Одилжон Абдурахманов, футболчу: “АЗИЯ КУБОГУНДА ЖАКШЫ ЖЫЙЫНТЫККА ЖЕТҮҮГӨ БАР КҮЧҮБҮЗДҮ ЖУМШАЙБЫЗ”

Бишкек. Дөлөн Өмүрзаков стадиону. Кыргызстан – Оман беттеши. Күздүн суугуна карабай жан үрөп гол күткөн күйөрмандар. Күйөрмандардын тилеги оюндун экинчи бөлүгүндө Одилжон Абдурахманов тарабынан орундалды. Жалгыз голдун жаратуучусу, турнирдин мыкты оюнчусу Одилжон мырза менен Малайзиядагы жеңилүү, өз үйүбүздөгү жеңиш тууралуу баарлаштык.

– Кандайсыз, Одилжон мырза? Жеңишиңиздер менен куттуктайбыз! Оюн бүтөрү менен кичи мекениңиз Кызыл-Кыяга сапар алдыңызбы?

– Жакшы, чоң рахмат. Жеңиш жалпы кыргыз элимдики. Ооба, көптөн бери үйгө бара элек болчумун. Кичи мекениме, жакындарыма чоң сагыныч менен баратам. Кайда гана жүрбө өзүңдүн туулуп-өскөн жериңден эч бири өйдө турбайт. Үйдө он күндөй эс алам. Анан, буюрса, кайрадан Азия кубогуна карата даярдыкты баштайбыз.

– Турнирдин мыкты оюнчусу аталдыңыз, бул сизге күтүүсүз болдубу?

– Чынында, күтүүсүз нерсе эмес. Себеби ар бир оюнга жеңиш үчүн чыгам. Эч качан мен мыкты болоюн деп ойлобойсуң, бул нерсе маанилүү деле эмес. Эң негизгиси кайсы оюн болбосун өзүмдүн бар күчүмдү жумшап өлкөбүзгө, курама командага жеңиш алып келүүгө өз салымымды кошсом дейм. Бизди тандап курама алгандан кийин ушунча элдин алдындагы моюнубуздагы жоопкерчиликти сезебиз. Оюн талаасына өзүбүздү толук берүү үчүн чыгабыз. Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарындагы негизги максатыбыз тайпадагы атаандаштарыбызды утуп, кийинки баскычка өтүү болчу. Алдыда дагы 4 оюн бар, алар 2024-жылы орун алат.

– Гол жараткан учурда атайын топту күтүп, сүрмө топтон обочолонуп турдуңуз беле?

– Ооба, топ серпиле турган аймакта атайын топту күтүп тургам. Машыктыруучубуздун тактикасы ушундай эле. Машыгуу учурунда ким кайсы жерге чуркайт, ким топко жооптуу болот баары көрсөтүлгөн. Бул нерсе ар бир машыгууда жасала турган ыкмалар.

– Гол киргизгенден кийинки кыска бийиңизди атайын даярдадыңыз беле? Ал эмнени билдирет?

– Жок, атайын даярдалган эмес (күлүп). Мага өзү лезгинка бийлеген жагат. Гол жаралгандан кийинки кубаныч менен күйөрмандарга бир аз бийлеп койдум. Бул өзү кубанычтан улам болуп кеткен нерсе.

– Малайзиядагы коргонуудагы катачылыктардан кийин Таркович сизге Оман менен болгон оюнга кандай тапшырмаларды берди? Аларды аткара алдыңызбы?

– Малайзиядагы оюнда кетирген каталарыбызды машыктыруучу теория жүзүндө баарыбызга көрсөтүп берген. Катачылыктар болду, бирок артка жолу жок да. Эң негизгиси биз ал оюнду тезирээк унутуп, кийинки оюнга өзүбүздү моралдык жактан дагы даярдап, Оманды сөзсүз утушубуз керек болчу. Көптөгөн оюнчулардын жаракаты болуп октябрда курама команда толук жакшы чогула албай калдык. Биринчи оюнда оюнчулардын бирин-бири түшүнүшү кыйын болду. Ал эми экинчи оюнда балдар оюнун түшүнүп, абал жакшырды. Омандын алсыз тарабын машыктыруучу талдап көрсөттү. Тарковичтин койгон тапшырмаларын так аткарууга аракет кылдык. Эми айрым учурларда толук түрдө аткара албай дагы калган учурлар болду. Бирок кантсе дагы жакшы жыйынтыкка жеттик.

– Сезондун аягында оюн өткөрүп жатасыңар, чарчап турган учур эмеспи?

– Ооба, сезондун аягында көпчүлүк оюнчулар чарчап калат. Баары бир билинер-билинбес алсыздык болот. Бирок бул сапар балдардын физикалык абалы жакшы эле болду.

– Жаңы машыктыруучу Таркович менен иштешүү жеңил эле болуп жатабы?

– Ооба, жеңил эле болуп жатат. Андан биз дагы көп нерсени үйрөнүүгө аракет кылып жатабыз, ал дагы бизге көп нерсени түшүндүрүп жатат. Бири-бирибизди түшүнүп команда оюнун акырындык менен таба баштады.

– Стадионго келген элдин, жакындарыңыздын колдоосу тууралуу дагы кеп кылалы...

– Ооба, элибиздин, жакындарыбыздын колдоосу биз үчүн өтө маанилүү. Баарына чоң ыраазычылык билдирем. Бул оюнда дагы мыкты колдошту. Оюн 90 мүнөт болсо бир секунд дагы бизден бөлүнүшкөн жок. Алардын деми бизге сезилип турду. Жакындарым алыс экендигине карабай Кызыл-Кыядан бери келип колдошту.

– 2024-жыл жыл жаңырары менен Азия кубогу башталат, команда оюнга канчалык даяр болуп калдыңар?

– Азыр 100 пайыз даярбыз дей албайм. Буюрса, январга чейин бардык балдар бири-бирибизди түшүнүп, физикалык, моралдык жактан даяр болобуз деп ойлойм. Буюрса, даярдык көрүп, Азия кубогунда жакшы жыйынтыкка жетүүгө бар аракетибизди жумшайбыз.

– Азыр идеалдуу курам түзүлдүбү? Оюнчулар бири-бириңерди канчалык түшүнүп калдыңар?

– Идеалдуу курам түзүлдү деп айта албайм. Себеби курама команда бир жылда көп болсо 5 жолу чогулат. Ошондуктан бир аз түшүнбөстүктөр орун алып калат. Ал эми Азия кубогуна чейин биз узагыраак убакытка чогулабыз, жаракаты бар балдар катарга кошулат. Ошол учур бири-бирибизди түшүнүшүүгө дагы да жакшы шарт түзөт.

– Клубдук карьераңыз тууралуу да сүйлөшөлү. Кыргызтандагы бардык турнирлерди уттуңуз. Анан Өзбекстандагы белгилүү “Бунёдкор” клубунда ойнодуңуз. Ал жактын футболунан кандай тажрыйба ала алдыңыз?

– “Бунёдкор” мени абдан жылуу тосуп алды, командага бат эле аралашып кеттим. Ал жактан жакшы тажрыйба топтой алдым. Ойноо чеберчилигим өстү. Өзбектандын курама командасында ойноп жүргөн тажрыйбалуу оюнчулар мага көп нерсени үйрөтүштү. Ал жактын футболу тез, деңгээли башка.

– Бул сезондо Казакстандын “Мактараал” командасында ойнодуңуз. Өзбекстан менен Казакстандын футболунда кандай өзгөчөлүктөрдү байкадыңыз?

– Казакстандын чемпиондугу дагы мыкты деңгээлде. Анткени клубдар европалык квалификацияда ойнойт. Эки жактын футболун салыштырганда Өзбекстан чемпиондугунда техникалык чеберчиликке басым жасалат, ал эми Казакстанда деле техникалык жактан оюнчулар мыкты болгону менен, кара күчкө, атлетизмге көбүрөөк таянышат.

– Баса, оюн аяктап калганда аксагандай болуп жаттыңыз. Ден соолук жайындабы?

– Кудайга шүгүр, жакшы. Октябрь айында жаракат алып калгам. Ал калыптануу учурунда болчу. Эки оюн удаа болуп калды, жол жүрүп келдик, анан дагы Омандын бир оюнчусу бутка тээп жиберди. Ошолор себеп болуп бутум тырышып калып жатты. Болбосо баары жакшы.

– Ар дайым жакшы болсун. Сизге ийгилик каалайбыз.

– Сиздерге дагы рахмат.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1094, 24-30-ноябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан