Текеберлик – алсыздыкты жашырган курал

Ген, жашоо образы, мүнөз... Текеберлик кайдан келип чыгат? 

– Генетиктер адам мүнөзүнүн 30 пайызы ген аркылуу берилет дешет. Дүйнө таанымы калыптанып, чоңойгондон кийин генден өткөн мүнөздү тарбияласа болот. Ал эми текеберлик кайдан келип чыгат? Качандыр бир кездеги психикалык, эмоционалдык трамвадан улам жаралат. Текебер адамга кайсы бир учурда катуу сокку урулган (көп учурда бала кезинде). Ал нерсе программага жазылып калган, түпкү аң-сезимди (подсознание) ошол соккудан коргоо үчүн адамда автоматтык түрдө текеберлик пайда болот. Качан бир нерсеге алы жетпей бара жатканда адам текеберликти колдонот. Мисалы, адам өзүнө такыр ишенбейт, чечкинсиз, ызакор дейли. Бул алсыздыгын элге билдирбеш үчүн текебер болуп чыга келет. Адам жаман ишин гана эмес, алсыз мүнөзүн да жаап-жашыргысы келет. Текеберлик – алсыздыкты жабуу үчүн курал. Өзүнө ишенген, күчтүү адам эч качан текебер боло албайт, алар жашоого мээрим жана ырайым менен гана карайт. Мисалы, бир адам айылдан шаарга келип көп жыл жашады дейли. Ошол адам кайра айылга барганда айылдыктарга текебердик кылып, өзүн бийик сезе баштайт. Анысы жакпайт, мунусу жакпайт. Эмнеге? Анткени ал дагы өз убагында ошондой кемсинүүгө туш болгон. 

Дагы бир учур бар. Адамдын көкүрөгү бир нерсеге толуп турушу шарт. Мээримге, сүйүүгө толбосо, анда башка нерселер менен толтуруш керек болот. Көп учурда сүйүүгө, көңүл бурууга тойбой калгандар текебер болушат. Текеберлиги – өзүнө көңүл бурууну талап кылып жаткандагысы. 

Текебер адамдын белгилери

– Негизги белгилерин баса белгилеп айта кетели. Актануу, сын айтуу, коргонуу. Адам кылган иши үчүн актанып жатса, көп сын айтса же дароо коргонуучу позицияга өтүп алса, демек, текебер. Актанууга мисал – “бул ишти идеалдуу кылмакмын, башкалар тоскоолдук кылып коюшту” деши мүмкүн. Сын айтууга мисал – “а сен өзүңчү, сен эмнени кыйраттың?” дегени. Коргонууга мисал – “өзүм билем, ал сенин ишиң эмес” деген позиция. Бул үч позицияда турган адамды  текеберлик кылып жатат десе болот. Мисалы, кызматкер ишти туура эмес кылганы үчүн жетекчиси урушту, балким, жазалады. Эгер кызматкер актанууга өтпөй, сынды туура кабыл алып, ишин оңдоп кетсе, демек, анда текеберлик жок. 

Текеберлик – адамдын өз табиятын чануусу эмеспи?

– Текеберлик адамзат жаралгандан тартып келе жатат. Жараткан Адам атаны жаратып туруп “баарың ага баш ийгиле” дегенде бир гана Иблис каршы чыгып жатпайбы. Ал “мен оттон жаралсам, эмне үчүн топурактан жаралган бир макулукка баш ийишим керек?” деди, туурабы? Демек, табиятка, жаратуучусуна каршы чыгып жатат. Адам өзүн кандай болсо ошондой кабыл албай, “мен бийикмин, силер ойлогондон да кыйынмын” деп табиятын чанбашы керек. Жашоодо көп кездешкен көрүнүштөрдүн бири. Мисалы, мен түштүк жергесинин тургунумун дейли. Бирок Бишкекте түндүк аймактын диалектисине ыктап сүйлөгөнгө аракет кылам. Бул жерден мен эле кыйналып жатам, туурабы? Табиятыма жакын  түштүк диалектисин чанып жатам. Текебер адам дал ошондой кыйналат. Баарыбызда табиятыбыздан жөнөкөйлүк бар, бирок бир кездеги психикалык трамвалардан улам өз табиятыбызды чанып, менменсий баштайбыз. Башкаларды мен башкачамын деп ишендиргиси келет. 

Текеберлик адамга кандай ооруларды алып келиши мүмкүн?

– Текебер адам өзүн идеалдуу эсептеп алат да, кемчилигин оор кабыл алат. Сынды көтөрө албайт, талапты катуу коёт. Андай адамдар менен баарлашуу абдан оор, анткени өзүнүн гана көз карашын туура деп эсептейт, каршы тарапты такыр уккусу келбейт. Алардын аргументин жокко чыгарат. “Мен билем, мен баарын туура чечем” деп ойлойт. Акыйкат дайыма эки тарап бир пикирге келгенде чыгарын түшүнүшпөйт. Бул чарчатат. Ошентип отуруп өзүн блокко түшүрүп алат. Өзгөнү эмес, өзүн да бекем рамкага салып алгандыктан психикасы “өлөт”. Баарын көзөмөлдөйт, анын эркинен тыш үйдө же жумушта чымын учпашы керек. Мындай эрежелердин баары адамды оорулуу кылат. Рак, кант диабети жана башка көп ооруларды жаратат. Көп учурда жашы өтүп калган адамдар бүкүрөйүп калганы көрөбүз го. Мына ошолор текеберликтин психоматикасы. Мээңде какайганың менен, организм оор жүккө чыдабай ийилип калат. Медицинада себепкер деп ар түрдүү оорулар айтылат, бирок түпкүлүгү текеберликтен улам келип чыгат. Адам өзүн  убагында байкап, түздөп калбаса абалы оор болуп калышы мүмкүн.

Нуржамал Жийдебаева  

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1127, 11-17-июль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан