Тагдырдан ким качып кутулган? Каарманыбыз Абдилашим Бердиевдин үйүн 14-июль күнү кырсык басып, жубайы Айнагүл Базарбаева селге агып каза тапты. “Түшкө кирбеген окуялар болуп кетти. 7 балабыз апасын азыр эле үйгө кирип келе тургандай күтүп жатышат”,- дейт Абдилашим мырза.
“Балдары үчүн жашады”
– Келинчегим Айнагүл 1985-жылкы, Кара-Суу районунун Ачы айылынан болот. Бирге түтүн булатканыбызга 20 жылдан ашты, ортобузда 7 балабыз бар. Улуу кызыбыз 20 жашта, педагогикалык окуу жайды бүттү, эми жумушка киргизели деп жатканбыз. Эң кичүүсү учурда 2-класста окуйт. Кичине балдарыбыз апасы бир жакка кеткендей эле жол карап күтүп отурушат. Чоңдору анын келбес сапарга кеткенин түшүнүшөт. Эмне кылат элек, Кудайдын берген сыноосун көтөрбөскө айла барбы? “Алганың жакшы болсо жакаң агарат” деген сөз бар эмеспи. Келинчегим жака агарткан, турмуш-тиричилик деп тытынган аял эле. Турмушта көп эле өйдө-төмөн учурлар болду, байкушум баарын көтөрдү. Балдары үчүн жашады. Балдарыбызга мыкты тарбия берели, жакшы окуу жайларда окуталы деп тилек кылчубуз. Тилегине жетпей кетти, балдарынын жакшылыгын көрүшү керек эле, ошону аябай каалачу.
“Мени куткарыңыз” деп чалгандан 2 мүнөт өтпөй телефону өчтү”
– Базарда иштегенине 2-3 жыл болуп калган. Былтыр “соодада көбүрөөк акча айлантыш керек болуп жатат” деп Орусияга барып 2-3 ай иштеп келген. Товарын көбөйтүп алган болчу. Ош шаарынын базарына өтчү көпүрөгө контейнер коюп, тигүү цехтерине керектүү ийне, жип сыяктуу буюмдарды сатчу. Каргаша болгон 14-июль күнү мага чалып “атасы, сел катуу келип жатат, контейнерден чыга албай жатам, мени куткарыңыз” деди. Дароо унаамды айдап жолго чыккам, 2 мүнөттөн кийин чалсам байланыш жок, телефону өчүк экен. Иштеген жерине барып эле таппай калдым. Көпүрө экиге бөлүнүп, үстүндөгү контейнер, товарлардын баары селге агып кетиптир. Башында аялымды өлүп калды деп ойлогон жокмун, ызы-чууда элге аралашып чыгып кеткендир дегем. Тилекке каршы, андай болбоптур. Контейнер менен кошо агып кетиптир. Күбөлөр “Айнагүл башында эл менен кошо эле сыртка чыккан болчу” деп жатышат. Керектүү нерсесин унутуп калып кайра контейнерге барган окшойт, сел андай катуу болорун билген жок да. Ошол убакта көпүрө экиге бөлүнүп үстүндөгүлөрдү агызып кеткен.
“Тиричилик деп жүгүрүп жүргөн бойдон кетти”
– Селден каза болгондордун ичинен Айнагүлдүн сөөгү эң аягында табылды. 3 күн бою ӨКМ кызматкерлерине кошо өзүм, аялымдын туугандары издөө иштерине катыштык. Андижандын Булак-Башы деген айылында шаардык канал бар экен, чек арадан 70 чакырым алыс. Аялымдын сөөгүн Өзбекстандын куткаруучулары ошол жактан таап, бизге өткөрүп беришти. Өзүм мал-чарбачылык, дыйканчылык менен алектенем, иш чыкса курулушта да иштейм. Жарыктык келинчегим “товарымды эптеп 1 миллион сомго жеткирип берсеңиз болду эле, көрөсүз, экөөбүз умрага барабыз, бүт чыгымдарын өзүм төлөйм” деп ниет кылчу. Бир үйдүн куту кетти, жарыгы өчтү, айтарга сөз таппай турам. Жашоодө түз жүрүп, баарын бетке айткан сапаты бар эле. Ашыкча сүйлөчү эмес, тиричилик, балдарым, үй-бүлөм деп жүгүрүп жүргөн бойдон кетти. Тез таарынып, тез жазылчу. Күндөр кунарсыз өтүп, табияттын жаан-чачыны улам балдарыма апасын эстетип жатат. Адамбыз да, “эртерээк барсам куткарып калмак белем, ошол күнү соодага чыкпай эле койсо эмне болмок” деген ойлор менен өзүңдү жей берет экенсиң. Бака-шака түшүп каткырып, баарыбыз чогуу тамактанган учур эми эч качан болбойт.
“Элдин акчасынан да дубасы маанилүү”
– Үйүбүзгө көптөр келип куран окуп, көңүл айтып жатышат. “Үй-бүлөңүзгө элден акча чогултуп берели” дегендер болууда. Жок, рахмат дедим. Жабыркагандарга мамлекет акчалай жардам берет экен, бизге ошол жетет. Биз анчалык каражатка муктаж үй-бүлө эмеспиз, келинчегим экөөбүз иштеп жүрүп шаардын Учкун кичи районуна эки кабат там салганбыз. Кудайга шүгүр, эки колум, эки бутум соо, улуу кызым кичүү балдарымды карап турса иштейм. 7 баламды эч нерседен кем кылбай багып алам. Элдин жардамы чыныгы муктаждарга берилгени жакшы. Бизге азыр элдин акчасынан да, дубасы маанилүү болуп турат. Жубайым бейишке чыксын.
Сарахан Базарбаева, маркумдун апасы: “Турмушта көп түйшүк тартып, эми тынып калган эле”
– Айнагүл 5 баламдын экинчиси болчу. Турмушка чыккандан кийин жүгүн бизге арткан жок, күйөөсү менен жакшынакай жашап кетти. Көп бала көп ичип-жейт да. Балдары чоңойгуча аябай түйшүк тартты, эми тынып калган эле. 2017-жылы эки баласы жол кырсыгына учурап, катуу жаракат алышкан. Ошол балдарын ар 6 айда ооруканага жаткырып дарылатчу, байкуш кызым. Аял киши тың болсо күйөөсүн тартып кетет, Айнагүлдүн ошондой сапаты бар болчу. Күйөөсүнө шык берип, “тигини кылалы, муну жасайлы” деп эле жан талашып эч бир жаны тынчу эмес. Ошентип тытынып жүрүп эки кабат үй салышты, балдарын окутуп жатышкан. Элден кем эмес жашаган үй-бүлө эле.
Ошол каргашалуу күнү биздин Ачы айылына да катуу сел келип, короолорубузга суу кирип, сарайларыбызды талкалап кетти. Өзүбүз менен алек болуп жүрүп Айнагүлдү унутуп коюптурбуз. Болбосо сел келген Ак-Буура дарыясындагы көпүрөдө соода кыларын билчүбүз. Эстеп эле чалсак телефону өчүк, күйөөсүнө чалсак тутканы албайт, көрсө, ошол убакта издеп жүрүптүр. Сөөгүн тапкыча 3 күн “тирүү чыгып калса экен” деп Кудайдан тилендим, боздодум, жалбардым. Андай болбоду. Кызымдын шишип кеткен сөөгүн алып келип беришти. Ошол күнү түгөндүм го дегем, жок тирүүлүк улана берет экен, айла жок жашайт экенсиң. Каралдым кызым эми бутуна туруп, эми балдарымдын жакшылыгын көрөм деп турганда кете берди. Жолдошуна күч-кубат каалайм, жакшымдан калган неберелеримдин өмүрлөрү узун болсун.
Лунара Бекиева