Тилек Туйбаева, маркумдун апасы: “БАЛАМДЫ ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН КАЗА БОЛДУ ДЕШКЕН, КИЙИН КИШИ КОЛДУУ БОЛГОНУН БИЛДИК”

Редакциябызга кайрылгандардын көбү акыйкаттык, адилеттик издеп келишет. Каарманыбыз 2 уулдун энеси Тилек Туйбаева 22 жаштагы алмончоктой баласынан айрылганын айтып, ыйлап отурду. “Кылмышкерлер баламды уурдап, унаасын тартып алып, эки күндөн кийин муунтуп өлтүрүп, Токтогул районунун Чычкан капчыгайында Жигулиге салып сайга түртүп жиберишкен. Бирок Токтогул РИИБинин тергөөчүлөрү баламды башында жол кырсыгынан каза болду дешти, окуяны өзүбүз иликтеп киши колдуу болгонун аныктадык”,- дейт. Окуянын чоо-жайын макаладан табасыз.

“Унаасын айдап чыгып кеткен бойдон келген жок”

Балам Байнур кийим тигүүчү цехте үтүкчү болуп иштечү. 20-октябрь күнү кечинде унаасы менен чыгып кеткен бойдон келген жок. Кечинде чалсам “ии, ооба” деп кыска сүйлөп туруп алды. “Балам, чыныңды эле сүйлөчү, каяктасың?” десем, “апа, мен бир баланын туулган күнүндө жүрөм” деди. Эми чоң эле баланы урушпай эле коёнчу, достору менен майрамдап жүргөндүр деп жатып алдым. Эртеси турсам унаасы жок, дароо цехке чалып сурадым. Ал жактагылар “жумушка келген жок, эч кимдин туулаган күнү болгон эмес” деп айтышты. Балама чалсам албайт, ватсаптан “дос баламдыкында уктап жатам” деп жазып жибериптир. Ката жазат экен, менин балам мектепти жакшы окуган, университеттин бюджеттик бөлүмүн бүтүргөн, өтө сабаттуу жазчу, дароо шекшидим, жүрөгүм жаман нерсени туюп жатты. Свердлов РИИБине барып “балам унаасын айдап чыгып кеткен бойдон келген жок” деп арыз жаздым. Ошол күнү кечинде мага баламдын телефонунан “апа, мен Ошко баратам машина алганы, эртең менен алдыңызда болуп калам” деп жазды. Балам сүйлөгөндө мындай сөздөрдү колдончу эмес. 22-октябрь күнү эртең менен Токтогул РИИБинин милиция кызматкерлери баламдын телефонунан чалып “балаңар жол кырсыгына кабылыптыр, Токтогулдун ооруканасында жатат, келип калгыла” дешти. 5 саат жол жүрүп барсак балам өлүкканада экен.

“Кылмышкер жол кырсыгынан өлдү кылып, окуяны башка өңүткө бургусу келген”

– Биз өлүкканага барып баламды көргөндө чекесинде жарааты бар экен, моюнунда муунтулган издер турат, ошондо эле киши колдуу болгонун түшүнгөнбүз. Бирок милиция кызматкерлери документтерге жол кырсыгынан каза болду деп жазып беришти. Биз өзүбүз иликтөө жүргүзүп баштадык. Көрсө, баламдын унаасы ал үйгө келбей калган 20-октябрь күнү эле сатыкка чыгыптыр. Эртеси унааны кылмышкерлер 8700 долларга сатышкан, сатып алган адам видеого да тартып алган экен, биз ошол аркылуу аны таптык. Кылмышкерлер Токмокко барып Жигули унаасын сатып алып, ага баламды салып барып Токтогулдан өлтүрүп, Чычкан капчыгайындагы сайга түртүп салышкан. Милиция кызматкерлери унаанын эшигин ачса эле балам шалак деп кулап калыптыр. Медайымдар “маркумдун денеси жумшак болчу, эгер 1-2 күн мурун өлтүрүлгөн болсо денеси катып калмак” дешти. Демек, кылмышкерлер баламды 22-октябрь күнү эртең менен өлтүрүшкөн. 2 күн каякта алып жүрүшкөн, балам кандай тозокту көрдү бир Кудай билет. Токтогулдун милициясы тергөө ишин начар жүргүзүп жатышат. Баарын өзүбүз иликтеп, далилдерди өзүбүз таап бердик, болбосо алар жол кырсыгынан каза болду деп эле ишти жаап коюшмак. Кылмыштын баары Бишкекте болгон, Токтогулда болгону өлүгү табылды. Биз тергөө ишин Бишкекке которуп берүүнү суранабыз. Анан да унааны сатып жатканда видеодо 2 бала жүрөт, азыр 1 эле шектүү кылмышты моюнуна алып абакта, калгандарынын тиешеси жок экен деп коё берип жиберишти. Тергөө ишине өтө нааразымын. Кылмышкерлерге “баланы 2 күн каякта алып жүрдүңөр?” десе, “түнү менен казинодо жүрдүк, мейманканада кыздар менен жүргөнбүз” дептир. Бул карандай калп, баламдын кыздарга бармак турсун, сүйлөшкөн кызы жок болчу. Андай кир жерлерге такыр барбайт болчу. Токтогулга атайын өлтүргөнү алып барган, кылмышкер “унаанын акчасын агамдан алып берем деп Ошко баратканбыз, биз Токтогулга жеткенде агам чалып акчаны 2 айдан кийин берем деди, ошондо Байнур жини келип кетти, экөөбүз мушташып, аны муунтуп өлтүрүп салдым” дептир. Балам эч качан бирөөгө биринчи кол көтөрбөйт болчу, спорт менен машыккан эмес, кичинекей эле бала. Атайын жасалма жол кырсыгы уюштурулганын тергөөчү эмес, жөнөкөй адам деле билмек.

Чынара Малабаева, маркумдун жеңеси: “Азыр токтотпосок, кылмышкер дагы башка ата-энени сыздатат”

– Мен Токтогулга барып кайним Байнур Тороевдин сөөгүн жүктөп келгенге катышкам. Бул кылмышта тергөөчүлөрдүн иши өтө начар болгонун баса белгилегим келет. Бизге жол кырсыгынан каза болду дешкен. Барсак денесинде, моюнунда муунтулгандан калган тактар турат. Анан Байнур механика машина айдай алчу эмес, аны жөн эле Жигулиге салып коюшкан, кылмышын жашыруу максатында. Кайнимдин жакында кыркы өттү, бирок Токтогулдун тергөөчүлөрү Бишкекке бир эле жолу келип кетишти. Өзүбүз тергөөчү болдук. 20 күндөн кийин Токтогулдагы окуя болгон жерге барып кылмышкердин кепкасын таап алдык. Карабайсыңарбы, тергөөчүлөр кылмыш болгон жердин тегерек-четин да карап коюшкан эмес. Азыр Жигули да, кайнимдин сатылып кеткен Тойота Кроун үлгүсүндөгү унаасы да Токтогул РИИБинде токтоп турат. Сот иши бүткөндө беришет экен, кайнимдин унаасында кылмыш болгон эмес, аны жөн эле сатып жиберишкен. Сот бүткүчө 3-4 жыл өтөбү кайдан билебиз, ага чейин чирип, тонолуп жок болуп кетсечи? Унааны апасына бериши керек эле.

“Кылмышкер башында төртөөбүз болчубуз деген”

– Дагы бир жагдай, кылмышкер башкы көрсөтмөсүндө төртөөбүз болчубуз деген экен. Кийин баарын жалгыз моюнуна алып калды. Калгандары кайда? Бул жерде инимдин унаасын кымышкерлерден сатып алган бала азыр акчасы да, унаасы да жок калды. Кылмышкерди милиция кармаганда картасында 200 миң сомдой акчасы бар экен, аны дароо банктан тоңдуруп коюшса болмок, көп өтпөй ал акча жок болуп кетиптир. Кылмышкердин аялы чечип алдыбы, кимиси алды билбейбиз. Унааны сатып алган балага жок дегенде ошол акчаны берип коюшса болмок да. Биз жокто кылмышкер, тергөөчү, унааны сатып алган бала болуп үчөө жолугуптур. Ошондо кылмышкер кебелбей отуруп тергөөчүдөн тамеки сураса, “менде тамеки жок, байке” дептир. Тергөөчүлөр өздөрү кылмышкерди байкелеп коркуп отурса эмнени кыйратып тергешмек эле? Ошого биз Бишкек шаардык Башкы прокуратурага “ишти Бишкекке которуп бергиле” деп деп суранып жатып тилибиз тешилди. Биз аягына чыгарабыз. Болбосо кылмышкер 6-7 жыл түрмөгө отуруп чыгып, кайра бирөөнүн алмончоктой баласын өлтүрө берет. Мындай адамдар акча үчүн адам өлтүрүп көнүп калышкан, биз токтотпосок, дагы бир ата-энени сыздатат.

Токтогул РИИБи: “Шектүү кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилген”

– 2023-жылдын 22-октябрында болжол менен саат 10:00 чамасында Токтогул районунун Чычкан капчыгайында жол кырсыгына учураган ВАЗ-21074 үлгүсүндөгү унаа табылган. Башында айдоочу рулду башкара албай калышы мүмкүн деген божомолдор болгон. Унаа тоодогу дарыяга түшүп кете жаздап, бирок чоң ташка такалып калган. Унаада жаш жигиттин жансыз денеси табылган.

Окуя болгон жерди кароо учурунда милиция кызматкерлери бул жөнөкөй кырсык эместигин байкашкан. Жасалма жол кырсыгын атайылап уюштуруп коюшу мүмкүн деген шектенүү жаралган. Эксперттер болжолдуу кароону жүргүзгөн соң жигиттин денесинде жол кырсыгына тиешеси жок тактар бар экенин аныкташкан. Анын өздүгүн тактоо учурунда ал дайынсыз жоголгондордун бири катары эсептелген Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринин жашоочусу 2001-жылы туулган Т.Б. болуп чыкты. Топтолгон материалдардын негизинде Токтогул РИИБ-
инде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалган. Шектүү катары Кадамжай районунун тургуну 1993-жылы туулган К.уулу А. Бишкек шаарынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал эми тергөө ишинин жүрүшүнө нааразы болгон тараптар көзөмөлдөөчү органдарга кайрылса болот.

Лунара Бекиева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1097, 15-21-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан