ЭГИЗ КЫЗДАРЫН САБАГАН АЯЛДЫН ОКУЯСЫ РЕЗОНАНС ЖАРАТТЫ

Интернет желесине кыздарын “эмнеге сиесиң?!” деп сабаган аялдын видеосу тарап, ал окуя көпчүлүктүн кыжырын келтирди. Көп өтпөй кылмышка шектүү аял камакка алынып, ал эми кыздары Араван райондук ооруканасына жаткырылды. Окуянын чоо-жайын айтып беребиз.

Айчүрөк Назаралиева, акыйкатчынын орун басары: “Кыздардын денесинде көк ала тактар бар”

- Аталган видео интернет желесине тараганда акыйкатчы Жамиля Жаманбаева дароо биздин кызмактерлерге окуя боюнча кыздардын абалын билүүгө тапшырма берген. Ага ылайык, акыйкатчынын Ош облусундагы өкүлчүлүгү Араван райондук ооруканасына барышты. Бирок биздин кызматкерлер барганда атасы кыздарды соттук-медициналык экспертизага алып кеткендиктен жолуга алган эмес. Кызматкерлерибиз соттук-медициналык эсперттер менен жолугуп маалымат алышты. Эскперттердин айтуусунда, кыздардын денесинен көптөгөн көк ала тактар, шиишктер, ийне менен сайылган тактар аныкталган. Медицина кызматкерлери жабыр тарткан кыздардын абалы орто оор, бирок туруктуу дешти. Ошондой эле, өкүлдөрүбүз Араван райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери менен да жолугушкан. Алар берген маалыматка таянсак, тийиштүү документтер толук тапшырылбагандыктан, 2023-жылдын май айынан бери кыздарга жөлөк пул төлөнгөн эмес. 2022-жылдын 1-майынан 2023-жылдын 30-апрелине чейин эгиз кыздардын ар бирине 1200 сом өлчөмүндө жөлөк пул төлөнүп келген.

“Камалган келин кайын-журту кордук көрсөтүп келгенин айтты”

- Биздин өкүлдөр Араван РИИБинин убактылуу кармоочу жайында отурган келинге да жолугушту. Кылмышка шектүү С.Д. эгиз кыздарды биринчи күйөөсүнөн төрөгөнүн, ал менен ажырашкандан 6 айдан кийин азыркы күйөөсүнө турмушка чыкканын айтты. Ошондй эле, жарандык никедеги күйөөсүнүн бир туугандары, апасы ага психологиялык басым жасап келишкенин, буга ызаланган келин ачуусун эгиз кыздарынан чыгарып жүргөнүн айткан. “Алар мени дайыма кемсинтип, психологиялык кысым көрсөтүшчү. Кыздарыма төшөккө заара ушатып жатат деп доомат коюшчу. Кайненем, кыздарымды сабап, алардын денесине ийне сайгылап кордоп келген”, - дейт кылмышка шектүү. Келин ата-энесинен эрте ажырап, чоң энесинин колунда өскөн. Мектепти 9-класска чейин окуп, кийин окуусун уланткан эмес. 18 жашка чыкканда турмушка чыгып, эгиз кыздуу болгон. Кийин жолдошу менен ажырашып кетип, балдары менен өзүнүн атасынын үйүнө кайтып келген. Бирок, 5 баласы менен ажырашып келген С.Днын атасынын карындашы анын атасынын үйүнө кирип алып, аны киргизбей койгон.

Аял андан кийин С.Х. аттуу жаран менен никеге туруп, анын туугандарынын үйүндө жашап калат, бирок кайын журту анын кыздарын кабыл алышкан эмес. Анын айтымында, кайын энеси эгиздерди сабап, кордоп келген. Келин “кыздарым менен барарга жерим жок, көчөдө калгандыктан, аргасыз күйөөгө тийгем” деп ыйлаптыр. Учурда эгиз кыздар атасынын колунда, бирок ал кыздардын бирөөсүн гана карай алам деп жатыптыр. Бакканга жараша экөөнү тең багыш керек да. Биз бул келинге моралдык, психологиялык колдоо керек деп ойлойбуз. Укук коргоо жана прокуратура органдарын эгиз кыздардын укугун коргоого чакырабыз.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1093, 17-23-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан