ВИ ХА ЖУН

“Кальмар оюну” дорамасы дүйнөгө дүң болуп турганда андагы полиция кызматкеринин ролун аткарган актёр Ви Ха Жундун да жылдызы жанган. Бокс, жиу-житсу менен машыккан жигит тасмаларда уруш-мушташ сценаларын ийине жеткире аткарат. Учурда Кореянын дагы бир белгилүү актёру Жи Чан Ук экөө “Жамандыктын эң жаманы” аталышындагы боевик, криминал, драма жанрындагы сериалда жылдыз болушууда. Мафиозинин образы жарашкан Ви Жа Хундун чыгармачылык жолуна саресеп салдык.

Туулган жери: Түштүк Корея, Соан-Мён

Туулган жылы: 1991-жыл, 5-август

Жылдыз белгиси: арстан

Бою: 180 сантиметр

Билими: Сунгул университетинин театр жана кино бөлүмүндө окуган

Кесиби: актёр, модель

Тартылган белгилүү дорамалары: “Кайрадан 18”, “Кальмар оюну”, “Жаман жана жинди”, “Кичинекей аялдар”, “Жамандыктын эң жаманы”

“Кальмар оюну”

– “Кальмар оюну” дорамасынын сценарийин окуганда менин каарманым Чон Хо көпчүлүк учурда жалгыз эле тартыларын байкадым. Бирөө менен диалогдо аткарсаң жеңилирээк болот да. Жалгыз болгондо көрөрманды ишендиргенге көп эмгек керек. Ошондуктан каарманымдын жашоосуна сүңгүп киргенге аракет кылдым. Бактыга жараша Чон Хо адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн полиция кызматкери эле, анан да бир тууган агасын издеп тапканга болгон күчүн жумшады. Сериалдын башынан аягына чейин чыңалууда жүргөн персонаж болду. Долбоор мынчалык популярдуу болот деп ойлогон эмесмин. Кино тарыхында из калтырган сериалга тартылганыма кубанычтамын,- дейт Ви Ха Жун.

2021-жылы сентябрь айында “Кальмар оюну” сериалы экранга чыкканча актёрдун Инстаграм баракчасындагы катталуучуларынын саны 300 миң эле. Дорамадан кийин катталуучулардын саны кыска аралыкта 6 миллионго жеткен. 2012-жылы дебют жасаган Ха Жунга дүйнөлүк атактуулук алып келген дал ушул “Кальмар оюну” болду. Айылдын баласы

Актёрдун чыныгы аты-жөнү Ви Хён И. Чыгармачылыкка аралашкандан кийин гана Ви Ха Жун кылып өзгөртүп алган. Айыл жергесинде жашаган карапайым үй-бүлөдөн чыккан. Ал жашаган Соан-Мён айылынын жашоочулары дыйканчылык, балык уулоо сыяктуу иштер менен алектенишет. Ви Хён Инин атасы да фермер, деликатес деп саналган моллюскаларды багып, өстүрүшөт. 1300 үй-бүлө жашаган чакан айылдан Ви Ха Жундай жылдыз чыкканына айылдаштары сыймыктанышат.

Аскер аба күчтөрүндө кызмат өтөгөн

Арык, бою жапыз бала эле кичине кезинде. Өспүрүм кезинен актёр болом деп максат койгон. Максатына жетиш үчүн шаарга барыш керек экенин түшүнүп, Сеулдагы бир мектепке которулуп алат. Ал жакта активдүү окуучу болду, мектебиндеги бий студиясына да барып жүрдү. Актёрлукка жетиш үчүн билим керек эле, андыктан мектептен кийин Сунгул университетинин театр жана кино бөлүмүнө тапшырган. Ар бир кадамын эсептеген жигит эгер актёрлукка киришсем, армияга барганда тыныгуу алганга туура келет. Андан көрө биринчи милдетимди аткарайын деп Түштүк Кореянын аскер аба күчтөрүндө аскердик кызматын өтөп келген.

Максатына жетти

Актёрлук тушоосу 2012-жылы кесилди. Эпизоддук, экинчи пландагы ролдорго тартылып жүрүп, 2018-жылы “Конжиам психиатриялык ооруканасы” дорамасында башкы каарман болгон. Ужас жанрындагы сериал жакшы кабыл алынып, Ви Ха Жундун актёр катары ийгиликтүү жолу башталган. Анан эле “Кальмар оюну” чыкты, ошол эле жылы боевик жанрындагы “Акула: Башталыш” тасмасына тартылды. Популярдуу актёр Ли Дон Ук менен “Жаман жана жинди” дорамасы да актёрго аброй, атак кошту. Эгер боевик, криминал жанрындагы тасмаларды жактырсаңыз, учурда жогорку рейтингди багынтып жаткан Ха Жун башкы ролдогу “Жамандыктын эң жаманы” дорамасын көрүүнү сунуштайбыз. Алдыда актёрдон дагы бир жаңы роль күтүлүүдө. Актёрдук курамда мен-мен деген атактуулар катышкан (Пак Со Жун, Хан Со Хи, Ви Ха Жун, Ким Су Хён жана башкалар) “Кёнсондогу жандык” дорамасы ушул жылы чыгат деп турат.

Камерадан сырткары...

Камерадан сырткары күнүмдүк жашоосуна келсек, актёр аптасына 5 жолу спорт залга барып машыгат. Акробатика, бокс, жиу-житсу, баскетбол ойноого кызыгат. Спортко ушунчалык көп көңүл бөлгөн адамдын келбети, албетте, суктанарлык болот да. Жөн жерден Ви Ха Жун популярдуу журналдардын башкы бетинде байма-бай чыгып турбайт. Анан да дүйнөлүк бренддердин жүзү, суроо-талапка ээ модель.

Бош убактысында үй-бүлөсүнө да көңүл бурганга аракет кылат. Айрыкча эжесинин кызы менен көп убакыт өткөргөнүн социалдык тармактарга чыгарган сүрөттөрүнөн байкаса болот. 32 жашка чыккан актёрдун жеке жашоосунда аты ачык айтылган айым боло элек. Көптөгөн кыздарды кубандырып жүрөгү бош бойдоктордун тизмесинде жүрөт.

Ви Ха Жун тууралуу кыскача

Сүйүп жеген тамагы – рамён. Рамёнго атасы өстүргөн моллюскаларды кошуп жегенди жактырат.

Сеулга жаңы келгенде айылдык диалект менен сүйлөгөндүктөн абдан кыйналган. Диалекттен арылыш үчүн бир жыл айылдык достору менен сүйлөшпөй, СМС аркылуу гана байланышып турган.

Ырчылык өнөрү да бар. “Үй-бүлөлүк баш аламандык” сериалына саундтрек аткарган.

“Түн ортосу” тасмасындагы маньяк-киши өлтүргүчтүн ролуна тартылуу үчүн Ви Ха Жун режиссёрдун талабы менен 13 килограммга арыктаган. Тасма кино сынчылардын жогорку баасына арзып, бир нече кинофестивалдан башкы байгени утуп алган.

“Кальмар оюну” Netflix платформасындагы эң популярдуу сериалдардын катарында. Ви Ха Жун “сериалдагы печеньелерден фигураларды бөлүп чыгарган тапшырмадан башкасынын бардыгын аткара алмакмын” дейт.

2021-жылы “People” журналы Ви Ха Жунду “Дүйнөнүн эң сексуалдуу мырзаларынын” ТОП-25 тизмесине киргизген.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1090, 27-октябрь-2-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан