“Менин күйөөмө турмушка чык”

2024-жылдын 1-январында корей дорама сүйүүчүлөр үчүн жакшы жаңылык болду. Бул күнү экранга “Менин күйөөмө турмушка чык” аттуу дорама чыкты. Сериалдын аталышы эле кызыгуу жаратары чын. Ал эми сюжети аталышынан кем калбай, көптөгөн күйөрмандарды экранга байлап турган учур. Бирок дорама Түштүк Кореяда “бойкот” алдында турат деген маалыматтар бар. Эмне үчүн? Жоопту макаладан табасыз.

Тарткан өлкө: Түштүк Корея

Чыккан жылы: 2024-жыл, 1-январь

Жанры: драма, мелодрама, фэнтези

Башкы ролдордо:

Пак Мин Ён, Ли И Гён, На Ин У, Сон Ха Юн жана башка

Режиссёру: Пак Вон Гук

Сценаристи: Щин Ю Дам, Со Жак Сон

Канча серия: 16

Кайгы-кубанычта бирге болгон жок...

“Өмүр бою кайгы-кубанычта бирге болобуз!” Көпчүлүк алдында туруп дал ушул сөздөрдү айтып баш кошту эки жаш. Пак Мин Хван (актёр Ли И Гён) менен Кан Жи Вондун (актриса Пак Мин Ён) махабаты жумуштан башталган. Анан бирге түтүн булатууну чечишти. Бирок турмушка чыккандан кийин Кан Жи Вондун тозок күндөрү башталды. Жолдошу жумушун таштап, насыя алып, анын баарын аялынын моюнуна илди. Кошумча кайненеси болгон каарын төгүп туруп алды. Үй-бүлө түйшүгүнөн чыга албай калган Жи Вон рак дартына кабылат, болгондо да акыркы стадия. Врачтардан өзүнүн жашоо мөөнөтү аз калганын угат бечара келин. Ошондо да жолдошу жанында жок, дарылануу үчүн акча төлөнбөй турат. Анан да өмүр бою курбум деп эсептеген Чон Су Миндин өзүнүн жолдошу менен мамиле түзүп алганын көрүү Жи Вон үчүн дагы бир сокку эле. Экөө Жи Вон өлгөндөн кийин анын камсыздандыруусунан түшкөн акчага жыргап жашамак экен. Жолдошу менен курбусун өз үйүнөн кармап алгандан кийин чыр чыгып, Жи Вон жолдошунун колунан каза табат. Бирок тагдыр ага экинчи мүмкүнчүлүк тартуулайт. Жи Вон көзүн ачса эле он жыл артка барып калат, азыркы жолдошуна турмушка чыга элек, кыз-жигит мезгилге. Эми ал өч алуу планын даярдайт, өзү турмушка чыккандан кийинки тозок жашоону көрсөтүш үчүн жигити менен курбусун табыштырып, курбусун ага турмушка узатышы керек... Кызык бекен, окурман? Азыр дораманын 8 сериясы чыкты, баш каарман Жи Вонго болушкандардын катарындамын мен. Сиз да бир көз салып көрүңүз, кимдин тарабында болот элеңиз?

Манхва

Дорама дал ушундай эле аталыштагы манхванын негизинде тартылууда. Манхванын автору Со Жак Сон чыгарма Кан Жи Вондун өч алуусу жөнүндө эле эмес экенин айтат. Ар бир адам өз тагдырынын ээси. Аны талкалоого эч кимдин акысы жок. Андыктан ар бир адам өз бактысы үчүн күрөшүүгө акысы бар дейт. 2021-жылдан 2023-жыл аралыгында манхванын 68 бөлүмү жарык көргөн.

Актёрдук курам

Сериалдын режиссёрдук пультун дагы бир поулярдуу “Монарх” дорамасын тарткан Пак Вон Гук алды. Ал эми Кан Жи Вондун образы буга чейин “Секретарь Кимге эмне болгон?”, “Хилер” дорамаларынын жылдызы Пак Мин Ёнго буюрду. Анын күйөөсүнүн ролун “Күн мураскерлери”, “Дель луна” мейманканасы” сериалдарында ойногон актёр Ли И Гён аткарса, курбусун “Жакын бейтааныштар”, “Канаты сынган периште” дорамалары менен белгилүү актриса Сон Ха Юн аткарды. Тасмада дагы бир кызыктуу каарман бар, Кан Жи Вонго ашык болгон кесиптеши, бөлүм башчысынын ролу “Канайым Чорин”, “Мен сени көпкө күттүм” дорамаларында жарк эткен актёр На Ин Уга тийди. Мына ушундай жылдыздардын курамынан кызыктуу долбоор күткөнбүз. Актёрлор ишеничти актап жатат десек болот.

37 килограммга чейин арыктаган

Дорамада рак менен ооруп, жүдөп, арыктаган Кан Жи Вондун образын чындыкка жакын кылыш үчүн актриса Пак Мин Ён 37 килограмм болуп калгыча арыктаган. Бул ден соолук үчүн да, сериал үчүн да чоң курмандык десек болот. Анан да каарман жашоосунан артка карай 10 жылдык мүмкүнчүлүк алганын, аны туура колдонорун билдирүү үчүн узун чачын кыска кылып кестирген. Актрисанын өзгөрүүлөрүн дорамадан толук байкай аласыз.

Бойкот

2023-жыл актриса Пак Мин Ён үчүн оор жыл болду. Анткени анын жигити бизнесмен Кан Чон Хён ири финансылык алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул иште актриса алгач “кылмыштагы өнөктөш” катары суралып, кийин анын статусу “күбө” дегенге алмашты. Мин Ёндун агенттиги актриса жигитинен мурдагы жылы эле кол үзгөнүн, анын алдамчылык иштеринен кабары жок экенин айтып коомчулукту тынчтандырган эле. 2024-жылы “Менин күйөөмө турмушка чык” сериалы менен экранга кайткан актриса “2023-жыл мен үчүн өтө оор мезгил болду. Менталдык-физикалык жактан ден соолугум жабыркады. Мындай абалым менен сериалдагы образымды ийине жеткире ача албайм го деп ойлогом, бирок режиссёр жардам берди, чоң рахмат” деп кайгысы менен бөлүшкөн. Бирок Кореяда атактуулардын катылган сырларын ачыктаган Dispatch порталы бар эмеспи. Портал актрисанын “жигитимден эч кандай акча алган эмесмин” деген көрсөтмөсүн жалган деп, бизнесменден актрисанын банк эсебине которулган ири сумманын далилдерин көрсөттү. Пак Мин Ёндун жактоочулары буга да жооп тапканы менен, коомчулук актрисанын күнөөсүн четке какпай, ал тартылган сериал да учурда “бойкот” алдында турат.

Асыл Орозбекова 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1103, 26-январь-1-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан