КАРАЛАР ДҮЙНӨСҮНҮН АЛПЫ КАМЧЫ КӨЛБАЕВ ӨЛТҮРҮЛДҮ

4-октябрь күнү Бишкектеги атайын операция учурунда кримавторитет Камчы Көлбаев өлтүрүлдү. УКМКнын маалыматына таянсак, Көлбаев аны кармап кетүүгө куралдуу каршылык көрсөткөн. “Мыйзамдагы уурунун” өлтүрүлгөнүн ырастаган сүрөттөр жарыяланып, көп өтпөй Көлбаевдин сөөгүн жакындары өлүкканадан алып кеткен учуру тартылган видео тарады. Анын сөөгү 5-октябрь күнү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында жерге берилди.

АКШны чочулаткан, Борбордук Азияга таасирдүү адам

Камчы Көлбаев 1974-жылы 3-августта Чолпон-Ата шаарында төрөлгөн. Кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин көп жылдан берки жакын санаалашы болуп жүрүп, 1990-жылдардын аягында экөө урушуп кетишкени айтылат. 2000-жылдары Рысбек Акматбаевге кол салуу болуп, анын эки жан сакчысы өлтүрүлүп, өзү тирүү калган. Ушул кылмыш боюнча Көлбаевге айып тагылып, сот аны күнөөлүү деп таап, 25 жылга эркинен ажыраткан. 2008-жылы Камчы Көлбаевге Москвада “мыйзамдагы ууру” статусу ыйгарылган. Кыргызстандын ошол кездеги ички иштер министри Мурат Суталинов Көлбаевдин “таажы кийиши” Кыргызстанда кылмыштуу баш аламандыктарды иретке салат деп үмүт арткан.

– Бул кыргыздардын арасынан “мыйзамдагы ууру” аталган биринчи кыргыз. Эми өлкөбүздүн кылмыш дүйнөсүндө кандайдыр бир деңгээлде турукташуу болот, мыйзам бузуучулар, шылуундар азаят деп ойлойм,- деген Суталинов. “Коля киргиз” лакап атын алып жүргөн Камчы Көлбаев Кыргызстанда гана эмес, КМШнын кылмыш дүйнөсүндөгү таасирдүү адам болгон. Ага 2008-жылы Москвада Япончик жана Дед Хасан лакап аттары менен белгилүү орусиялык кримтөбөлдөр жеке таажы кийгизип, “коронациясына” катышканы айтылат. Көлбаев бир эмес, бир нече жолу ар кандай кылмыштар, анын ичинде каракчылык, адам уурдоо, тоноо, кылмыштуу топторду түзүү, баңгизатын сатуу беренелери менен айып тагылып, камалып чыккан. 2014-жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти Көлбаевдин уюшкан тобу боюнча баалуу маалыматтарга 1 миллион доллар сыйлык жарыялаган. 2017-жылы кримтөбөлдү АКШ "кара тизмеге" киргизген.

Камчыбек Ташиев “караларды” өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырган

Эсиңиздерге салсак, мындан эки ай мурун УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев криминалдык дүйнөнүн өкүлдөрүнө кайрылып, аларды өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырган. Айта кетсек, 4-октябрда Көлбаевди кармоо операциясы жүргөн жерге саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен башкы прокурор Курманкул Зулушев да барган. Алымкадыр Бейшеналиев муну “Тез жардам” унааларын камсыздаш үчүн бардым” деп түшүндүрсө, Зулушевдин ал жерге эмнеге барганы тууралуу комментарий бериле элек. УКМК болсо Камчы Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлерден ири өлчөмдө мүлктөрдү мыйзамсыз тартып алуу фактылары жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздардын негизинде жүргөнүн маалымдады. Ошондой эле Көлбаев операция учурунда куралдуу каршылык көрсөткөнү, атайын багыттагы жоокерлер ага жооптуу ок атып, Көлбаев алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза тапканы айтылды. 5-октябрда аны менен коштошуу зыйнатына 5 миңдей адам барды деген маалыматтар чыкты.

5-октябрда Камчыбек Ташиев "уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш мындан ары да күчөйт. Бир криминал баш көтөрсө башын кыя чабабыз" деп билдирүү жасады.

Теманы улай...

4-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Алтуха каймана аты менен таанымал Алтынбек Ибраимов үй камагына чыгарылганы белгилүү болду. Ал Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү деп айтылып келет. Көлбаевдин кылмыштуу тобунун дагы бир мүчөсү деп айтылган кримтөбөл Адилет Касанов ден соолугуна байланыштуу быйыл сентябрда үй камагына чыгарылганы ачыкка чыкты. Интернет желесинде Көлбаевдин ордун Сакал каймана атка ээ кримавторитет Улан Токтосунов басат деген маалыматтар тарады.

Жанар Акаев, депутат: “Кримавторитеттин өлүмүн драмалаштыруунун кереги жок”

– Криминалга каршы күрөштүн бардык түрүн колдойм. Кечээги окуя кандай болгонун, кафенин ичинде эмнелер болгонун так билбейм. Бирок кримтөбөлдүн өлүмүн драмалаштырып, аны колдоп, ай-күнгө теңеген аракеттердин баарына каршымын. Кыргызстанда бир гана “авторитет” – бул мыйзам болушу керек. Маселени “каралар” менен чечебиз, мунун ордуна тиги келет деген кептер жүрүп жатат азыр. Ошондой кептердин чындыгы болсо күч органдары аларды түп орду менен жок кылышы керек. Кыргызстанда “каралар”, “криминалдар” деген түшүнүк таптакыр болбошу керек. Түрмөлөрдө да, эркиндикте да, ишкерлерди тоногон, салык салган, ишине тоскоолдук кылган каралар дүйнөсүн түп орду менен жоготуу зарыл. Ушундай мыйзамсыз иштер менен алектенем деп аракет кылгандардын баарын түрмөгө тыгыш керек.

Артур Медетбеков, генерал: “Кримтөбөлдөр мамлекеттин саясий системине кийлигише баштаган эле”

– Кечээги Көлбаевди кармоо операциясы бул бир эле күндө ишке ашып кеткен операция эмес. Буга чейинки анын иш-аракеттери укук коргоо органдары тарабынан дыкат талданып, иликтенген. Өлкөдө мына 2 ай ичинде көптөгөн уюшкан кылмыштуу топтун анабашчылары кармалды, бир нече жолу эскертүү алышты. Анткени кылмыштуу топтун мүчөлөрү системдүү жайылып алышкан болчу, депутат, чиновниктер, укук коргоо органдарында, сот, прокуратурада иштеген кызматкерлер менен чырмалып алышты. Өздөрүнүн адамдарын айылдык, шаардык кеңештерге коюп акыркы убактарда мамлекеттик саясий түзүлүшкө аралаша башташкан. Мына ушунун баарын атайын кызматтар бир нече айлар бою талдап келишти да. Мындай кармоо операциялары мурун деле болуп келген, бул окуядагы өзгөчөлүк бир канча эскертүүлөргө карабай криминалдар мыйзамсыз, ыплас иштерге көп аралашып, ачык эле баш көтөрүп алышканында болду. Криминалдар мыйзамсыз байып, бирөөнүн кафе-ресторандарын көз көрүнө эле өзүнө жаздыртып алып, талап-тоноого өтүштү. Бул аракеттер албетте, мамлекеттин имиджине доо кетирери анык. Эми бул операцияны саясатташтырып, андан экономикалык же саясий упай топтоого аракет кылгандар болуп жатат. Бул туура эмес, биз мыйзамы бар өлкөдө жашайбыз, ишкерлерди талап-тоноп, экономикабызга бут тоскондордун баарынын канаттары кыркылышы керек. Ордуна тиги келет экен, бул келет экен деген кептер болуп жатат. Ошол келем деген адам акылдуу болсо аябай ойлонушу керек, тагдырлар, тарых кайталанып жатканын көрсө, ал жол менен кетишпейт. Ордуна башкалар келсе деле азыркылардай системдүү жайыла албайт, булардай алардын каржы ресурсу жок. Ал эми Көлбаевдин мыйзамсыз байыган тарапташтары, жакындарына текшерүү, тинтүү жүргүзүлүп, суракка чакырылышы мүмкүн. Бирок укук коргоо органдары алардын көзүн тазалоого кызыкдар эмес деп ойлойм. Алардын мурункудай коркутуп-үркүтүп, сес көрсөтүп “хаосту” жаратам деген аракеттерине укук коргоо органдары мүмкүндүк бербейт.

Өмүрбек Суваналиев, саясий ишмер: “Көлбаевдин империясы урайт, уюшкан кылмыштуулук жок болот”

– Баарыбыз билебиз да, Камчы Көлбаев такай брондолгон унаа, мыкты куралданган жан сакчылар менен жүрөрүн. Кечээ түз эфирден көрүп отурдум, кармоо операциясы мыйзам чегинде болду. Мен дагы министр болуп, жетекчилик кызматтарда иштеген адаммын “сен барып тигини атып сал” деп буйрук берүү оңой эмес. Чындап эле Көлбаевдин куралчан адамдары спецназга каршылык көрсөткөн. Спецназ эч кимдин буйругун, командасын күтпөйт, каршы тарап ок чыгардыбы, атып таштаганга акысы бар. Бул окуяны саясатташтыруунун кереги жок. Көлбаев кримчөйрөнүн монополисти болуп алган эле. Эл аралык деңгээлге чыгып, аны “братский кругга” киргизишкен. СССР убагындагы кримчөйрөнүн эң акыркы могикандары Япончик, Дед Хасан сыяктуу кримавторитеттер ага таажы кийгизишкен. Бизде Көлбаевдин деңгээлине жете турган кримавторитет жок. Жакшысы – бул адамдын жок кылынышы менен ал курган империя да урайт. Президенттердин режими ураганда качып кетип, курган империясы талкаланып жок болгондой эле, Көлбаев түзгөн систем да өзү менен кошо кетет. Эми парламент буларга каршы жакшы мыйзамдарды жазып бекитип берсе, эч кандай кримавторитет түшүнүгү жок эле жашаган өлкө болобуз.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1087, 6-12-октябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан