык сунуш”, “Убакыт сага чакырып жатат” жана башка дорамалар жаралып, Ан Хё Соп дүйнөлүк кино жылдызга айланды.

Үйдө

Экранда түрдүү образдарды жараткан актёр үйүндө тынчтыкта эс алганды жактырат. Эң жакын досторунун бири – Бол аттуу мышыгы. Социалдык баракчаларында өзүнүкүнө караганда Болдун сүрөттөрүн жүктөгөндү жакшы көрөт. Анан да спорттун түрлөрү менен машыгат, “краш” болуу үчүн аракет керек да. Китеп сүйүүчүсү. Дейл Карнеги, Зигмунд Фрейддин күйөрманы. Өзүнө жаккан китептерди жакын адамдарына белек кылып, алар менен ой бөлүшкөндү баалайт.

Бойдок

28 жашка чыккан актёр азыркыга чейин “баланча менен кыз-жигит” деп кармала элек. Кайсы бир дорамалардагы өнөктөш актрисалар менен “жабыштыргандар” бар, бирок Ан Хё Соп сүйүү мамилесине убактысы жок экенин айтып келет. Айтор, актёр, модель, ырчы мырза көз күйдүргөн бойдоктордун катарында.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1087, 6-12-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан