Сокулукта 13 жашар кыз зордукталганбы же 9 балага жалаа жабылып жатабы? 

Өткөн аптада Акыйкатчы институту “Сокулукта 13 жашар кыз 9 жигит тарабынан бир жыл бою зордукталып келгени тууралуу кайрылуу түштү” деп жарыялаган. Учурда жабырлануучу тарап менен айыпталуучу тарап бири-бирин күнөөлөгөн маалыматтарды берүүдө. Окуянын элге белгисиз тарабы да барбы?

Жабырлануучунун апасы: “Кызым 20 күн жоголуп кеткенде зордукталып жүргөнүн билдик”

– Биз Сокулукка 2022-жылы көчүп келип, жакшынакай эле жашап жүргөнбүз. Ушул жылдын 22-январында кызым мектепке кеткен бойдон келген жок. Мугалимине чалсам “үйүнө кеткен” деди, түнү менен издеп тапкан жокпуз. Эртеси милицияга арыз жаздым. 12-февралда милиция кызматкерлери “кызыңыз табылды” деп чалышты. Кызымды мейманканадан бир бала менен кошо кармашыптыр. Ошондо кызым бир жыл бою 9 бала тарабынан зордукталып жүргөнүн уктум. Биринчи жолу кызымды 20 жаштагы бала күч колдонуп талаага алып барып жаман ишин жасаган экен. Кызым ал окуяны бизге айткандан коркуп, курбуларына, дос балдарына айтыптыр. Ошентип теңтуштарынын баары угат. Балдар кызымды коркутуп зордуктап жүрүшкөн, “жатып коё бер да эми, эмнеңди аяйсың” деп көндүрүшчү экен. Шектүү тараптын жакындары “медэкспертизадан өтпөй жатат” деп бизди айыптоодо, бул карандай калп. Биз милиция айтканда эле керектүү процедуралардын баарынан өткөнбүз, анын ичинде медэкспертизадан дагы. Бирок жыйынтыгы дагы деле чыга элек.

“Кызым акыркы күндөрү түнт болуп, чүнчүп кеткен”

– “Бул кызды ата-энеси эмнеге карабайт?” деп жатышат, биз карап эле жаттык. Бирок акыркы күндөрү түнт болуп, чүнчүп кеткен эле. Ыйлаган күндөрү да болду, “эмне болду?” деп сурасам, “баары жакшы, апа” деп койчу. Эми баарыбыз бала болгонбуз, өткөөл куракта адамдын мүнөзүндө ар кандай өзгөрүүлөр болот эмеспи. Балдар күчтөп унаага салып  кетип жүргөндө кызым каршылык көрсөтүп колдорун кескилеген да экен. Кызымдын чөйрөсүн алмаштырайын деп ага телефон карматпай да жүрдүм. Үйгө кеч келегенде урушсам “курбуларым менен паркта сейилдеп жүрдүк” дейт эле. Азыр биз Сокулуктан көчүп кеттик, анткени биздин үй-бүлөгө психологиялык басым жасалууда. 13 жаштагы кыз кантип өзү эркектерди азгырсын, шектүү тараптын айыптоолору бул жөн гана актануу, бет тырмоочулук. Балдарын коргоп калуу максатында колдон келген каралоолорун айтып жатышат. Курбусу болом деп кызымды жамандап жаткан кыз ошол шектүүлөрдүн бирине турмушка чыгып, азыр кош бойлуу деп уктум. Болбосо ал 16га чыга элек кыз, анын ата-энеси да “арыз жазабыз” дегенде баланын ата-энеси коркуп үйлөнтүп салыптыр. Кызым кышында 20 күн жоголгондо ошол курбусунун жигитинин үйүндө жашап жүрүптүр. Кызым “ал бала үйүнөн эч жакка чыгарбай күч менен кармап турду” деди. Адилеттүүлүктү талап кылабыз, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазасын алышсын.

Шектүүнүн апасы: “Кыз 13тө эмес, 18 жаштамын деп алдап жүрүптүр”

- Менин балам да учурда шектүү катары каралып жатат. Балам декабрь айында Орусияга иштегени кеткен, бул иш февралда башталып жатат. Шектүүлөрдүн көбү өспүрүм балдар. Жаш кызды жамандагандай болбоюн, бирок “жабырлануучумун” деген кыз жаман жүрүм-туруму менен айылга таанылган экен. Биз кыздын өтмүшүн изилдедик, милицияда каттоодо турган, мектепте тийип-качып окуган кыз. Башында “мени зордуктады” деп 14 жигиттин үстүнөн арыз жазган, кийин эле 9 бала калды. Калганы каякта? Арасында 40 жаштагы үй-бүлөлүү кишилер да бар болчу, алар акча берип кутулуп кетиштиби? Кыздын кебетесин көрсөңөр 13 жаштагыдай көрүнбөйт, 2003-жылкы эжесинин паспортун көтөрүп алып балдар менен мейманканага барчу экен. Апасынын “кызымды башкара албай калдым, атасына өткөрүп берем” деп жазган түшүнүк каттары бар. Бизди кызга такыр жолуктурбай жатышат. Бетме-бет жолуктурса балдар айтышмак да, “биз качан сени зордуктадык” деп. Максаты – бизден акча өндүрүү болуп жатат. Бирок бизде акча жок, карапайым адамдарбыз. Ушундай куру жалаадан сактасын. Азыркы заманда бир нерсеге таң калбай деле калдык.

Шектүүнүн атасы: “Кышында кыз биздин үйдө жалдырап жашап жүргөн”

– Бул окуя боюнча менин 18 жаштагы балам камакта отурат. Зордуктады дегени карандай калп. Балам ошол жабырлануучумун деген кыздын курбусу менен кыз-жигит катары сүйлөшчү. Кышында ошол кыз курбусу менен келип биздин үйдө жалдырап жашашты. “Атам Ошто, апам урат, кордук көрсөтүп жатат, 18ге чыксам эле Орусияга кетем” деп жалдыраганынан "мейли, жашай бергиле" дегем. Акырында баргыла эми, үйүңөргө кеткиле деп акча да бердим, кетип эле кайра кечинде келип алышат. Баламдын сүйлөшкөн кызы жабырлануучу кыздан аябай кызганып, эшикке дааратканага чыкса да чогуу чыкчу. Баламды ошол сүйлөшүп жүргөн кызына үйлөнүп алды, боюнда бар деп жатышыптыр, баары калп. Бул окуяда эч кандай зордуктоо болгон эмес, жигиттер аны чоң эле кыз деп ойлошкон. Шектелип жаткан 9 бала бири-бирин такыр тааныбайт, биз, алардын ата-энелери милициядан тааныштык. Азыр заман бузулду, бирөөнү каралап, жалаа жаап коюу оңой болуп калды. Өзүм экинчи топтогу майыпмын, үйдө балам экөөбүз эле жашайбыз. Карабайсыңарбы жаш балдардын убалына калып, сыздатып жатканын. Мен чындыкты тапмайынча жөн отурбайм, эгер чындыкты көмүп коё турган болсо өзүмдү өлтүрөм (ыйлап). Ушунча ата-эненин каргышынан корккула дейт элем. Кыздын ата-энеси сонун эле билишет кызынын жүрүм-турумун. Эмнеге “билген эмеспиз” деп байкуш болуп жатышат, түшүнбөйм. 

Чүй ОИИББи: “Соттук-медициналык экспертиза дайындалды”

– 2024-жылдын 23-январында Сокулук айылынын 1983-жылы туулган Ч.С. аттуу тургуну милицияга кайрылып, А.Б. аттуу 15 жаштагы кызы 22-январда саат 08:00 чамасында мектепке кеткен бойдон үйүнө кайтып келбегенин билдирген. Издөө иштеринин жүрүшүндө кыз 11-февралда Сокулук РИИБ-
инин аймактык тескөөчүсү тарабынан Сокулук айылынын мейманканаларынын биринен табылган. Жашы жетелек кыз менен профилактикалык маектешүү жүргүзгөндө, ал буга чейин бир нече жолу үйүнөн чыгып, жоголуп кетип жүргөнүн билдирген. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренесинде (16 жашка толо элек өспүрүм менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, Б.Ага карата тиешелүү соттук-укуктук, медициналык экспертизалар дайындалган. 15 жаштагы кыз көрсөтмөсүндө атаган жарандар толугу менен аныкталып, суракка алынып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы менен шектүүлөрдүн аракетине укуктук баа берилет.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1112, 29-март-4-апрель, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан