2023-ЖЫЛДЫН ЭҢ ЖАКШЫ ЖАНА ЖАМАН ДОРАМАЛАРЫ

Байкалбай эле 2023-жылдын сапары карып, кезегин өткөрүп бергени турат. Бул жылы корей дорамаларынын күйөрмандары үчүн көптөгөн кызыктуу да, кызыксыз да долбоорлор экранга чыкты. Жылды жыйынтыктап, кино сынчылардын жана көрөрмандардын добушу менен иргелген жылдын мыкты жана начар делген сериалдарын аныктайбыз.

2023-жылдын мыкты дорамалары

Алгач жакшылар менен бөлүшкөнүбүз туура го дейм. Жылдын мыктыларына кирген дорамалардын рейтингин бир нече киноплатформадагы рейтингдердин негизинде түздүк.

“Жаман эне” (“Плохая мать”)

Рейтинг: 8.4

Алтын медалга бирдей рейтинг менен үч дорама татыды. Алардын бири - “Жаман эне”.

Сериялардын саны: 14

Жанры: комедия, мелодрама

Ролдордо: Ра Ми Ран, Ли До Хён, Ан Ын Чин, Ю Ин Су

Чжин Ён Сун күйөөсү каза болгондон кийин боюнда бар экенин билет. Жалгыз бой эне баласын күчтүү кылып чоңойтуш үчүн катаал болуш керек деп ойлоп, “жаман эненин” образында баласын эрезеге жеткирет. Чве Кан Хо чынында эле күчтүү, адилеттүү прокурор болуп чыгат. Бирок энеси экөөнүн ортосунда мээрим, жылуулук жок. Кырсыктын кесепетинен Чве Кан Хо эс-тутумун жоготот. Апасы болсо бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып баласы менен мамилесин оңдоюн деп чечет. Эне-баланын аянычтуу, кызыктуу жашоосу тууралуу тартылган дорама көпчүлүктүн жүрөгүнөн орун тапты.

“Мугалим Ким, романтик доктор-3” (“Учитель Ким, доктор романтик-3”)

Рейтинг: 8.4

Сериялардын саны: 16

Жанры: драма, медицина

Ролдордо: Хан Сок Гю, Ли Сон Гён, Ан Хё Соп, Ким Жу Хон

Негизи эле медицина темасында тартылган тасмалар эл тарабынан жакшы кабыл алынат. Окуяларга, каармандарга бай, сюжети да ар тараптуу “Мугалим Ким, романтик доктор” дорамасынын 3-бөлүмү да өз күйөрманын таап, жылдын мыктысы аталып отурат.

“Атак-2” (“Слава-2”)

Рейтинг: 8.4

Сериялардын саны: 8

Жанры: драма, мелодрама, триллер

Ролдордо: Сон Хе Гё, Ли До Хён, Им Жи Ён, Пак Сон Хун, Ём Хе Ран, Чон Сон Иль

Мектептеги зомбулук тууралуу болгон окуянын негизинде тартылган корейлердин “Атак” дорамасынын эки бөлүмү тең дүйнө жүзү боюнча “фурор” жаратты. Ондогон өлкөлөрдө хит болгон долбоордо башкы каарманды ойногон актриса Сон Хе Гёнун сыйлык куржуну да толукталды.

Күмүш жана коло медалга татыктуу болгон сериалдар:

“Шаардык ичкичтер” (“Городские выпивохи”)

Рейтинг: 8.2;

 “Атактуу” (“Знаменитость”)

Рейтинг: 8.2;

 “Такси Делюкс”

Рейтинг: 8;

 “Аңчы иттер” (“Охотничьи псы”)

Рейтинг: 8.

 

2023-жылдын начар дорамалары

Кино дүйнөсүндө иштеген адистерден жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде жылдын начар дорамаларынын тизмеги жарыяланды. Арасында рейтинги жогору, көп күйөрман топтогону да бар. Жөнөкөй көрөрманга жагып, кино сынчыларга жакпай калган дорамаларга көңүл буралы.

“Дуриан айым”(«Госпожа Дуриан»)

Каршы: 37 добуш 

37 кино сынчынын “начар” деген добушун алган “Дуриан айым” дорамасы фантастика жанрында. Үй-бүлөлүк баалуулуктар, кайнене-келиндин романтикалык мамилеси темасында тартылган бул долбоорду сынчалар “тарбиялык мааниси жок, өтө көбүртүп-жабыртылган, аягы такыр эле окшошпогон сюжет менен бүтүп калган” деп жактырбай коюшкан. Сынчыларга жакпаганы менен “сюжети өзгөчө экен” деп көргөн күйөрмандары көп сериалдын.

“7 качкын” (“Сбежавшая семёрка”)

Каршы: 26 добуш

Убагында “Пентхаус” сериалы популярдуу болду эле. Анын сценарийин жазган Ким Сун Ок “7 качкындыкын” да жазды деген маалымат чыкканда дорамадан көптү үмүттөнгөндөр болгон. 2023-жылы экранга чыкканда тасма эки тараптуу кабыл алынды. Чет элдик көрөрмандар сюжеттин динамикалуулугу үчүн оң баа беришсе, корейлер өздөрү “мыкаачылык, болгондо да чоң-кичине дебей көрсөтүлгөн зомбулук көрөрмандын аң-сезимине терс таасир берет” деп сериалды жаптырууга петиция чогултушкан. Көптөгөн сын-пикирлерге кабылган дорама баары бир ортодон жогору рейтингде турат.

“Дал өзү пайда болду!” (“Появился тот самый!”)

 Каршы: 23 добуш

Начар дорамалардын үчүнчү тизмесинде “Дал өзү пайда болду” дорамасы орун алды. Бул сериалга сынчылардын “начар” деген баасына көрөрман деле кошулгандай. Кайталанма сюжет, динамика жок, баш каармандардын ортосундагы химия байкалбайт, биринчи сериясынан эле аягы эмне болуп бүтөрүн билесиң... Мына ушундай сындарга кабылды дорама.

“Чыныгы мушкер” (“Настоящая боксёрша”)

Каршы: 13

Мушкер кыз тууралуу тартыла турган долбоордо баш каармандын ролун ырчы, актриса Ким Со Хе аткарары белгилүү болгондо эле эки анжы ойлор жаралган. Бул актрисага байланыштуу эле. 2021-жылы “Ким Со Хе мектепте башка окуучуларга буллинг кылчу” деген ызы-чуу чыгып, окуя териштирилип, актриса акталганы менен аны коомчулук кабыл алганга даяр эмес окшобойбу. Анын үстүнө сценарийди кызыксыз, актёрдук курамдын оюну ишенимдүү эмес дегендер да болду.

Жана да...

“Керемет угуу-2” (“Чудесный слух-2”)дорамасына каршы – 10 добуш

“Жер падышасы” (“Король земли”) дорамасына каршы – 8 добуш

“Пандора: ойдон чыгарылган бейиш” (“Пандора: Сфабрикованный рай”) дорамасына каршы – 8 добуш

“Бора! Дебора” дорамасына каршы – 6 добуш

“Жандардын алхимиясы-2” (“Алхимия душ-2”) дорамасына каршы – 5 добуш

“Алтын кашык” (“Золотая ложка”) дорамасына каршы – 4 добуш

“Өрт өчүрүү нөөмөтүнүн жанындагы полиция бөлүмү-2” (“Полицейский участок рядом с пожарной частью-2”) дорамасына каршы – 4 добуш

Асыл Орозбекова 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1097, 15-21-декабрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан