Кол салуу (Кылмыштуу топтун кыңыр ишин баяндаган курч сюжеттүү сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Ой, сага эмне болду, пультту эми көрдүңбү?- дегенде гана өзүнө келди. Чалуу келгенде телевизордун үнүн азайтып, пультту кармаган бойдон ойлонуп отуруп калган экен. – Бар, колуңду жууп кел, чай ичебиз,- деген аялы дасторкон жая баштады. Эсен Кемелов колун жууп келип дасторконго отурганда аялы бир нерселерди сүйлөп жатты, кулагына деле кирген жок. Анда-санда аны кубаттагансып башын ийкеп турду. Эсен өзүн коомго керек адам сезип, көңүлү көтөрүңкү. Беш жылдан бери эч кимге кереги жок адамдай сезип, өзүн таштап жиберген экен, азыр байкаса. Көңүлү көтөрүлгөнгөбү, анекдоттор, күлкүлүү окуялар эсине келип, биринин артынан бирин айтып аялын күлдүрүп жатты. Бир маалда аялынын бир башкача көз карашын байкап калды. Аялы бир кызыктай, суроолуу тиктеди да, Эсендин телефонун алып, андан бир нерселерди текшере баштады. Эсен аялы билип койгонун сезди, “азыр башталат” деп жатты ичинен. Байкатпайын десе да болбой байкап калыптыр да. Аялы телефондон бирөөгө чалды, көрсө, баласы Аманга чалыптыр:

– Кандай, балам?- деп аны-муну сурагандан кийин “бүгүн атаңа чалдың беле?” деп сурады. Баласы “жок” деди окшойт, бир аздан кийин аны менен коштошту да, күйөөсүнө карады:

– Эч жакка барбайсың,- деп көзү жашылдана түштү. Эсен эмне жумуш кылганын эч качан айтчу эмес эле аялына, СССРдин “Внешторг” деген ишканасында иштейм деп койгон тээ бир жолу. Мамлекеттин сырткы соода иштери боюнча тиги же бул мамлекетке барып келдим деп келчү үйүнө. Бирок аялы сезчү, себеби ар дайым эле тапшырма ийгиликтүү бүтө бербегендиктен, денесинен ар кандай жаракаттарды алып келчү, үч жолу операция да жасаткан. Эсен эмне деп жооп беришин билбей калды, өзүн таштап койгону ушул да, түз суроого жооп таба албай тайсалдап калуу деген эмне дегендик. Мурун аялын заматта алдып, ишендирип койчу. Бир-эки жолу эле мурун эмне деп шылтоо айтканын унутуп калып, башкача айтып жиберип билинип калбаса, ушул маалга чейин бир да жолу “прокол” болгон эмес. Күйөөсү жооп бербестен тамактана берди, анын баары бир барарын билген аялы оор үшкүрүнүп алды. Анын үстүнө күйөөсүнүн көздөрү көптөн бери мынчалык күйүп, көңүлү көтөрүлгөнүн көрө элек болчу, ичинен “макул, барсаң бар” деди. Эсен ичинен “уфф” деп алды, аялынын түшүнгөнүнө ыраазы болду. Ушунча жыл жашап бир да жолу аялына кол көтөргөн эмес, атүгүл катуу сүйлөп көргөн эмес. Аялы күйөөсүнүн абалын көзүнөн эле түшүнчү.

Ошол күнү эле кечки каттам менен Бишкекке Илхом учуп келди. Экөө аэропорттун жанында Эсендин машинасында эки сааттай сүйлөшүп олтурушту да, Илхом кайра эле Москвага учуп кетти. Жашыруун угуулардан корголгон телефон ала келиптир, таңкы саат сегизде “шефи” чалды:

– 034, түшүнгөнүңө рахмат, сага бир ай убакыт. Сага банктан эсеп ачылды, акчаны канча керек болсо ал, эмне жардам керек болсо түз эле мага айта бер. Макул, ийгилик ишиңе,- деп тутканы койду.

Илхомдун айтуусуна караганда, чет мамлекеттердин биринин атайын кызматы Кыргызстанда бир шойком баштаганы жатыптыр. Эсендин милдети – Гомер аркылуу эмне иш пландалып жатканын билип, кандай жол менен болсо да токтотуу экен. Кыргызстандын атайын кызматына, күч органдарына, кыскасы, эч кимге билдирбей токтотуу керек.

Эртеси эле Ысык-Көлгө барып, Гомер жашаган мейманканага жайгашты. Гомердин бөлмөсү экинчи кабатта эле, Эсен үчүнчү кабаттан, Гомердин дал үстүндөгү бөлмөнү ар шылтоону айтып, администраторго акча берип жатып араң алды. Түнкү саат экилерде балконго чыгып көпкө эки жакты карап отурду, түндө колго түшкөндөр, беш-алты адам беш мүнөттөй турушуп, кирип кетишти. Башка эч ким деле көрүнбөйт, коопсуздук кызматынын адамы да көрүнбөй калды. Гомердин бөлмөсүнүн балконуна балкон аркылуу түшүп, терезесин бир аз ачты. Анан колун салып сыйпалап жатып эшикке жармаштырылган узун кылды таап алды, атайын ушундай нерсеге арналган суюктук ала келген эле, ошодон бармагына тамызып кыл жармашкан жерге сүйкөдү эле, кыл жармашкан жеринен ажырап түшүп калды. Бөлмөгө кичине фонарик менен кирип, буюмдардын кайсы жерде, кандай жатканын эстеп калып, тинтип бүткөндөн кийин дал ошондой кылып ордуна коюп жатты. Гомер эч кандай илинчек калтырбаптыр, эки сааттай тинтип эч нерсе тапкан жок. Таң агара баштаганда жанагы кылды дал өзүндөй кылып жармаштырып коюп кетти.

Москвадан келгенде Кыргызстандын атайын кызматында эки жылдай иштеген, жаңы кызматкерлерге көп нерселерди үйрөткөн эле.

Таң атары менен ошол балдардан ишеничтүү деген беш баланын дарегин таап, баарын Бишкекке жолугушууга чакырды.

Москвага чалып Гомердин кайсыл жерлерде болгонун, ар бир кадамынан бери билип турду. Бирок Гомердин эмне максат менен келгенине башы жетпеди. Тарыхый ыйык жерлерди изилдеп жүрөт дейин десе, анда Кантка, Токмокко эмнеге барды? Шектүү эч ким менен сүйлөшпөптүр, эмне деп жоромол кылышты да билбей калды.

Эсен Москвадан сүйлөшүүлөрдү эч ким тыңшай албай турган дагы 5 телефон алдырып, эртеси чакырган балдары менен Бишкектин "Мадина" базарындагы чайканалардын биринен жолугушту. Бир бөлмөсүн айткан эле, баары ошол жерге чогулуп күтүп отурушуптур. “Эч ким тааныбасын силерди, тааныбагыдай болуп келгиле” дегендиктен, балдарды биринчи көргөндө өзү да тааныбай калды. Ичинен ыраазы болду, бул балдарга ишенчү, акылы тетик, жашоого калыс көз карашта караган, Кыргызстандын патриот уулдары болчу. Убагында жакшы эле тарбиялаган экен бул балдарды. Баарына тамак буюртма кылып, өткөн күндөрдү, Кыргызстандагы акыбалды талкуулап бир сааттай олтурушту. Эсен ар нерсени сүйлөп отуруп эле күтүүсүз жерден балдардын биринин көзүнө тике карап, темадан таптакыр алыс суроолорду берип калат. Жообун кунт коюп угат да, кайра баштагы темага кайтып сөзду улантып кетет. Ар бирине бирден ар кандай суроолорду берип чыкты. Балдардын үчөөсү кыргыз: аттары Нурбек, Кайрат, Кылыч. Дагы бири Дима деген карис, бешинчиси Олег деген орус бала болчу. Эки сааттай отургандан кийин ар бирине бирден конверт, телефон берди. Конвертте ар бирине тапшырма жазылган флешка жана 100 миң сомдон акча бар эле. Коштошуп тарап кетишти.

Эртеси Нурбек Кантка, Дима Токмокко, Кылыч Таласка, Кайрат Ала-Букага кетти. Олег Ысык-Көлдө калды, ар ким өзүнүн тапшырмасын аткара баштады. Эсен Ысык-Көлдө мейманканада жатты эч жакка чыкпай. Балдардан ар кандай кабарлар келе баштады. Эсен чоң альбом алып бир нерселерди жазып, атайын белгилерди чийип жатты. Бирок жарытарлык эч кандай илинчек жок дагы эле. Ар кандай варианттарды ойлоп жатты, бирок баары окшошпой турду. Азырынча эч бир жылыш байкалбайт. Бир күнү телевизор тиктеп отурган, кызыктуу эч нерсе таппай каналдан каналга которо баштады. КТРге которсо Таластын айылдарында жолдордун оңдолуп жатышы боюнча бир аял журналисттерге комментарий берип жатыптыр:

– Президент келерде эле жол оңдоп калбай, башка күндөрү деле оңдоп турушса болбойбу? Шаарга барып келиш биз үчүн тозокко барабар болууда...

Эсен ордунан ыргып турду да, дароо Таласта жүргөн Кылычка чалды:

– Кылыч, тез билчи, президент барбайт бекен жакын арада Таласка? Кандай маалымат билсең да мага толук айт.

Калган балдарга да чалып, баарына ошол тапшырманы берди...

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1130, 1-7-август, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан