Учурда коуч, психолог, бизнес-үйрөтүүчү дегендер көп. “Бир айдын ичинде бизнести семичкедей чагууну үйрөтөм”, “Аял-эркек мамилесин жөнгө салыңыз”, “Кантип үлгүлүү эне болуш керек?”... Айтор, сизди азыр эле жетелеп кетүүгө даяр. Заманга жараша аларды ээрчигендер да көп. Албетте, беш кол тең эмес деңизчи. Бирок ошондой “устаттардан” жабыр тарттык дегендер да болууда.
Аманат Азимова, жабырлануучу: “Диплому жок психологдун айынан келиним ооруканага жатып калды”
– Келиним “айтпаңыз” деп суранганына карабай, башкаларга сабак болсун деп айтып чыгууну туура көрдүм, кызым. 2022-жылы келиним психологмун деп жүргөн таанымал эле бир айымдын тренингине катышып калды. Инстаграмда укмуш популярдуу айым, келиним абдан берилип алган. Ал психолог кардарларын ата-тегине “жолуктуруп”, энергиясын тазалайт экен. Келиним анын бардык курстарын сатып алып, сабактарына катышып жатты. Мен түнт мүнөзү ачылып калар, мейли, дедим. Анткени ошол учурда уулум экөө ыйкы-тыйкы болуп жүрүшкөн эле. Бара-бара келиним түнкүсүн элирип, кыйкыра турган болуп калды. Коркуп, психикалык жактан жабыркагандар жаткан ооруканага алып барсак, дипломдуу психолог терапевттер бизди урушту. “Алар алдамчылар, келиниңиздин психикасын ого бетер талкалашыптыр” дешти. Шүгүр, келиним сакайып чыкты. А мен короткон акчабызга, убактыбызга, ишенип алганыбызга күйөм. Бери дегенде 100 миң сомдой коротуптурбуз. Кеңешим – “үй-бүлөңөрдү ынтымактуу кылып жиберем” деген сабатсыз коуч, психологдордон этият болгула. Негизи эле бизге окшоп алданып калгандардын укугу мыйзамда корголгонбу?
Шердор Абдыкапаров, юрист: “50 миң сомго чейин айып пул төлөшөт”
– Учурда “сени тез арада миллионер кылам” деп кардардын акчасын алып, качып кеткен коучтар бар. Мыйзамда бул нерсе “алдамчылык” беренеси менен каралат. Тактап айтканда, шектүүлөр 20 миңден 50 миң сомго чейин айып пул төлөп кутулуп кетишет. 10, 20 же 50 кишиден 50 миң сомдон алып алдап кетсе деле, ушул эле өлчөмдөгү айып пулду төлөшөт. Коучтун айыбын далилдеш кыйын иш, далилденгенден кийин деле “кийин төлөйм” деп созуп жүрө бериши мүмкүн. Арыз жазган адам деле чуркап жүргөндөн тажап артынан сая түшпөй коёт. Юрист катары айтарым, алданбаш керек. Алар атайын тилин укмуш кооз кылып машыгышат. Курска жазыларда коучту жакшылап изилдеп чыгыш шарт.
Мавлян Аскарбеков, коомдук ишмер: “Беш жолу эрге тийгендер “бактылуу жашоону үйрөтөм” деп жүрүшөт”
– Учурдун эң талуу маселеси ушул болууда. “Стимул, мотивация беребиз” дегендер толтура, бул чоң бизнеске айланды. Албетте, арасында билимдүү коучтар бар, бирок абдан эле аз. Өзү 5 жолу эрге тийген, анан “бактылуу турмуш курууну үйрөтөм” дегендер жүрөт. Кантип деген суроо туулат. Адегенде өзү бактылуу турмушту үйрөнүп, бир күйөө менен жашабайбы? Жаштар азыр тез эле байып кеткилери келет, бул да коомдун оорусу. Ошолор “акча сала кал, миллионер кылам” дегендерге алданып калып жатышат. Ийгиликке жетүүнүн чыныгы үлгүсү боло турган инсандар бар. Мисалы, “Шоронун” ээси, маркум Табылды агай. Ошол киши басып өткөн жолун баяндап, бизнести минтип кылыш керек деп башкаларга кеңеш айтса жарашат эле. Ал ишкерликтин ар бир тепкичин айтып бермек. Ошол сыяктуу дагы саналуу инсандар бар арабызда. Анан өздөрү кыйратып бир иш кылбагандар кантип миллион тапканды үйрөтөт, билбейм. Бул ачык эле аферисттик. Курстун эң арзаны азыр 20-30 миң сом, ушунча акча төлөөрдөн мурун жакшылап ойлонуп, анализдеш керек. Ал коуч өзү ийгиликке жеткенби, кандай жолду басып өттү, программасы кандай, кандай баалуулуктары бар, айтор, толтура суроого жооп табыш керек болот.
Зарима Усупова, бизнес-машыктыруучу: “Ийгилик жаратуу – бул адамдын өзүнөн”
– Учурда 41 жаштамын, онлайн бизнесте жүргөнүмө быйыл жети жыл болот. Мен онлайн бизнеске кантип келип калдым? Балдарым катар төрөлүп, декретте узак отуруп калдым. Жолдошумдун “үйдө гана отуруп акча табышың керек” деген талабы менен онлайн бизнести изилдеп баштагам. Жалпысынан 5000 долларга көптөгөн курстарды сатып алып окудум. Ал курстар мага кандай натыйжа берди? Дароо эле жол чырактын жашыл жарыгы күйүп берген жок, мен дагы алдамчылардын торуна түшкөн учурлар болду. Андайлардын программасы бүдөмүк болот, эмнелерди айтып, кандай баалуулуктарды бере турганы да күмөн. Негизинен курстардан максималдуу түрдө пайда алып чыктым. Учурда кирешем жакшы, онлайн бизнесимди жогорку деңгээлге чыгара алдым.
Эмне үчүн курс окугандардын айрымдары ийгиликке жетет да, айрымдары жетпей калат? Адамдар башында өздөрүнө ишенбей келишет. Күмөн саноодон чыга албай “бул ишти алып кете аламбы?”, “коркуп жатам” деген сымал сөздөрдү көп айтышат. Демек, психологиялык даярдык жок. Машыктыруучу – ашпозго окшош. Мисалы, ашпоз палоо жасаш үчүн эмнелер керек, аларды кантип колдонуу зарыл, баарын айтып берет да. Берки угуп жаткан адам ашпоздун айтканын так аткарышы керек. А биз анын айтканын так аткарбайбыз. Кээде сабизин аз кошуп же көп кууруп, же отту күчтүү жагып жиберебиз да, натыйжада палоо ойдогудай болбой калат. Курс окуу деле ушундай, ийгилик ар бир адамдын өзүнүн колунда.
Дүкөндөн азык сатып алганда анын жарактуулук мөөнөтүн карап эле билесиз. Ал эми интеллектуалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын далилдеш кыйын. Балким, коуч сонун эле үйрөттү, болгону курсту сатып алган адам анын айтканын кылбай койду...
Коуч, бизнес-машыктыруучуларга ишенесизби?
Жылдыз Ишенбекова, үй кожойкеси, 29 жашта:
– Жеңем менен биргеликте 25 миңге байерлик боюнча сабак сатып алганбыз. Андан социалдык тармактардын мүмкүнчүлүктөрүн, Кытайдагы сайттардан кантип товар алып-сатууну баарын нөлдөн баштап үйрөттү. Ушул тармакта иш баштадым, кошумча каражат таап жатам. Ошондуктан коуч, бизнес-машыктыруучуларга ишенем.
Аманжол Макенов, мамлекеттик кызматкер, 31 жашта:
– Мындайларга кызыга бербейм жана онлайн окутуу-үйрөтүү дегендерге такыр ишенбейм. Андан көрү өзүң аракет кылсаң жакшы эле жашаса болот. Болгону алар азыркы жашоонун агымынан пайдаланып бизнес жүргүзүп жатышса керек.
Айпери Искендер кызы, мугалим, 33 жашта:
– Азыр коучтар, бизнес-тренерлер өтө көбөйүп кеткендиктен ишенүү кыйын. Тажрыйбасы барын ылгап, анан окуусун алуу керек. Ал эми кийинки аракет адамдын өзүнөн. Өзгөрөм, күнү-түнү эмгектенем десе сөзсүз түрдө натыйжа болот. Ал эми эч кандай аракет жок, окуткан адамга ишенип коюп жата берсе, албетте, натыйжа жок болот.
Өктөм Сапар уулу, ырчы, 42 жашта:
– Майда-чүйдө ушундай курстарга катышып көрдүм, карай келсең эле сен эмес, өздөрү бир нерсеге муктаж экен. Албетте, алар да ушундай жол менен бизнес кылууну тандап алышса керек, бирок билимин сатып жатканда алардан да билимдүү адамдар бар экенин эске алышса. Өз күчүмө ишенгендиктен аларга көп ишенбейм деле.
Анара Сталбек кызы, тарбиячы, 29 жашта:
– Буга чейин психолог-коучтан сабак сатып алып, бир ай окугам. Ал мага мотивация берип, аз да болсо жардам берген. Ал эми бизнес-тренерлердин сабактарынын баасын угуп эле качасың. 300 доллардан өйдө экен. Ошентсе да көздөп жүргөн бизнес-тренерим бар. Ал натыйжага иштейт. Ишеничтүүсүнө туш болсоң өзгөрүүгө мүмкүн деп ойлойм.
Жылдыз Жунушева, медайым, 42 жашта:
– Булардан сабак сатып алган эмесмин. Бирок ишеничим 50гө 50. Анткени кайсы тармакта болбосун өзүнө ишенүүсүнө жок дегенде 20-30 пайыз жардам берсе керек. Бирок адам өзү деле акылын иштетсе, туура багытты тандаса ошондой жыйынтыкка жете алат да. Биз антип отуруунун ордуна аларга кайрылуудабыз.
Нуржамал Жийдебаева