Салам, дос!
Мен баягы жолдо турам,
Сага бир барсам деген ойдо турам.
Билбеймин кайда экенин башка достор,
Ортого мезгил дубал орнотулган.
Турмушка куурчак болдук ойнотулган...
Көр тирилик кызыгына батып алып,
Билинбей туш тарапка чачырадык.
Дүйнөнү багынткандай басып кеттик,
Болгону бирден сулуу катын алып...
Бул керемет саптардын автору, чыгаан акын, журналист Зайырбек Ажыматовдун арабыздан кеткенине жакында 4 жылдын жүзү болду. “Жакшынын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт” деген чын сыягы, Зайырбек агабыздын атын анын калемине таандык ырлар өчүрбөй турганын турмуш көрсөтүүдө. “Тирүүлүктүн күнү өтө берет экен, кечээ эле жаныбызда жүргөндөй болчу, анын жоктугу бүгүнкү күнгө чейин үй-бүлөбүз үчүн чоң арман” дейт жубайы Анара Жансариева. Акын көзү тирүүсүндө кичинекей кызы Карлыгачтын кызыктуу окуяларын көп баяндап берер эле. Ошол кичинекей Карлыгач быйыл 4-классты бүттү. Анара айым менен Карлыгач редакциябызга келип кызыктуу маек куруп беришти.
- Куш келипсиздер, Анара айым, Карлыгач! Жакында маркум Зайырбек агабыздын туулган күнү өттү, кантип белгиледиңиздер?
Анара Жансариева: – Саламатсыздарбы? Чакырганыңыздарга чоң рахмат. Ооба, 27-май – атабыздын туулган күнү болчу. Балдары менен жай башына барып куран окуп, гүл коюп келдик. Кербенден туугандарыбыз келген эле, аларга үйдөн да куран окуттук. Биздин үй-бүлөдө күн сайын атабызды эстеп, анын кызыктуу жоруктарын бири-бирибизге айтып берүү адат болуп калган. Балдардын түшүнө тез-тезден кирип турат. Ыраматылык күтүлбөгөн жерден, кокусунан кетип калды да, өзү деле мындай болуп кетерин билбесе керек. Жакшы көргөн кызы Карлыгачты өзү 1-класска жетелеп барган эле, Каку деп эркелетчү, мына, Какусу чоңоюп келе жатат. Улуу балабыз Дубайда, экинчи балабыз Мелис быйыл университетти бүттү, ортончу кызыбыз Айназик “атамдын жолун улайм” деп жогорку окуу жайдын журналистика факультетинде 3-курста окуп жатат. Тирүүлүктүн күнү өтө берет экен, арабызда Зайыр гана жок. Калганы баягы көр тирлик, баягы турмуш, баягы түйшүк. Тилегеним – артында калган балдарына татыктуу тарбия берсем, ушулар мыкты адам болуп, атасынын атын өчүрбөй бийик көтөрүп жүрүшсө.
- Балдарынын ичинен атасынын акындык өнөрүн улантчулар барбы?
Карлыгач: – Атамдын өнөрү мага өткөн. Анткени мени баарынан жакшы көрчү да. “Кара кызым”, “томпок кызым” деп күндө таттууларды, оюнчуктарды көтөрүп келет эле. Айылга кетсе апама телефон чалып “менин кара кызымды көрсөт” дей берчү, а мен оюнга алаксып ойнойм деп кетип калат элем. Кичинемде эмне кызык болсо баарын атамдан сурачумун, эринбей отуруп жооп берет эле. Мен кээде ыр жазам, бирок өзүмө жакпаса көп ырларымды эч кимге окутпай ыргытып жиберем. Менде акындык өнөр эми ойгонуп жатат окшойт, чоңойгуча кыргызча жакшы ырларды жазып калам деп ойлойм.
А.Ж.: – Ооба, Карлыгач орус класста окуйт да, орусча ойлонуп, ырларды да орусча жазып жатат. Ошого быйыл кыргыз класска которсомбу деп жатам.
- Карлыгач “атам мени өзгөчө жакшы көрчү” деп калдың, атаң менен өткөргөн кызыктуу учурлардан айтып бербейсиңби?
К.: – Мен 1-класска барганда көнө албай аябай кыйналгам. Жалгыз калсам эле атам менен апам мени таштап бир жакка кетип калчудай сезилчү. Атам менен апам кезектешип, бир жума менин сабагым бүткүчө терезеден карап турушкан. Класста улам-улам терезени карап сабак жазчумун (күлүп). Бир жолу 3 сомдук тыйын таап алып “ата машинаңызды ушул акчага оңдотолу” деп айтсам, атам аябай каткырган. Байкемдин дептерлерине сүрөт тартып салып, эжемдин телефонун сууга салып жиберип... Аябай тентек болчумун да. Тентектик кылганда чуркап келип атамдын астына унчукпай отуруп калчумун. “Дагы бир нерсени баштап келдиңби, кызым” деп калчу.
А.Ж.: – Карлыгач атасынын эркеси болчу да. Ушул кызына көзү тойбой кетти, байкушум. Тим эле үзүлө түшүп жакшы көрчү.
- Анара айым, жолдошум романтик эмес болчу деп айткан элеңиз, сизге болгон сезимдерин кантип билдирчү?
А.Ж.: – Адамдын жаш курагы жогорулаган сайын сүйүү деле ага кошо чоңоёт окшойт. Жаш кездегидей өрт болуп сүйбөсө да, мага болгон сыйын, ыраазычылыгын ыр аркылуу билдирип турчу. Биринчи сынчысы мен элем, Зайыр чөп чаап жүрөбү, короону тазалап жүрөбү, ырдын эки сабын эле кармачу, дароо мага айтып “ушуну бир жерге жазып койчу” дейт эле. Мен жазып алам, кийин кененчиликте ошол эки сапты чоңойтуп ыр кылып жазып салчу. Зайырдын турмушта өксүгү көп болчу, жетимчиликти башынан өткөрдү, карындашы менен инисин өзү багып чоңойтуп, жаштайынан бир үй-бүлөнүн түйшүгүн моюнуна көтөргөн, 19 жашында үйлөнүп алып балдарды багабыз деп экөөбүз канча темселедик. Эгер Зайыр көр тирликке алаксыбай чыгармачылыгы менен гана кетсе, не бир керемет чыгармалар жаралмак деп ойлойм. Ошол өксүгүн, ошол боштукту кийин китептер, ыр жазууга болгон аракети, тагдырына туш болгон чөйрөсү толтурду. Мен аны “битир” деп тамашалайт элем, анткени тойлорго мени менен чогуу барбайт эле, дайым жалгыз барчумун. “Тойго кетирген убакытты башка пайдалуу ишке жумшаган жакшы” дечү. Бир жолу “ээ, кемпир, мага өзүң “Жылдын мыкты эри-2017” деген наамды бербесең болбой калды. Айылыңа жөнөттүм, өзүм мончо, сарай салдым” дейт. "Мыкты эр аталыш үчүн атаандаштарың болуш керек да, сени кимдердин арасынан мыкты деп табам, жок эле дегенде эки эрге тийишим керек" деп койсом, “тү-ү ёлки, мыктыны бербесең кой, оозуңа таш!” деп жинденип алыптыр (күлүп).
- Бала тарбиялоодо эмнелерге басым жасачу?
- Балдарыбыз “бактылуу балалык тартууладыңар, апа, ата. Сиздерге рахмат” десе кубанып калчубуз. Болбосо балдарыбызды кымбат, сапаттуу билим берген мектептерден окута алган жокпуз, кээде мыкты кийиндиргенге деле шарт болгон жок. Азыр балдарды оюн-зоок жайларына көп алып барышат эмеспи, антип алып барганыбызды деле эстей албайм. Ал тургай бирин да бала бакчага бере алган жокпуз. Мектепке бара баштаганда кээде кышкысын өтүктөрүнөн суу өткөн кездер болду. Дасторконубуз дайыма эле толо болуп турган жок. Азыр ошол кыйын күндөрдү балдарым жагымдуу, күлкүлүү, бактылуу учур катары эскерип отурушса ичим элжирейт. Демек, биз балдарыбызды жокко да, барга да көндүрүп чоңойтуптурбуз. Кеп баланын кандай кийингенинде, кандай мектепте окуганында эмес экен. Бала ата-энеден жетиштүү мээрим, сүйүү алса эле сөзсүз кайтарымы болот тура.
- Бар болуңуздар!
Лунара Бекиева