КЫЗДАРДЫН ЖҮРӨК ООРУСУ – ДИЛАН ВАН

Корейлердин 2009-жылы чыккан “Мыкты жигиттер” (“F4”) дорамасы, андага баш каармандар Гу Жун Пё менен Гым Чан Ди көптөгөн өлкөлөргө, анын ичинде Кыргызстанга да “корей толкунун” кенен жайылткан. Бул дорама япониялык жазуучу Йоко Камионун мангасынын негизинде тартылган. 2018-жылы манганы кытайлар да ремейк кылды. Тагыраагы, “Жылдыздар учкан бак” аталышындагы сериал экранга чыкты. Ремейк болсо да хит болгон долбоордо баш каармандын ролун Дилан Ван аткарып, дүйнөлүк атактуулукту багынта алган. Учурда Дилан Ван кытайлык “краштардын” тизмесинде. Сөзүбүз кино, музыка ааламында өз ордун тапкан таланттуу мырза тууралуу болмокчу.

Аты-жөнү: Ван Хэ Ди

Псевдоними: Дилан Ван

Туулган жери: Кытай, Чэнду

Туулган жылы: 1998-жыл, 20-декабрь

Жылдыз белгиси: жаачы (чыгыш гороскоп боюнча: жолборс)

Бою: 184 сантиметр

Кесиби: актёр, модель, ырчы

Тартылган белгилүү сериалдары: “Жылдыздар учкан бак” (“F4”), “Тыюу салынган сүйүү”, “Түн болсун-2”, “Эч качан багынба”, “Орхидея менен Жин падышасынын айрылуусу”, “Бир гана сүйүү үчүн” жана башка

Борт коштоочу

Төрөлгөндө коюлган ысымы Ван Хэ Ди. Жигит келечекте ким болору тууралуу ойлончу деле эмес. Андыктан мектепти бүткөндө ата-энесинин сунушу менен Сычуандагы Түштүк-Батыш жарандык авиация колледжине тапшырып, борт коштоочу адистиги боюнча билим алган. Студент кезинде модель болууга сунуш түшкөндө күнүмдүк керектөөсүнө жарай турган каражат таап алчу. Окуусунда мыктылардын катарында болду. Андыктан колледжди аяктап жатканда окуу жайды жарнамалай турган көрнөк-жарнактарга Ван Хэ Динин сүрөтү чыгып, Кытайдын көп аймактарына тараган. Бул сүрөттөр анын шоу-бизнес дүйнөсүнө аралашуусуна ачылган эшик болчу... Эгер актёр болбосо, Ван Хэ Дини, балким, учакта борт коштоочу катары көрмөкпүз. Эх!

Алгачкы+ийгиликтүү кадам

2016-жылы Сычуанда “Кызыл крест” уюму жогорку окуу жайлар арасында фестиваль уюштуруп, анда модель, алып баруучу катары өзүн мыкты көрсөткөн Ван Хэ Ди жеңүүчү аталат. Кийинки жылы эле “Super Idol Youku” аттуу ырчылардын сынагына катышып, мында да биринчиликти багынтат. Ушул жерден кино продюсерлердин көзүнө көрүнүп, чү дегенде эле “Жылдыздар учкан бак” сериалына баш каармандын ролуна чакыруу алган. Бай, эрке, текебер, эмоционалдуу Дао Мин Сынын (корейлердики Гу Жун Пё) образы жаш актёрго болуп көрбөгөндөй атактуулук алып келген. Анткени сериалды бир нече мамлекет сатып алып, ошого жараша бир нече тилге которулуп коомчулукка тараган. Анан дүйнөлүк “крашка” айланган Дилан Вандын чыгармачылыгына дүйнө эли көз сала баштады. Баса, дал ушул сериалга Ван мырза саундтрек да аткарган.

Мыкты эмгектери

Актёрлук карьерасы 2018-жылы башталган Дилан Вандын кино куржунунда ондон ашык сериалдар бар. Алардын көзгө көрүнүктүүлөрүн “Жылдыздар учкан бак” (“F4”), “Тыюу салынган сүйүү”, “Түн болсун-2”, “Эч качан багынба”, “Орхидея менен Жин падышасынын айрылуусу”, “Бир гана сүйүү үчүн” жана башка деп тизмектесек болот. Жакында эле аяктаган “Бир гана сүйүү үчүн” сериалы актёрдун атагын дагы бир жолу арттырды окшойт. Сериалда Ван белгилүү актриса Бай Лу менен өнөктөш болду. Өзү финансист, ал эми Бай Лу финансы темасын чагылдырган журналист. Бул сериал Кыргызстанда да популярдуу болду, Инстаграм, ТикТокту карасаңыз сериалдан үзүндүлөр жайнайт. “iQIYI Screaming Night-2023” кино сыйлык тапшыруу аземинде Дилан Ван менен Бай Лу “Жылдын популярдуу актёрлору” номинациясында жеңүүчү аталышты. Романтика, драма, фэнтези, боевик жана башка жанрларда өзүн сынап, популярдуулуктун туу чокусунда турган актёрдун бир кыялы бар. Сериалдар дүйнөсүн багындырды, эми толук метраждуу тасмаларга тартылып, ал жакта да ийгиликке жетсем деп максат кылат. Алдыда актёрдун иш графигинде 2025-жылга чейин жылчык жок дешет анын агенттигинин өкүлдөрү. Демек, жаңы долбоорлорду күтө берсек болот.

Бошпу?

Дилан Ванды жомоктогу ак боз атчан ханзаада элестеткен сулуулар көп. Актёр канчалык популярдуу болгон сайын анын ар бир баскан-турганы микроскоптун алдында тургандай эле иликтенет. Иш-чараларга ким менен барганы, ким менен сүйлөшкөнү, интернет тармактарына жайылган сүрөттөрү, маектери... Айтор, бардыгы көзөмөлдө. Тасмада өнөктөштөрү менен жогорку деңгээлдеги “сүйүү химиясын” көрсөтө алган Дилан Ванды актрисалар кичи пейил, сылык, тарбия-тартиптүү, акылдуу, жентльмен адам катары сүрөттөшөт. Күйөрман кыздарынын кубанычына таланттуу мырза да жүрөгүн ээлеген адам бар экени тууралуу эч шек бербейт. Жүрөгү бош, бирок сүйүү мамилесин курганга убактысы жок атактуу жигиттин.

Кыскача...

Күйөрмандары актёрду эркелетип “Диди” деп аташат.

Рэп айтканды жакшы көрөт.

2018-жылы “Дүйнөдөгү эң келишимдүү эркектердин” катарына кирип, 53-орунду ээлеген.

Дилан Вандын ырчылык таланты да бар. Анын аткаруусунда "We Are Dreamers", "For You", "Creating Memories", "No Trivial Matter", "Don't Even Think About It", "Miss me" жана башка ырларды уксаңыз болот.

Ата-энеси ресторан бизнеси менен алектенет.

Баскетболду жакшы ойнойт. Кээ бир сериалдардан анын бул талантын көрсөңүз болот. Эгер актёр же борт коштоочу болбой калса, анда сөзсүз баскетболчу болмок.

Дилан Вандын кыска суроолорго кыска жооптору:

– Жигит кандай болушу керек?

– Эң биринчи кезекте ар бир кадамына жоопкерчилик алган адам болушу керек. Өзүмдү жоопкерчиликтүүмүн деп эсептейм.

– Модада кандай стилди баалайсың?

– Жөнөкөй, бирок саркеч көрүнгөн стилди жактырам. Спорт, классика, оверсайз, кандай стилде кийинбейин жөнөкөй, ошол эле учурда тренддеги кийимдерге басым жасайм.

– Жашоодогу девизиң?

– “Деңизге кирдиңби, андагы акула бол!”

– Өзүңдү үч сөз менен сүрөттө?

– Жандуу, шайыр, императивдүү (башкаруучу).

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1096, 8-14-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан