Дастан Русланов, “Намыстын” көк бөрүчүсү:  “Башка клубга өтөйүн дегем, кетпе деп алып калышты”

Көк бөрүдө 10-катар саны дегенде Рустам Тыналиев, Манас Ниязов, Нуржан Мелисбек уулу сыяктуу чабуулчулар көз алдыга тартылат. Булардын катарын чабуулдун, жекеме-жекенин чебери, жаш оюнчу Дастан Русланов толуктады. Ал “Намыс” командасынын, дегеле Нарындагы көк бөрүнүн мотору аталып келет. Оюн талаасында чапчаңдыгы, өжөрлүгү, шамдагайлыгы менен көк бөрү сүйүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө айланган бул спортчуну өз командасына кошуп алгысы келгендер арбын... Быйылкы Нооруз турниринде “Намыс” командасы Биринчи лиганын чемпиону болуп, Жогорку лигага көтөрүлдү. “Мыкты оюнчу” наамына татыган Дастан мырза менен баарлаштык.

Каарман тууралуу:

Туулган жылы – 2003-жыл, 22-октябрь

Туулган жери – Нарын облусу, Ак-Талаа району, Жогорку Май айылы

Бою – 189 сантиметр

Билими – Дене тарбия жана спорт академиясынын 3-курсунун студенти

Позициясы – чабуулчу, жекеме-жекечи

Ойногон клубу – “Намыс”

Катар саны – 10

Үй-бүлөлүк абалы – бойдок

“Баарыбыз суусап жүргөн жеңишке жеттик”

– Биз, “Намыс” командасы, Нооруз турниринде Биринчи лиганын чемпиону болдук. Финалда “Кара-Кулжа” командасы менен беттештик. Алар дагы атаандаштарын ири эсеп менен утуп келе жаткан күчтүү команда болчу. Чынында коркуп чыкканбыз, бирок тактикалык жактан биз өз оюнубузду таап кеттик. Бул нерсе машыктыруучубуз Сейитбек Анарбек уулунун аракети менен болду десем жаңылышпайм. Ал бизге көп нерсени үйрөттү, туура тактика коюп берип жатты. Жыйынтыгында 3:0 эсеби менен утуп алдык. Бул жеңишти көп күткөнбүз, канча жолу даярданып келебиз, тайпанын акыркы оюнунда же жарым финалда утулуп кайра кетебиз. Оюнчулар эле эмес, бул жеңишти бүтүндөй Нарын эли күтүп жүргөн. Мындайча айтканда, баарыбыз суусап жүргөн жеңишке жетиштик. Көк бөрү тарыхында Нарындан чыккан команда алгач ирет Биринчи лиганын чемпиону болуп, Жогорку лигага көтөрүлүп отурат. Жеңиштин даамы сонун экен, сөз менен айтып жеткире алгыс сезимдер болуп жатат. Башында эле ушул турнирди жеңип, күйөрмандарыбызды сүйүнтсөк экен деп ниет кылып чыкканбыз. Жараткан ошол тилегибизге жеткирди.

“Алгачкы оюнубузду автогол менен баштап...”

– Тайпа ичиндеги алгачкы оюнубуз “Ак-Суу” командасы менен болду. Анда мен кокустан автогол жаратып алдым. Оюн башталганда эле улакты жерден алып барып, тай казанга салып, сүйүнүп бери көздөй келе жатсам, капитан тосуп биздин тай казан экенин айтканда эмне кыларымды билбей калдым. Ошол катачылыкты кетиргениме өтө өкүнүп кеттим. Бир тайм бою аябай аракет кылсак дагы атаандаштарыбыз бизге салым салууга мүмкүнчүлүк бербей, коргонууну күчтөп туруп алышты. Тыныгууда утулуп калгандан кийинки абалыбызды ойлодум. Экинчи таймда "кой, кетирген катамды жууюн" дедим да, өзүбүз үчүн эсеп санын ачтым. Ошону менен биздин оюнубуз жүрүп кетти, 3 салым салууга жетиштим. Аларды 5:2 эсеби менен утуп алдык. Каршылаш команданын жетекчилиги алгачкы салым салган оюнчуга 5000 сом байге койгон экен, оюн бүткөндөн кийин байгени мага тапшырып, биздин кийинки оюндарыбызга ийгилик каалап кетишти. 

“Достук”, “Сары-Өзөн”, “Мурас” клубдарынан сунуш түшкөн”

– Быйылкы сезондо мен Жогорку лигага кетмекмин. Анткени өзүмдүн Жогорку лигада оюн көрсөтсөм деген кыялым, максатым бар. Жогорку лигага аралашып оюн көрсөтүү – бул ар бир көк бөрүчүнүн кыялы. Бул жылы мага “Достук”, “Сары-Өзөн”, “Мурас” командаларынан чакыруу түштү, келишимдик негизди сунушташты. Негизи Жогорку лигага акча үчүн эмес, өзүмдүн кыялымды орундатуу үчүн барайын дегем. Анын үстүнө быйыл Көчмөндөр оюндары да болот, Жогорку лигада улуттук курамга кошулууга дагы мүмкүнчүлүк бар да. Анан Нарындагы көк бөрүдө эмгек кылып жүргөн байкелер келип, “быйыл кетпе, болгон аракетибизди жумшап Жогорку лигага чыгалы” дешти, ушундай маанайда сүйлөшүүлөр болду. Ошонун негизинде “Намыс” командасында калдым. Ишенип алып калышкандан кийин ишеничти акташ керек да. Команда жеңишке жетиши үчүн Нооруз турниринде жан аябай ойнодум. Колдон келген аракетти кылдым. Эми андан дагы чоң жоопкерчилик моюнга тагылды. Жогорку лига деген оңой эмес, ал жактын оюнунун деңгээли таптакыр башка, өтө ылдам, аттары да мыкты. Биз буга чейин ал жактын оюнуна аралашып көргөн эмеспиз да, эми колдон келген аракетибизди жумшайбыз.

“Кичинемден көк бөрүчү болгум келчү”

– Мен үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусумун. Үйдө менден башка көк бөрү ойногон деле киши жок. Илгери чоң аталарыбыз ойночу экен. Мен кичинекей кезимден эле атка өтө жакынмын, эртеден кечке ат минип эле жүрчүмүн. Атка болгон кызыгуумдан улам мектепте сабактарды көп калтырдым. Айылда көк бөрү ойногон байкелерди ээрчип алчумун. Алар кээде мени оюнга аралаштырып коюшчу. Турнирлер болгондо телевизордон көк бөрүнү калтырбай көрчүмүн. Ал кез Нурманбет Койчукеев, Байыш Ниязов, Улан Насакеев, Рустам Тыналиев жана Урмат Мусаев мыкты ойноп турган учур болчу. Ушулардай болуп мен дагы ойносом экен дечүмүн. Анан айыл ичинде, район ичинде ойноп баштадым. 2019-жылы Ак-Талаадан “Соң-Көл” деген команда чыгып, ошол команда менен Нооруз турнирине келгем. Атам менин көк бөрү ойногонумду башынан колдоп, шарт түзүп берип келет. Апам каршы болуп жүрчү, бирок азыр көнүп калды. Ар дайым оюндарга жакшы тилек менен узатат.

“Дагы да оюнумду жакшыртсам дейм”

– Улакчы болгондон кийин универсал катары оюн көрсөтсөм дечүмүн. Башында коргоочу болуп жүрдүм, кийин чабуулда да ойноп жаттым. Анан райондук оюндарда жекеме-жекеге чыга баштадым. Республикалык турнирде анда-санда ортого чыга коюп жүрдүм. Ошентип жекеме-жеке, чабуул эки позицияда ойноп калдым. Дагы да оюнумду жакшыртсам дейм. Жекеме-жекеге чыккандардан Эрсултан Айдаркан уулунун кантип атты башкарганын, Кубаныч Султан уулунун улакты жерден эңгенин, ошол эле Нооруз Раатбек уулунун ыкмаларын карайм. Ал эми чабуулда Нуржан Мелисбек уулу, Аскат Аскаров, Манас Ниязов, Рустам Тыналиев, ушул байкелерибиздин оюндарын карап, өзүмө керектүү жагын алганга аракет кылам.

 

Динара Акимова 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1112, 29-март-4-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан