Немистерди “кычкыл капустанын сүйөрманы”, “куурулган сосисканын атаманы” деп коюшат. Анткени алар эттен сосисканын түрүн жасап, капустаны гарнир катары дээрлик бардык тамагында колдонушат. Ошондой эле картошкадан түрлөп салат, тамак, гарнир даярдашат. Сиз колдонуп эле жүргөн азыктар бекен? Анда менюну жаңылап, немис даамдарын даярдап көрөлү.
Маульташен
Керектелүүчү
азыктар (4-6 порция үчүн):
Сулп эт – 300 грамм
Шпинат – 1 боо
Пияз – 2 даана
Ун – 100 грамм
Жумуртка – 2 даана
Суу – 30 миллилитр
Туз, мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Жумуртканын сарысы менен агын өзүнчө бөлүп алабыз. Сарысын чалып, үстүнө суу куюп, туз салып аралаштырабыз да, үстүнө ун салып жумшак камыр жууруйбуз. Жакшы ийлеп, толтурмасы даяр болгуча тыныктырып коёбуз.
2. Этти эт туурагычтан өткөрүп, майда тууралган шпинат менен пиязды кошобуз. Туз, мурч татытып аралаштырабыз.
3. Камырды жука жайып, туурасы 8-10 сантиметрлик узун кесимдерге бөлөбүз. Узун кесимдердин бетине жумуртканын агынан сүйкөйбүз. Бул камырдын бири-бирине жабышышына өбөлгө болот.
4. Толтурмадан 1 аш кашыктан тоголоктоп, камырдын ортосуна бири-биринен 4-5 сантиметр аралык таштап тизебиз. Камырды эки тарабынан жаап, бөлүп кесебиз. Чекелерин басып жабыштырабыз.
5. Маульташенди немистер бууда же капуста кошулган шорподо да бышырышат. Даяр болуу убактысы 30-40 мүнөт.
Картошка салат
Керектелүүчү азыктар:
Картошка – 3 даана
Туздалган бадыраң – 2 даана
Ышталган колбаса – 100 грамм
Пияз – 1 баш
Укроп – 4 талча
Соусу үчүн:
Өсүмдүк майы – 4 аш кашык
Алма же шарап уксусу – 1 аш кашык
Горчица даны – 1 чай кашык
Туз, мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Картошканы сууга бышырабыз. Эзилип кетпей, дың бышышы керек. Аарчып, ичкерээк кесимдерге бөлөбүз.
2. Туздалган бадыраңды тегерек, колбасаны узун-узун, пиязды жарым шакекче туурайбыз. Укроп майда тууралат.
3. Соуска керектелүүчү бардык азыктарды аралаштырып чалабыз.
Тууралган азыктарды бир идишке салып, соусту куюп аралаштырабыз. Пиязды кызарта кууруп жиберип да кошсо болот. Салат жылуу кезинде берилет.
Лабскаус
Керектелүүчү азыктар (2 порция үчүн):
Картошка – 250 грамм
Тушенка уй этинен – 150 грамм
Пияз – 1 даана
Кызылча – 150 грамм
Каймак май – 1 аш кашык
Сүт – 70 миллилитр
Шорпо – 120 миллилитр
Маринаддалган сельд балыгы – 200 грамм
Туз, мурч – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Картошка менен кызылчаны сууга бышырып алабыз.
2. Картошканы эзип, алгач сүт кошуп аралаштырып, андан соң шорподон куюп аралаштырабыз. Пюре орточо коюулукта, бүдүрчөлөрү менен болушу керек. Кызылчаны да пюре сымал эзип кошобуз.
3. Көмөч казанды ысытып, каймак май салабыз. Пиязды майда туурап, кызарта кууруп, үстүнө маринаддалган этти кошуп аралаштырып пюреге кошобуз.
4. Туз, мурч татытып бардык азыктарды чогуу аралаштырабыз.
5. Тарелкаларга порция менен салып, жанына маринаддалган сельд балыгын коюп, туздалган бадыраң, жумуртка менен сунсаңыз болот.
Шукрут
Керектелүүчү азыктар:
Капуста – 1 килограмм
Сабиз – 1 даана
Алма – 1 даана
Зире – 1 чай кашык
Туз – татымына жараша
Даярдоо ыкмасы:
1. Капустаны сүргүчтөн өткөрүп же кол менен ичке туурайбыз. Канчалык ичке болсо ошончолук кыртылдак болот. Ширесин сыгабыз.
2. Сабизди да сүргүчтөн өткөрөбүз. Алманы ичке жалпак туурайбыз.
3. Зирени көмөч казан ысыган кезде салып 2 мүнөттөй кууруп жиберебиз. Жытын чыгарат.
4. Бардык азыктарды бир идишке салып, туз татытып аралаштырабыз. Аралашманын үстүнө целлофан жаап, оор нерсе коюп бастырып, 2-3 күн ачытуу кажет. Кычкыл болсун десеңиз жылуу жерде сактоого болот, немистер так ушундай кычкылын жактырышат. Болбосо муздаткычка салып сактаңыз.
Асел Ишенбай кызы