Асылбек Маратов, төкмө акын: «Азыркы бир топ акын төкмөбүз дегенден уялышыбыз керек»

Белгилүү төкмө акын, Арстанбек Буйлаш уулунун урпагы, “Айтыш” коомдук фондунун төрагасы Асылбек Маратов менен маектештик. Төкмөлүк ааламда эмне кеп? Улуу өнөрдүн дүбүртү кандай? 

– Кандайсыз, Асылбек мырза? Кыргызда алгач жаңылык сурайт эмеспи, кандай жаңылыктарыңыз бар?

– Жакшы, рахмат. Арыбагыла! Тынччылык, эл катары жүрөбүз. Буюрса, алдыда иш-чара, пландалган иштер көп. Жылдын башында устатыбыз Элмирбек Иманалиевдин эскерүү концертин өткөрдүк. 20-апрелде поэзия кечесин уюштурдук “Айтыш” фонду. Эки жакка барып концерт коюп келип жатабыз. Быйыл залкар аталарыбыз Арстанбек Буйлаш уулунун 200 жылдыгы, Токтогул Сатылгановдун 160 жылдыгы, Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгы, Алымкул Үсөнбаевдин 130 жылдыгы. Мына ушул төрт аксакалдын мааракелерине карата айтыштарды күзүндө өткөрөлү деп турабыз.

– Арстанбек Буйлаш уулунун урпагы экениңизди билебиз. Төкмөлүк өнөр сизге генден өткөн деп айтасызбы же мээнеттин натыйжасыбы?

– Бул нерсени айтыш кыйын, ген кууса эне жагынан өтөт дешет экен. Арстанбек Буйлаш уулу бешинчи атам. Арстанбек атамдан жукту деп айтыш кыйын, ал кишилер залкар, олуя, улуу инсандар болгон да. 1 пайыз талант, 99 пайыз эмгек дешет эмеспи. Менин да ошо шыгым болсо керек. “Арстанбектин урпагымын” деп дайым мактанып, сыймыктанып жүрөм. Ошончо сыймыктанганга жараша ошончо жоопкерчилиги да бар. Арстанбек кандай акын болгон, анын урпагы кандай акын болуш керек деген маселелер бар. Бул бир чети чоң милдет. Кээде бир жерден жаман ырдап калсаң “Арстанбектин урпагымын” дегенден уяласың.

– Сиздеги акындык шык качан байкала баштады?

– Апам мени 2-класста музыкалык мектептин комуз классына берген. Ошондон баштап комузга кызыгып, Нарында Жумамүдүн Шералиев атындагы музыкалык балдар мектебин бүтүргөм. 15 жашымда Бишкекке келип, Мураталы Күрөңкеев атындагы училищеге тапшырдым. Ошол учурда Арстанбек Буйлаш уулунун 180 жылдыгына карата уюштурулган айтыш болуп, анын тандоо туруна таенем “ушул бала Арстанбектин урпагы” деп жетелеп келген. Биринчи жолу ошондо филармонияда сахнага чыгып, Нурак Абдрахмановдун “Улуу тоолор” деген күүсүн черттим. Ошол айтышта Садык Шернияз агабыз комуз белек кылган. Айтыш бүткөндөн кийин биздин туугандар “балабызга бата алып берели” деп чай уюштурушту. Ошол жерден Эстебес Турсуналиев, Төлөгөн Касымбеков, Балбай Алагушов аталарыбыз батасын беришти. Ошондон кийин “Айтыш” фондуна келип жүрдүм. 2007-жылы Барскоондо Жаклин Рипар аттуу жылкы изилдөөчү француз  эжекебиз ат оюндарын уюштуруп, “Айтыш” коомдук фонду кыргыз аттары жөнүндө республикалык айтыш өткөргөн. Ошондо айтышка биринчи жолу катышкам. Андан 100 доллар кызыктыруучу сыйлык уткам. Андан бери жамандыр-жакшыдыр айтыштардан калбай катышып келе жатам.

– Баш байгелерди да алып жатасыз...

– Албетте, арасында баш байгелер, 1-орундар бар. Республикалык айтыштардан 5 жолу, эл аралык айтыштардан 4 жолу баш байге уттум окшойт. Аракет кылып жүрөм, шүгүр. Азыр биз жамакчыбыз да, келечекте максаттуу, милдеттүү чоң төкмө акын болууга умтулууда жүрөбүз. Азыр төкмө акынмын дегенден бир топ акындар уялышыбыз керек.

– Төкмө акын деген кандай болушу керек, кантип сүрөттөйсүз?

– Төкмө акындар мына кадимки Арстанбек Буйлаш уулу баштаган, Ырамандын Ырчы уулу, андан ары Жайсаң ырчы, легендарлуу Токтогул, Чоңду Койчуман уулу, Эсенаман Жалгаш уулу, укмуш акындар. Мисалы, Арстанбекти 200 жылдыкта да эл унутпай жатат. Ал комуз десе комуздан, ыр десе ырдан, санжыра-тарых десе ал жагынан, учур чагын да, жадакалса келечекти да төгүп айтып турган. Ушундай акындарды төкмө деп элестетем. Андай болуш кыйын. Заман өткөн сайын адам да майдаланат окшойт, азыр андай акындар жокко эсе.

– Элмирбек Иманалиев аганы эскерүү концертинде төкмөлөр арасында бир аз келишпестик чыкты окшойт...

– Жок, ал келишпестик деле эмес. Концерт өткөрүүгө даярдык бир ай мурда башталат. Ага чейин он күндүк айтыштарды уюштурабыз. Он күн сайын келип айтыш куруп турабыз. Ошол айтыштан такшалтып жаштардан да чыгаралы деген ой бар. Бул “Айтыш” коомдук фонду – төкмө акындар мектеби. Мектепте окугандар бар, бардык акындар “Айтыш” фондунун мектебинен өтүшкөн. Мектепти бүтүп, азыр “Манас” театрында иштеп жаткан акындар бар. Биздин программабыз эрте түзүлүп калганына байланыштуу ошондой болуп калды. Аны эл “акындар экиге бөлүндү” деп ойлоду. Акындар бөлүнбөйт. Эртең эле айтыш болгондо акындардын баары биригип чогуу жүрөт. Учурдан пайдаланып айтып коёюн, акын болом деген жаштар келип, ушул 10 күндүк айтыштарга катышып көрүшсө болот.

– Айтыш учурунда бир дем менен куюлуштуруп бат-баттан төгүп киресиз. Бул нерсеге алдын ала даярданасызбы?

– Жаттабай да, жаттап да төккөн убак болот. Чоң айтыштарда тез төккөндү сабалап төккөн деп коёт. Илгертен кыргыз акындарында болчу экен. Айрыкча Осмонкул Бөлөбалаев атабызда. Берилип калган маалында тынбай сабалатып ак жаандай төгүп турган, ал тургай аш бышымга чейин төккөн акындар болгон экен. Бул ар бир акындын максаты, мен да ушундай төксөм экен деген тилеги.

– Башка төкмө акындардан эмнеңиз менен өзгөчөлөнөм деп ойлойсуз?

– Өзгөчөлүгүм деле жок, бирок кемчилигим көп экенин билем. Анткени 25-26 жашымда “Айтыш” фондуна төрага болуп калдым. Ошондон бери башка акындар айтышты ойлонуп жүрүшсө, мен айтыштын уюштуруусун ойлоном. Билеттер эмне болуп жатат, телефон тынбайт. Ушинтип жүрүп, айтышка деле бир өзгөчөлүк киргизе алган жокмун. Философ атка конгон жокмун, же юморист атка конгон жокмун. Же Асан кайгы, же маселечил акынбы. Азырынча өзгөчөлүк байкалбайт. Мен өмүрүмдө жакшы айтыш деле кылып көрө элекмин.

– Кайсы акындар менен айтышка чыккыңыз келет?

– Чоң акындар, акындын багын ача турган акындар бар. Мисалы, Айнур Турсунбаева келип, Эламан менен айтышып Эламанды ачып кетти. Мындан 10 жыл мурда Шымкентте өзү акын деле болуп жүрбөгөн Аликбек Мусаев деген казактын акынын Элмирбек Иманалиев ачып кетти. Ошондой акындарды тилейсиң. Кээ бир акындар айтышпай эле отура бериши мүмкүн. Айтышкан төкмө акындар жакшы. Мисалы, Сапарбек Зулпуев, Жеңишбек Жумакадыр, Амантай Кутманалиев, Аалы Туткучев, Азамат Болгонбаев жана башка агалар менен чыксаң жакшы айтыш болот.

– Айтыш учурунда уйкаштыктын артынан ээрчип кетип, айтайын деген оюңузду туура эмес берип алган учурлар да болсо керек?

– Көп болот андай, ар бир эле айтышта жаңыласың. Кээде уйкаштыкты кубалап ойду таппай каласың, кээде ойду кубалап жатып уйкаштыкты таппай каласың. Токтогул, Жеңижоктордой тубаса талант болбогондон кийин ар бир айтышта изденүү бар, ар бир айтышта жаңылуу бар.

– Сахнада эмоциясын карманган адамсыз. Жашоодо кандайсыз?

– Жашоодо деле ошондойбуз. Эмоцияны ашыкча чыгарып эмне кылабыз, биздики акындык деген милдет, эки ийинден басып туруш керек. Акын чыгып жатканда элдин көйгөйү айтылышы кажет, элдин чери жазылыш шарт. Ошол жоопкерчиликтер эмоцияны кармайт. Анын үстүнө “акындар нарктуу болуш керек, мындай болуш керек” деп жатса эмоцияңды чыгарып сахнадан комузду айланып жүргөн дагы туура эмес.

– Кичинекейиңизде кандай бала элеңиз?

– Кичинекейимде жакшы бала болчумун (күлүп). Үйдөн чыкккандан баштап мектепке жеткиче комуз чертип барчумун, келатканда да ошентет элем. Мектепте иш-чаралардын баарында комуз чертчүмүн. Кичинемде бир аз тентек болсом керек, негизинен, жакшы окуган, ата-эненин сөзүн уккан бала болуп чоңойдум. 

Гулийпа Маметосмон кызы

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1120, 23-29-май, 2024-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан