Адам денесин күйгүзүп алганда, дарыгерге чейинки биринчи жардамды көрсөтүүнү билгенибиз жакшы. Туура эмес аракет же кайдыгерлик жабыркаган адамдын абалын ого бетер оорлотушу мүмкүн. Келиңиз, андай учурда эмне кылса болот, эмне кылууга болбойт айтып берели.
“Тиш пастасы күйгөн жерди ого бетер күйгүзүшү мүмкүн”
– Кыргызда чоң адамбы же балабы, денеси күйсө эле каздын майын, картошка, тиш пастасы, ал тургай туз, сода басып, уйдун жаңы кыгын сүйкөп, оорутууну ого бетер күчөтүп жиберишет. Өлкөдө жакыр жашаган жана көп балалуу үй-бүлөдөгүлөр күйүккө көп кабылышат. Анткени балдар көп учурда каралбай калат. Кир жуучу машинасы жок сууну үйдө же сыртта казанга от жагып ысытышат. 1 же 2 көздүү электр плитаны көбүнчө жерге же жапыз жерге коюп иштетишет. Булар ойноп жүргөн баланын, байкабаган адамдын аларга чалынып, казанга түшүп, отко кулап дегендей күйүк алуусуна жеткирип жатат. Күйүккө учураган балдардын 80 пайызы чайнектеги ысык сууга күйгөндөр. Бул – чоңдордун шалаакылыгы...
Тиш пастасын сүйкөгөндө анын курамындагылар күйгөн жерди ого бетер күйгүзүп жибериши мүмкүн. Катып да калат. Бизге алып келгенде дарылоодон мурун ал жерди жууганга туура келет, жаракат алган адам бакырып-өкүрөт.
Күйүктүн типтери
1. Термикалык күйүк. Бул жогорку температуранын таасиринен күйүккө учуроо:
• От, жалын
• Суюктук (суу, суюк тамак, кайнак май жана башка)
• Буу. Көбүнчө дем алуу органдары, бет жабыркайт
• Кызарып, ысып турган заттардан Мисалы, ысык үтүктү, ысык казанды байкабай же шашкандан кармап алуу
2. Химиялык күйүк
• кислота
• щелоч
• оор металлдардын туздары
3. Электр тогунан күйүк
• Электр зымдарын туура эмес туташтыруу
• балдардын розеткага мык, зым сайып жибериши. Ток тарткан адамды топуракка көмүү – күлкү келерлик жорук. Анткени ток тартканда электр заряды дененин бир жагынан кирип башка жагынан чыгып кетет. Анын ордуна ток тарткан адамды дароо ооруканага жеткирүү керек.
4. Күн нуру
Күйгөн жердин өлчөмүн эсептөө
• Баш, моюн, көкүрөк, курсак, кол, жамбаш, бут кетмени – ар бири 9 пайыздан деп эсептелет
• Арка-далы, бел – 18 пайыз
• Алакан – 1 пайыз
• Жука чурай, жыныстык органдар – 1 пайыз
Мындай эсептөө балдарда башкача жүрөт. Мисалы, баланын башы менен моюну күйсө жалпы денесинин 21 пайызы күйдү деп эсептелет. Балдар күйүктү өтө оор көтөрүшөт. Андыктан аларга өтө сак болуу керек.
Адамдын бир алаканы дененин жалпы терисинин 0,80-1,5 пайызын түзөт. Ошондуктан алакан күйүктүн аянтын эсептөө бирдиги деп саналат. Мисалы, дененин 2 алакандай жери күйсө, демек 2 пайызы күйдү.
Күйүктүн даражалары
1-даражадагы күйүк. Эпидермистин сырткы катмары гана күйөт. Ал жер шишийт, кызарат.
2-даражадагы күйүк. Эпидермистин бардык катмары күйүп, катмарланат, ичине суюктук толгон барсылдактар жаралат. Дененин көп бөлүгү күйгөндө ички органдардын иштөөсү бузулат.
3-даражадагы күйүк. Эпидермис, дерма толук күйүккө учурайт.
Күйгөн жердин өңү кочкул кызыл түстө болуп, барсылдактар жаралат. Кан басым түшөт, адам эс-учун жоготушу ыктымал.
4-даражадагы күйүк. Териге кошо дерма, кан тамыр, булчуң, сөөккө чейин, ал тургай сөөктөр кошо күйүп калган болот. Күйгөн жер кара тартып, жүрөк бат-баттан кагат, кан басым кескин көтөрүлөт. Адам эс-учун жоготот. Ички органдардын иштөөсү бузулат. Адам көз жумушу мүмкүн.
Үйдөгү жана унаадагы дары кутучасында эмнелер болушу шарт?
• Күйүккө каршы дары май, аэрозоль
• Антисептикалык каражат
• Бинт, даки
• Оорутууну сездирбөөчү дары-дармектер
• Өрт өчүрүүчү аппарат (огнетушитель)
Биринчи жардам
• Күйүктүн кайсы түрү болбосун адамды алгач күйүктүн очогунан бошотуу, алып чыгуу кажет.
• Күйгөн жерди муздатуу зарыл. Шар аккан сууга (кранга же идиштен куюлган сууга) күйгөн жерди 10-15 мүнөт тосуу керек. Болбосо адамдын үстүнө сууну ошончо убакыт тындырбай куюп туруу кажет. Бирок кол какшаткан абдан муздак суу, муз болбойт. Күйгөн жер муздактан да сезгенип, адамдын абалы ого бетер оорлойт. Күйгөн жерди муздатуучу атайын аэрозолдор бар, аны да колдонсо болот.
• Күйгөн кийимди акырындык менен чечүү. Эгер кийимдин азыраак жери денеге жабышып калса, анда кийимдин ал жерин кайчы менен тегерете кесип, анан суу куюу кажет. Эгер кийимдин көп бөлүгү денеге жабышып күйсө, анда аны чечпөө керек. Болбосо кийим менен тери, күйгөн жер кошо сыйрылып, нерв, тарамыштарга ого бетер доо кетет. Ал жерди ооруканага алпарганда врачтар өз ыкмалары менен бошотуп алышат.
• Адамдын күйгөн жерин бинт же таза мата, же таза шейшеп менен таңып, ооруканага жеткириңиз. Оорутууну басуучу дары берип, ал эми таза муздак сууну тынымсыз ичирип барууну эске алыңыз. Анткени күйгөндө денедеги суюктук бат чыгып кетип, организм кургап баштайт. Дене көп кургап кетсе өлүм күтүлөт.
• Күйгөн жердеги барсылдакты жарбаңыз, болбосо инфекция кирип кетип, оору тереңдейт.
1-даражадагы күйүк жана күйгөн жердин өлчөмү кичине болсо үйдөн левомеколь, тетрациклин, синафлан дары майынын бирин сүйкөп, бинт менен таңуу, таңууну айыккыча алмаштырып туруу сунушталат. Аталган каражаттардын курамында антибиотик бар. Ошондуктан жара ырбабайт, бат бүтөт.
Дарылоо
Дарылоо күйүктүн даражасына, аянтына карата жүргүзүлөт. 2-даражадагы күйүктө күйгөн жердин аянты кичине болсо врач үйдө дарыланууга дарыларды жазып бериши мүмкүн. Кокус аянты чоң болсо ооруканага жатууга туура келет. 3-4 даражасы менен түшкөндөр 30-45 күнгө чейин жатып дарыланышат.
Дарылоодо оорутууну басуучу жана тамчылатма дары, антибиотик, витаминдер, керек делинсе кан плазмасы куюлуп, операция жасалат. Терең күйүктө терини көчүрүп жамоо зарылчылыгы чыгат. Адамдын денесинин бир жеринен тери алынып, ал атайын аппараттан чоюлуп, чоңойтулат. Ошол тери күйгөн жердин бетине жамалат. Колтук, жука чурай, чыканак, тизенин алды, муундар, манжалар күйсө, кийин ошол жерлер жакшы иштебей, тырышып ачылбай калуу ыктымалдыгы бар. Ошондуктан анын алдын алып, операция жасалат. Аталган жерлер толук иштеп калганга чейин оорулууну убак-убагы менен чакырып, текшерип, тийиштүү көнүгүүлөрдү жасоо үйрөтүлөт.
Күйүп көп тырык калган жерлерге кийин пластикалык операция жасатуу оң.
Эгер балдардын колу же буту көбүрөөк күйсө, убакыт өткөн сайын алардын калган денеси өсүп, күйгөн жер өспөй калышы мүмкүн. Ошондуктан бала майыптыкка учурабашы үчүн сөзсүз түрдө толук дарылатуу шарт.
Материалды даярдоого көмөктөшкөнү үчүн Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын күйүк бөлүмүнүн врачы Асылбай Базакечевге ыраазычылык билдиребиз.
Канымжан Усупбекова