“МЕНИН АТЫМДАН БИРӨӨ БАНКТАН НАСЫЯ АЛЫП КОЁ ЖАЗДАДЫ...” Телефон аркылуу алдаган шылуундар күчөдү

Санариптик технология өнүгүп, ага кошо мурда ойго келбеген заманбап көйгөйлөр да жаралууда. Учурда адамдарды телефон аркылуу алдап акча тапкысы келген шылуундар күчөгөнүн ИИМ эскертип жатат. Мисалы, сизге онлайн товар сатуудагы кардар же банк кызматкери болуп чалып, жеке маалыматтарыңызды билип алышат. Атүгүл жасалма интеллектти колдонуп, психологиялык басым менен да максатына жеткендер бар деп билдирет ИИМ. Киберкылмышкерлерден кантип коргонуш керек? Натыйжалуу күрөшүү мүмкүнбү? Киберчабуулдарды аныктоодо банктардын жана башка мекемелердин ролу канчалык? 

Төлөбүбү Касымалиева, жабырлануучу: “Электрондук капчыгымдан 4700 сом алып коюшту”

– Кыздарымдын селкинчегин сатам деп интернет желесине жарыя чыгарган элем. “Азыр жолдошум сизге чалып, акчасын которот, сиз селкинчекти таксиден салып жибериңиз” деп Вотсаптан бир аял жазды. Көп өтпөй бир киши чалып, электрондук капчыгымдын номерин сурап, “башка банктан которуп жаттым эле, азыр телефонуңузга код барат айтып коёсузбу” деди. Макул деп эч нерседен шек санабай айтып койгом. Электрондук капчыгыма 1500 сом түштү. Андан кийин эле телефонума тынбай ар кандай номурдан чала башташты. Көз ачып-жумгуча электрондук капчыгымдан 4700 сомумду алып коюшту. Милицияга арыз жазайын деп, кайра 4700 сом үчүн алар башын оорутушпаса керек деп жазган жокмун. Өткөндө бирөө “азыр видеочалуу кылам, тутканы ал, күйөөң ким менен жатканын көрсөтөм” деп жазыптыр. Күйөөм жанымда болчу, видеочалуусуна жооп берели десек дароо тутканы коюп салды. Күйөөсү жанында эместер болсо жөн эле алданып калышмак. Көрсө, андай шылуундар видеочалууда адамдын сүрөтүн тартып алып анан ошол адамдын атынан онлайн насыя алып коюшат экен. Азыр абдан сак болуп калдым. Баса, “фотосынакка катышып жатам, шилтемеге кирип добуш берип коёсузбу” дегендер да шылуундар экен. 

Аяна Жеңиш кызы, жабырлануучу: “Аз жерден менин атымдан насыя алып коё жаздашты”

– Мен абитуриентмин. Мага алдамчылар өздөрүн бир уюлдук компаниянын операторубуз деп тааныштырып, телефон номеримдин каттоо мөөнөтү бүтүп калганын, жаңыртуу керектигин айтып чалышкан. Алгач “каттоону жаңыртуу үчүн зарыл” деп бир код жөнөтүштү. Кодду алгандан кийин “бул номерде Мбанк тиркемеси бар экен” дешти, бирок менде Мбанк жок болчу. Бир аздан кийин бирөө башка номерден Вотсап аркылуу чалып, өзүн “Улуттук банктын кызматкери болом” деп тааныштырды. Менин жеке маалыматтарым шылуундардын колуна түшкөнүн, менин атымдан алар банктан бир нече миң сом насыя алып жатканын айтып коркутушту. Ал операцияны токтотуу үчүн банктын тиркемесине кирип “Насыя алуу” деген баскычты басуумду суранышты. Бассам, 21 жашка чыга элегиме байланыштуу насыя алууга тыюу салынган деген билдирүү чыкты. Эгер жашым жетсе тиги шылуундар менин атымдан 100 миң сом насыя алып коюшмак экен.

Эртай Исаков, коомдук активист: “Биздин жарандардын базадагы жеке маалыматтары жакшы корголгон эмес”

– Киберкоопсуздук боюнча маселе бизде аябай курч турат. 5жыл мурда мындай көрүнүш Казакстанда, Орусияда чоң көйгөй болчу. Бизге алдамчылыктын бул түрү жаңы келип жатат. Элдин ишенчээктигин, сабатсыздыгын колдонуп кетишүүдө. Эл өзү алданууга даяр турат, менимче, анткени жеңил акча табууга, кооперативдерге бат азгырылышат. Алдамчылардын көбү чет өлкөдөн чабуул кылып жатышат. Биздин күч органдарынын аларды таап жазалоого мүмкүнчүлүгү жок. Өлкө ичиндеги ортомчуларын, курьерлерин кармап жатышат, бирок түп-тамырынан жок кылуу үчүн  аларды жетектеген тарапты кармаш керек да. Кайдан-жайдан эле биздин жеке маалыматтарды, телефон номерлерди таап жатышат билбейсиң. Бизде базадагы жарандардын жеке маалыматтарын сактоо абалы начар. Өткөндө индустар, египеттиктер менен чоң чыр чыкканда да биздин жарандардын жеке маалыматтары интернетке тарап кеткен. Киберкылмышкерлер булар психолог болушат, кимге кандай сүйлөштү, таалуу жериңден кармашты билишет. Бизге киберкоопсуздук боюнча комплекстүү иш-чаралар керек. Ага бардык органдар, мекемелер, ИИМ, банктар, мобилдик операторлор, ЖМКлар тартылуусу керек.

Улуттук банк: “Банктар эч качан жарандардын жеке маалыматтарын телефон аркылуу сурабайт”

– Санариптик индустриянын өнүгүшү финансы-кредит уюмдарынын кардарларын тейлөөдө ыңгайлуулукту жаратуу менен катар шылуундарга туш болуу тобокелдиктерин да жаратууда. Улуттук банк телефон аркылуу гана эмес, мессенжер, жарнамалык сайттар, социалдык тармактар аркылуу да шылуундарга туш болгон жарандардын арыздарын кабыл алууда. Алдамчылар акыркы технологияларды, анын ичинде жасалма интеллектти (үндү бурмалоо), психологиялык ыкмаларды, айтор, өзгөчө ыкмаларды колдонуп жатышат. Ошондуктан жарандар жеке өзүнө таандык маалыматтарды, картанын номерин, ПИН-кодун, SMS-билдирүү коддорун үчүнчү жактарга бербеши керек. Шектүү интернет шилтемелерге кирбеши зарыл, жеке маалыматтарды же банктык картаңыздын реквизиттерин эч кимге көрсөтпөгүлө. Банктар жарандардан телефон аркылуу эч качан жеке маалыматтарды, билдирүүлөрдү жана акчаны коопсуз эсепке которууну сурабайт.  Шек жаралган учурларда маалыматты текшерүү жана тактоо үчүн Улуттук банктын же коммерциялык банктардын расмий телефондоруна гана чалуу зарыл.

Руслан Шаршенбиев, ИИМдин кибер кылмыштуулук боюнча бөлүмүнүн башчысы: “Телефон алдамчылыгы боюнча тенденция өсүүдө”

– Күн сайын глобалдык тармакка кошулган жабдуулардын саны өсүүдө, бул киберкылмышкерлерге кылмыштуу иштерин кеңейтүүгө мүмкүндүк берип жатат. Биздин өлкөдө жасалган киберкылмыштардын негизги бөлүгүн алдамчылык, финансы пирамидасын уюштуруу жана кумар оюндарын мыйзамсыз жүргүзүү түзөт. Ошондой эле акыркы мезгилде телефон алдамчылыгы боюнча тенденция өсүүдө. Белгисиз адамдар жарандарга тууганы же ички иштер органдарынын, медицина мекемесинин өкүлү катары чалып, жакыны жол кырсыгына туш болгонун айтышат. Андан соң курьер аркылуу акча жөнөтүүнү же картага которууну талап кылышат. Бишкекте ушул жылдын февраль, март айларында эле милицияга 1030 кайрылуу түшкөн. Шылуундардан 77 киши жабыркап, жалпы зыян 43 миллион сомдон ашты. Киберкоопсуздук жаатындагы көйгөйлөрдүн бири – адамдар жеке маалыматтарды коргоо үчүн кантип сактануу керектигин билишпейт. Бул боюнча ИИМ учурда көп иш-чараларды жүргүзүп жатат. 

Шылуун экенин кантип билсе болот ИИМден кеңеш?

Телефон аркылуу алдаган шылуундардын бир нече негизги белгилери бар, алар:

• Акча тууралуу сөз болгондо шылуундар банк эсебиңизде коркунуч бар экенин, онлайн-насыя алуу зарылдыгын айтышат

• Сиздин жеке маалыматтарыңызды талап кылып, шектүү шилтемелерге кирүүгө үндөшөт

• Психологиялык басым: алдамчылар сизге ойлонууга убакыт беришпейт, азыр чечим кабыл алып, тезинен акча которууга мажбурлашат

• Айтканын аткарбай койсоңуз, айыпка жыгылып калышыңыз мүмкүн экенин айтып  коркутууга өтүшөт

• Ишендирип сүйлөшөт, алар өздөрүнө керектүү маалыматты алдын ала даярдап алган болушат

Мындай учурда эмне кылыш керек?

• Уюлдук компаниянын инженеримин, уюлдук байланыш операторумун деп сандар менен символдордун комбинациясын басууну суранышса баспаңыз. Бул сиздин акча каражатыңыз сакталуучу картаңызга кирүү аракети болушу мүмкүн

Telegram каналында каржы пирамидалары жана ар кандай брокердик инвестициялардын жарнактары бар. Аларга ишенбеңиз

• Эң таасирдүү коопсуздук чарасы – сиздин сергектигиңиз жана телефон аркылуу баарлашуудагы акыл-эстүүлүк экенин унутпаңыз 

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1131, 8-14-август, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан