Баланы мектепке даярдоо: Баарын позитив менен баштаңыз!

Балдарды мектепке даярдоо – бул ата-энелер үчүн да, балдар үчүн да абдан жоопкерчиликтүү учур. Анткени балдар да, ата-эне да жашоосундагы жаңы этапты башташат. Бул толкунданууну, кээде балдар үчүн стрессти да алып келиши мүмкүн. Ошондуктан буга абдан кылдаттык менен мамиле кылуу керек. Баланын мектепке даяр болуп барганы, башка балдардан артта калбаганы абдан маанилүү. Балдарды психологиялык жактан мектепте туура даярдоо боюнча психолог Чолпон Смановадан кеңештер...

Баланы мектепке кантип туура даярдайбыз?

  • Көп нерсе ата-энеден көз каранды болот, демек, ата-энелерге кеңеш:
  •  Балаңыз менен көп сүйлөшүңүз, ал кичинеби, чоңбу, өспүрүмбү, айырмасы жок. Мектепке байланыштуу позитивдүү окуяларды айтып бериңиз, алардын суроолоруна жооп табыңыз. “Мен бошобой жатам, анан сүйлөшөбүз” деген шылтоону жок кылыңыз. Ага психологиялык жактан колдоочу болуңуз. Ар бир кичинекей ийгилигин мактаңыз, мунун баары баланын ийгилигине жол ачат.
  •  Окуусу баштала элек жатып эле бааларга акцент койбоңуз. “Сен “4-5ке” гана окушуң керек” деген нерселерди экинчи планга жылдырыңыз.
  •  Балдарды мектеп менен коркутпаңыз. “Мектеп ушундай, азыр минтсең, окуганда кыйналасың, аны-муну” деп айтуунун кереги жок. Мектептин позитивдүү жагын гана ачуу керек. Мугалимдерди, мектептеги системдин негативдүү тарабын баланын көзүнчө талкуулабаңыз. Бул баланын аң-сезимине кирип, ал дагы норма катары кабыл алып калат.
  •  Мектепке керектүү кийим-кечек, окуу куралдарын аларда сөзсүз балаңызды ээрчитип барыңыз, өзүнө тандатыңыз. Бул абдан маанилүү. Анткени бала мектепке керектүүлөрдү өзү тандагандагы сезимдерди жашап, андан жакшы эмоция, мотивация алганы жакшы.
  •  Жаңы күн тартибине көнүү да абдан маанилүү. Жайы бою балдар кеч укташат, кеч турушат, дисциплина жок жашап көнүп калат. 1-сентябрь күнү эрте туруп жан талашып калбай, жок дегенде окуу ачыларына 2 апта калганда мектептин тартибине баланын организмин да, психологиясын да көндүрүү маанилүү. Бала кечинде саат 10го чейин уктап, эртең менен 7де туруш керек.
  •  Сөзсүз, баланы саат менен дос кылуу керек. Көпчүлүк балдар саат канча болгонун билишпейт. Сааттын жашообуздагы орду, саат деген эмне экени, аны кантип таанып-билүү керектигин түшүнүш керек.
  •  Сабак башталганга чейин балага тапшырма берип, үй тапшырмаларын аткарууга көндүрө баштаңыз. Бирок күнүнө 20-25 мүнөттөн ашпасын. Эң башкысы, бала мектепке барганга чейин эле чаалыгып, окугусу келбей калбашы керек.
  •  Балаңыз менен чогуу жазыңыз, бирге сүрөт тартыңыз, китеп окуу, түшүнүгүн айтуу дегендин баарын чогуу жасаңыз. Кызыктуу кино көрүп, аны талкууласа да болот. Бала ата-эне тарабынан көңүл бурууну, кам көрүүнү, колдоону сезиш керек. Сүрөт тартуучу, балдар үчүн журналдар, боёктор, пластилин, мозаика сыяктуу нерселерди көп сатып бериңиз. Булар баланын майда моторикасын өнүктүрөт.
  •  Эң башкысы, ата-энелер, эч качан балаңызды башкалардын балдарына салыштырбаңыз. Мындан баланын өзүнө болгон баасы аябай төмөн түшөт. Ар бир бала ганиалдуу, баары таланттуу, болгону баланын потенциалын ача билүү, биринчи кезекте ата-эненин, анан мугалимдердин жоопкерчилигинде.
  •  Бала бир нерсени түшүнбөй, туура эмес жасап жатса, катасы үчүн жинденип кыйкырбаңыз. Бир нерсе жасап жатканда шаштырбай, бала үчүн ата-эне өзү жасап койбой, бала өзү кылганга мүмкүнчүлүк бериш керек. Бир нерсени жасай албай жатса, бала ошону билиш үчүн суроо бергенге мүмкүнчүлүк бериңиз. “Эмне үчүн мындай, түшүнбөй жатам” дегидей болсун. Бала суроо бергенден тартынбасын, коркпосун. 
  •  Негизи өнүгүү гармониялуу болгону жакшы. Бирок бала окуудан анча эмес, бирок математикадан жакшы болсо, математикага акцент коюу менен окууну кошо ала кетүү керек. “Сен окуудан жакшы эмессиң” деп балага эч качан айтпаңыз, бул балага жардам бербейт, тескерисинче, артка кетирет. “Сен математикадан мыктысың, окуу да ошондой эле колуңдан келет” деш керек. 
  •  Балаңызды азыртан эле коё бергенди үйрөнүңүз. Ал үчүн иштин баарын жасап, санаа тартып, катуу көзөмөлдөй берүү туура эмес. Бул тарбия берүүгө жатпайт. Албетте, буга дароо жетүү кыйын, кичинекей кадамдар менен баштай бериңиз. Балага биринчи кезекте өзүңүз үлгү болушуңуз кажет, андыктан өзүңүзгө да үлгүлүү жүрүм-турум көндүмдөрүн арттырыңыз.

 

Бала мектепке барганга чейин эмнелерди билиши керек?

– Сөзсүз өзүнүн аты-жөнүн;

– Ата-энесинин аты-жөнүн;

– Өзү жашаган даректи, үй телефон номерин;

– Эгер өзүндө кол телефону болсо анын, ата-энесинин телефон номерин;

– Кайсы өлкөдө, кайсы шаарда жашаарын;

Кээ бир ата-энелер бала мектепке баргандан баштап баарын үйрөнүш керек деп ойлошот. Бирок мектепке барганга чейин ата-эне балага үйрөтүү керек болгон нерселер бар. Бала мектепке барганга чейин төмөнкү нерселерди билиши кажет:

– Апта күндөрүн, жыл мезгилдерин, бир жылда канча ай бар экенин, баш аламан эмес, катары менен.

– Спорттун түрлөрүн, кандай кесиптер бар экенин.

– Түстөрдү айырмалап билиши керек.

– Эгерде анча-мынча жазуучуларды тааныса абдан жакшы. Мисалы, ата-энеси балдары менен биргеликте жомок окуса, сөзсүз ал жомокту ким жазганын айтуу кажет.

– Негизги жол эрежелерин, жок дегенде жашыл күйгөндө жолдон өтөрүн, кызыл күйгөндө токтош керектигин.

– Көпчүлүк балдар кайсы жагы оң, кайсы тарабы сол экенин билишпейт. Ошондуктан муну да үйрөтүү зарыл.

– Анан албетте, туулган күнүнөн сырткары негизги майрамдарды билиши керек. Мисалы: Жаңы жылды, 23-февралды, 8-Мартты, Ноорузду.

– Эң көп таралган өсүмдүктөр, дарактар, жаныбарлардын аттарын, кайсы жаныбар жапайы, жырткыч, кайсы жаныбарлар кооптуу экенин билиши керек.

– Мөмө-жемиштердин, жашылчалардын айырмасын билиши кажет.

Баланы коомго көндүрүү үчүн кеңештер:

  Азыр көпчүлүк ата-энелер балдарын мектепке чейинки даярдоо курсуна алып барышат. Ага чейин бала бакчаларга барышат. Эгерде сиздин балаңыз бала бакчага барбаса, мектепке өзүңүз даярдасаңыз, анда сөзсүз баланы мектепке чейин кандайдыр бир курстарга, ийримдерге алып барыңыз. Бул бала дароо эле мектепке барып, көп балага, мугалимге аралашканда стресске кабылбаш үчүн керек.

  Балага башка балдар менен мамиле курганды, мугалим менен да сүйлөшкөндү үйрөтүү зарыл. Эгер бала бакчага барса, ошол жактан үйрөнөт. Эгер барбаса, анда ата-эне өзү үйрөтүү керек. Бул жерде бир колдонмо: Бала менен мугалим-окуучу болуп ойноо. Ойногондо да апанын образынан чыгып, мугалимдин образына кирүү керек. Оюн арасында окуучу өзүн кандай алып жүрүү керектигин, мугалим авторитет экенин, аны сыйлоо, угуу керектигин, муну менен катар өзүнүн пикирин да билдире алуу керектигин тушүндүрөсүз. Бала улуулардын авторитетин кабыл алышы, мугалим берген тапшырмаларды аткарышы кажет. Бул абдан маанилүү.

  Өз алдынчалыкка үйрөнүп, өзү чечим кабыл ала билүүсү, өзү кандайдыр бир тандоо кылып, “жок, мен муну кылгым келет, муну кылгым келбейт” дегенди айта алуусу кажет. Мунун баары сабакты алып кетүүсүнө, тапшырмаларды аткарууну өзү уюштура алуусуна шарт түзөт. Бул үчүн балага бир нерсе сатып алууда өзүнө тандоо жасатканыңыз, кайсы бир учурларда баланын пикирин сурап, аны менен чоң кишидей сүйлөшүп турганыңыз маанилүү. Бала өзүнүн пикирин билдире албаса, өзүн-өзү баалоосу төмөн, тартынчаак болуп калат.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1132, 15-21-август, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан