ЛИ ФЕЛИКС

Корей маданиятын дүйнө жүзүнө ийгиликтүү таратып жаткан таланттардын арасында «Stray Kids» тобу бар. Топто болсо көзгө көрүнүктүү, үнү кулакка жагымдуу ырчы жигит бар – Ли Феликс деген. 23 жаштагы Феликстин күйөрмандары да, хейтерлери да көп. Көпчүлүктүн кызыгуусун жаратса, демек, иштеп жатат. Бийчи, рэпер мырзанын өмүр баянында музыка дүйнөсүнөн сырткары да кызыктар көп экен...

Аты-жөнү: Ли Феликс, Ли Ен Бок

Туулган жери: Австралия, Сидней

Туулган жылы: 2000-жыл, 15-сентябрь

Жылдыз белгиси: бийкеч

Бою: 174 сантиметр

Кесиби: «Stray Kids» тобунун мүчөсү, бийчи, рэпер, ырлардын автору

Инстаграмдагы катталуучуларынын саны: 9,5 миллион

Австралиялык корей

Феликстин корей тилине караганда англисче түш жоруганы бекеринен эмес. Анткени анын үй-бүлөсү корей улутунан болгону менен, Австралияда жашап келишет. Эжеси Рейчел, карындашы Оливия сыяктуу эле Феликс да Сидней шаарында төрөлүп, балалыктын бактылуу күндөрүн өткөргөн. Корейче ысымы Ли Ен Бок, бирок кичинесинен Австралияда коюлган Ли Феликс атына көнгөндүктөн Ли Ен Бок ысымын жактыра бербейт.

Кореяга сапар

“Кокустан болгон жолугушуулар кокустук эмес” деген сөз Феликстин келечек кесибин тандоого түрткү берген. 2016-жылы Сиднейдеги соода борборлорунун бирин кыдырып жүргөн жигитке Түштүк Кореядагы атактуу “JYP” музыкалык агенттигинин өкүлү жолугуп калат. Ал Феликсти Кореяга барып, өз талантын сынап көрүүнү сунуштаган. 16 жаштагы жигит ал мезгилде колледжде окуп жаткан эле, окуусун таштай албасын айтып, жаңы таанышын жолго салганы менен, ойлонуп калат. Кийинки бир жыл убактысын корей тилин жакшылап өздөштүрүүгө арнап, 2017-жылы чемоданын көтөрүп алып Кореяга келе берген.

«Stray Kids»

“JYP’ге” келген учурда жаш таланттарды иргеген «Stray Kids» шоусу жүрүп жаткан. Бий чеберчилиги жетишсиз жана корей тилинен аксагандыктан Феликс шоунун 8-аптасында сынактан чыгып калат. Бирок көрүүчүлөрдүн добушу жана продюсерлердин чечими менен кайрадан финалдык чыгарылышка катышып, 9 жигиттен турган жаңы «Stray Kids» тобунун курамына кошулган. Азыр ал топтун хореографиясына жана рэп партияларына жооп берет. Андан сырткары ырлардын сөзүн, обонун жаратууга катышат. «Stray Kids» 2018-жылы дебют жасаган. Андан бери көптөгөн хиттер жаралды, дүйнөлүк турларга чыгышты. Түштүк Кореягы караганда Японияда, АКШда топтун күйөрмандары көп деп эсептелинет. Быйылкы жылдын сентябрь айында АКШда өткөн “MTV Video Music Awards (VMA) 2023” сыйлык тапшыруу аземинин
K-pop номинациясында «Stray Kids» жеңүүчү аталды. Бул номинацияда корейлердин “Blackpink”, “Аespa”, “Fifty-Fifty”, “Seventeen” сындуу алп топтору ат салышкан эле... Топтун жеңишине чоң салымы бар Феликс жеке ырчылык карьерасын да ийгиликтүү алып келе жатат. Анын калемине таандык ырлар дорамаларда саундтрек катары жаңырып келет.

Феликс жана спорт

Ырчы мырзанын ырдап, бийлегенден башка колунан эч нерсе келбейт дегендер жаңылышат. Аны менен күч сынашуудан мурун да ойлонуу керек. Анткени Феликс 12 жыл тхэквондо менен машыгып, кара курдун татыктуу ээси болгон. Сууда сүзүүдө да анча-мынчаларды астына салбайт, сүзүү боюнча сынактарда байгелүү орундарга жеткен. Кызыккан спорт түрлөрүнүн арасында футбол да бар. Жөө күлүк, 100 метр аралыкты 14 секундда чуркап өтө алат. Бийди деле спот түрүнө кошсок болот да, учурда Ли Феликс өзү эле бийлебестен, бийлегенди каалагандарга хореограф кызматында.

Феликс жана эс алуу

Бош убактысында кадимки адамдардай эле уктап, кино көрүп, музыка угуп, бийлеп эс алганды жактырат. Анан да шопоголик, дүкөндөрдү кыдырып өзгөчө кийимдерди, аксессуарларды ала берет. Өзү мода жаратчу адамдардын катарында, кийинүү стилин сындагандар көп, бирок ага окшошкусу келгендердин саны андан да көп.

Феликс жана сүйүү

Көптөгөн кыздардын жүрөк оорусуна айланган жигит бойдок. «Stray Kids» тобуна кабыл алынып, “JYP” агенттиги менен келишим түзгөндө эле сүйүү мамилесине чекит коюлган. Тагыраагы, келишимде топтун жигиттерине бирөө менен сүйүү мамилесин түзүүгө, үйлөнүүгө, балалуу болууга тыюу салынат. Ошентсе да Феликс кыялындагы сүйүктүүсү кандай болушу керектигин ачык эле айткан. Токтоо, боорукер, ыр жана бий дүйнөсүн түшүнгөн, Феликсти эч нерседен чектебеген адам болсо болду.

Кыскача...

Корей ырчыларынан “Big Bang” тобунун ырчысы G-Dragon’дун, чет элдик ырчылардан Ариана Гранденин чыгармачылыгын баалайт.

Кайрымдуулук иш-чараларынын активдүү катышуучусу.

Кореяда жашаганына көп болсо да, корей ашканасынын ачуу тамактарына көнө албай келет.

Ысык аба ырайын жактырбайт. Жакшы көргөн жыл мезгили – күз, кыш.

Эгер өзү ырчы болбосо, башка ырчыларды чыгарган, аларга ырларды жазып берген продюсер жана композитор болмок.

Сиднейде мектепте окуп жүргөндө эле музыкалык ийримге жазылып, ал жактан пианино черткенди үйрөнүп алган.

2023-жылдын 23-августунан баштап Louis Vuitton брендинин амбассадору аталды.

Битбокс чебери.

“Marvel” кинолорунун күйөрманы.

- 2018-жылы “Дүйнөдөгү эң сулуу жүздөр” ТОП-100дүгүндө 43-орунду алган. Ашканада мыкты ашпоз. Түрдүү тамак-аш жасап досторун, кесиптештерин сыйлаганды жактырат.

- Жүзүндө сепкил көп. Ырчы мырза сепкилдерди өзүнүн өзгөчөлүгү катары баалайт.

Жашоодогу урааны: “Эр жүрөк бол!”

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1093, 17-23-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан