Куурулган роллдор
Керектелүүчү азыктар:
Күрүч – 100 грамм
Нори – 2-3 даана
Бадыраң же авокадо –50 грамм
Быштактуу сыр – 50 грамм
Балык эти (сёмга, форель, лосось) – 100 грамм
Өсүмдүк майы –200 миллилитр
Кляры үчүн:
Ун же темпура уну –100 грамм
Суу – 200 миллилитр
Үбөлөнгөн нан күкүмдөрү – 100 грамм
Даярдоо ыкмасы:
1. Күрүчтү 2-3 сыйра муздак суу менен жууп алабыз. Күрүчтү мискейге салып, суу куябыз. 100 грамм күрүчкө 130 грамм суу керек, жарым саатка коё турабыз. Мындан соң мискейди күчтүү отко коюп кайноого жеткизебиз. Кайнаганда отту болушунча азайтып, 15 мүнөт коёбуз. Андан кийин отту өчүрүп, капкагын ачпастан дагы 10 мүнөт коё туруу кажет. Күрүчүбүз даяр.
2. Быштактуу сырды тегиз аралаштырып, бир массага келгенде целлофан же кондитердик баштыкка салып алабыз.
3. Роллго салынуучу балык, жашылчаларды узатасынан калыңча кесип алабыз.
4. Норинин үчтөн эки бөлүгүнө күрүчтү тегиз жайып, быштактуу сырдын башын кесип узата сыгабыз. Сырдын үстүнө балык, жашылча кесимдерин бирден тизебиз. Норини ороп, бош жерине суудан сүрүп оройбуз.
5. Кляр үчүн кадимки унду да колдонсоңуз болот. Жеткиликтүү болсо темпура унун алыңыз. Унга сууну куюп суюк камыр даярдайбыз. Ага оролгон норини малып, үбөлөнгөн нан күкүмдөрүнө оонатып алабыз.
6. Көмөч казанга май куюп, ысып чыкканда роллду салып тегерете кызартып чыгарабыз. Эми кесимдерге бөлүп, жаңы жылдык дасторконго коё бериңиз.
“Балаты оюнчугу”
Керектелүүчү азыктар:
Тоок эти –300 грамм
Жумуртка –4 даана
Сыр – 120 грамм
Сарымсак –1 тишче
Майонез же каймак (сметана) – 1-2 аш кашык
Туз – татымына жараша
Кооздоо үчүн укроп, көк пияз, жаңгак түрлөрү, паприка колдонсоңуз болот
Даярдоо ыкмасы:
1. Тоок этин, жумуртканы сууга бышырып алабыз. Буларды майда туурап, сырды сүргүчтүн майда тишинен өткөрөбүз. Сарымсакты да тазалап, эзип алуу керек.
2. Бардык азыктарды бириктирип, туз татытып, майонез же каймак кошуп аралаштырабыз. Аралашмадан балатынын оюнчугу сымал кичирээк шарларды тоголоктойбуз. Кооздоо үчүн азыктарды майдалап, шарларды оонатабыз.
Шпрот менен канапе
Керектелүүчү азыктар:
Шпрот – 1 банка
Кургатылган майда нан кесимдери – 10-15 даана
Туздалган бадыраң – 3 даана
Сыр – 100 грамм
Петрушка – 3-4 талча
Даярдоо ыкмасы:
1. Эгер даяр кургатылган нан жок болсо, үйдөгү эле нан кесимдеринен жасап алыңыз. Ал үчүн нанды ичке төрт чарчы кесип алып, ысып турган көмөч казанга эки тарабынан кызарта койсоңуз болот.
2. Нан кесимдеринин үстүнө чарчы ичке кесилген сырларды тизип, үстүнө тегерек кесилген бадыраңды коёбуз. Шпрот балыктарга узатасынан шпажки сайып, аны бадыраңдын үстүнө саябыз.
3. Даяр болгон канапени горчица дандары, икра, петрушка менен кооздоп коёбуз. Өзгөчө бат даярдалчу закускебиз даяр!
“Жаңы жыл шамы”
Керектелүүчү азыктар:
Кызылча – 1-2 даана
Туздалган сельдь балыгы –100 грамм
Майонез – 3 аш кашык
Лимон – 3-4 кесим
Желатин – 10 грамм
Суу – 70 миллилитр
Кара бөлкө нан
Туз, мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Муздак сууга желатинди салып көтөрүлүп чыкканча күтө турабыз. Андан соң отко коюп эригенче аралаштырабыз.
2. Кызылчаны сууга же аарчып фольгага ороп электр мешинде бышырабыз. Бир нече бөлүккө бөлүп блендерге салабыз. Үстүнө майонез менен туз, мурч салып эзип алуу кажет. Буга желатинди куюп аралаштырабыз.
3. Балык этин орточо чарчы туурап алабыз.
4. Тегерек кондитердик калыптардын жардамы менен бөлкө нандарды тегерек кесип, үстүнө балык этин, кызылча пюресинен салабыз. Тегерек калыпты чыгарбай муздаткычка 1-2 саатка коюу керек.
5. Закускелерди формадан чыгарып, лимондун үч бурчтук кесимдеринен сайып коёбуз.
Асел Ишенбай кызы