“Сиңдимди күйөөсү 3 жашар кызынын көзүнчө муунтуп өлтүргөн”. 23 жаштагы келин үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапты

Кадамжай районунун 23 жаштагы тургуну Айкыз Калмырза кызынын күйөөсүнүн зомбулугунан каза табышы жарасы айыкпаган дартты кайрадан ырбатты. Бул окуяга УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев да реакция кылып, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарды УКМКнын аймактык башкармалыктарына кайрылууга чакырды. 

Сапаргүл Пиржанова, маркумдун эжеси: “Кайненеси сиңдимди тынч жашаткан жок”

– Сиңдим Айкыздын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү болчу, угуусу жана сүйлөөсү начар эле. Оштун Кара-Суу районундагы дүлөй балдардын интернатында окуган. Жолдошу менен ошол жактан таанышып, үйлөнүп калышат. Чынын айтайын, турмушка чыккандан бери сиңдим жакшы күн көргөн жок. Кайненеси алардын үй-бүлөсүнө көп кийлигишип жүрдү. “Аялың кеч турат, оокат-аш кылганды билбейт, тигиндей-мындай” деп жамандап, баласынын кулак-мээсин жей берчү экен. Сиңдим менен жолдошу экөөнүн майыптыгы үчүн алган жөлөк пулун аларга карматпай, өзү алчу. Айтор, сиңдим ал үй-бүлөдөн көп кордук көрдү. Жолдошу экөөнүн ортосунда 3 жана 6 жаштагы 2 кызы бар. Күйөөсү экөөнүн ыркы келишпей уруша бергендиктен биз “ажырашып кет” деп айтканбыз.

“Тишин, бутун сындыра сабаган” 

– Былтыр жайында да сиңдимди күйөөсү уруп тишин жана бутун сындырган. Эси ооп калганда үйүндөгүлөр бетине суу чачып эсине келтиришип, ооруканага алып барышыптыр. Айкыз ооруканада дарыланып жатканда күйөөсү бир да жолу басып барган эмес. Ошол окуяда милицияга арыз жазган болчу, бирок иштин аягы эмне болуп бүткөнүн билбейм. Мен Бишкекте жашагандыктан Баткенде жашаган туугандарга “Айкызды Бишкекке салып жибергиле” дедим, сиңдим 3 жаштагы кызын ээрчитип келип меникинде жашады. Тигүү цехинде иштеп, акча таап өзүнө келип калганда кайра күйөөсү чалып ар кайсыны айта баштады. Жарашалы деген окшойт, сиңдим ошондо “иштеп сынган тиштеримди оңдотом, айылга барып чоң кызымды алып келип, үй алам” деген болчу. “Жок, жибербейм, күйөөң менен жарашпайсың” десем күйөөсү чалып жанын койгон жок. Кайнежеси ортого түшүп “акыркы жолу мүмкүнчүлүк бергиле, кудагый, болду урбайм деп сөз берип жатат” деп жатып Айкызды чакыртып алышкан. Бирок андан кийин деле тынч жашашкан жок.

“Кызын алып Бишкекке кетем деп жатканда муунтуп өлтүрүптүр”

– Окуя болгон күнү сиңдим чалып “күйөөм кайра уруп жатат” деп ыйлады. Мен “Бишкекке келе бер, бул жактан иштейсиң” дегем. Баткенде жашаган атама чалсам “мен малды жайгарып коюп барам” деген. Бирок атам баргыча эле мыкаачы күйөөсү муунтуп өлтүрүп коюптур. Айкыздын 3 агасы бар, алардын баары Орусияда миграцияда жүрүшөт. Баткенде атам эле бар болчу. Эми карабайсаңарбы бул зөөкүр көчөдө 3 жаштагы кызынын көзүнчө аялын муунтуп, кыйнап өлтүргөнүн. Бала психикалык сокку алды. Башы жарылган, сөөгүн жууганы киргенде да каны токтогон жок. Бетинде тамтык жок. Өлгөндөн кийин моюну шалкылдап жатты, желкесине таш менен аябай урган окшойт. Мындай зөөкүрлөрдү өмүр бою эркинен ажыратса да аздык кылат. Сиңдимдин жаназасына кайын журту басып келген жок, эми кыздарын бизден талашып жатышат. Айкыздын улуу кызы чоң энеси менен өсүп калган эле, ошого бизге келбейм деп ыйлаптыр. Көрсө, булардын башындагы максаты сиңдим менен күйөөсүн жараштырбай эле, кичүү кызын алганы чакыртышкан экен. Кыздары азырынча эки жакка тең бөлүнбөсүн деп социалдык коргоо кызматкерлери сиңдимдин эки кызын үй тибиндеги балдар үйүнө убактылуу жайгаштырып коюшту.

“Күйөөсү өлтүрүп туруп качып кеткен дешти”

– Атам сиңдимдин сөөгүн алып кеткени күйөө балабыздын айылына барса, ошол жакта бир киши “кызыңыздын сөөгүн мен биринчи таптым, жерде өлүп жатканда кичинекей небереңиз үстүнө чыгып тытмалап ыйлап жатыптыр. Күйөө балаңыз качып кеткен экен окуя болгон жерден. Небереңизди жетелеп чоң энесине жеткирип бердим” деп айтыптыр. Ал эми тергөөчүлөр күйөөсү кокусунан өлтүрүп алып, анан “Тез жардам” кызматын чакырып ооруканага жеткирген деп айтып жатышат. Күбөлөр башка, ал эми тергөөчүлөр башка версияны айтканынан улам бул ишти да жымсалдап кетишпесин деп кооптонуп жатабыз. Зөөкүрлөрдүн орду түрмөдө, эч ким аны калкалабашы керек.

Гүлбарчын Осмонова, социалдык коргоо органынын жетекчиси: “Балдар кимде каларын сот чечет”

– Каза болгон келиндин күйөөсү экөөнүн тең майыптыгы бар. Угуу жана сүйлөө жагынан жабыркашчу. Бирок кыздарынын угуп, сүйлөөсү, саламаттыгы жакшы. Кылмышка шектүү жаран биздин социалдык кызматтын каттоосунда туруп, ай сайын жөлөк пул алып турган. 2023-жылдын сентябрь айына чейин эки кызына айына 4880 сомдон жөлөк пул чегерилген. Былтыр июнь айында келиндин агасы анын эки кызын өздөрүнө алуу боюнча арыз менен кайрылган. Ошондо эле келин күйөөсү менен жашабай калган экен. Арыз түшкөндөн кийин биздин адистер, милиция кызматкерлери менен барып балдар менен сүйлөшүү жүргүзгөнбүз. Эки кызы тең чоң энесинин колунан кетпейбиз деп айтышкан. Ошондон кийин биздин кызматкерлер ай сайын ал үй-бүлөгө барып кабар алып турчубуз. Бул үй-бүлөдө чыр-чатактын көбү кызганычтын айынан чыкчу экен, күйөөсүнүн кол көтөрүп жүргөнү тууралуу бизде маалымат болгон эмес. Себебин сурасак “кызганычтын айынан эки жолго түштүк” деп айтышкан. Учурда кыздар Совет айыл өкмөтүндөгү үй тибиндеги балдар үйүнө жайгаштырылды. Маркумдун кыздары кайсы тарапта калары сот иштеринен кийин билинет.

Баткен ОИИБи: “Кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген”

– 2024-жылдын 2-январь күнү саат 15:00 чамасында Кадамжай РИИБинин Исхак-Полотхан айылдык милиция бөлүмүнө телефон чалып, көчөдө аял кишинин жансыз денеси жатканын кабарлашкан. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, окуянын чоо-жайын аныктады. 2-январь күнү Ж.Г. аттуу жаран аялы А.К. менен Ирелеш айылынын Садыков көчөсүндө бара жатышып, пикир келишпестиктен уруша кетишкен. Жолдошу аялын муунтуп, келин окуя болгон жерде көз жумган. Аялдын денесине сырттан кароо жүргүзгөндө, сол көзүндө көгөргөн жарааттар, моюнунда муунтуунун белгилери бар экени аныкталган. Жарааттардын оордугун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Аталган иш боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, шектүү Ж.Г. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

Лунара Бекиева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1102, 19-25-январь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан