14-августта Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус маймыл чечегинин жайылышын “эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал” деп жарыялады. Илдеттин жаңы штаммы мурдагы бардык түрлөрүнө караганда коркунучтуураак экенин билдирет уюм. Өлкөлөр коопсуздук чараларын күчөтүүгө киришти.
ОЧОГУ – АФРИКА
Маймыл чечеги – адамга маймылдан жугуучу дарт. Маймылдан гана эмес, аталган илдетти жуктуруп алган келемиш, тыйын чычкан сыяктуу жан-жаныбарлардан да жугат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун
(ДССУ) маалыматы боюнча, аталган илдетке кабылгандардын 90 пайызы Конго өлкөсүндө жашагандар. Маймыл чечегинин учурда жайылып жаткан түрү 2023-жылы сентябрда пайда болгон деп айтылат. Аны менен ооругандар Руанда, Уганда, Бурунди, Кения сыяктуу Африка өлкөлөрүндө, ошондой эле Пакистанда жана Швецияда катталды. Вирустун 2 штаммы бар: клада I, клада II. Адистердин айтымында, клада I штаммы оор өтөт жана учурда ушул түрү жайылып жатат. Аны жуктуруп алгандардын каза болуу көрсөткүчү 10 пайызды түзүп келген, акыркы жылдары 3-6 пайызды түзүүдө.
САНДАР СҮЙЛӨЙТ...
• Маймыл чечеги (Мpox вирусу) биринчи жолу 1958-жылы Данияда лабораториялык макака маймылынан табылган.
• Адамдан бул илдет биринчи жолу 1970-жылы Конго өлкөсүндө 9 жашар баладан аныкталган.
• 2022-жылы да маймыл чечеги Африка континентинин сыртына чыгып, биринчи бейтап Улуу Британияда катталган.
• 2024-жылдын 1-январынан 1-августуна чейин дүйнөдө 18 миңден ашык адам ооруп (90 пайызы Конгодо), 517 адам каза тапты.
• Инкубациялык мөөнөтү 6-13 күн деп айтылат.
КАНТИП ЖУГАТ?
• Аба аркылуу (узакка жакын отуруу, сүйлөшүү)
• Көз, ооз, жыныс органдарынын былжыр челдери аркылуу
• Теринин чийилген, кесилген жерлери аркылуу
• Ооруган адам менен байланыш болгондо. Кол берип учурашуу, өбүшүү, жыныстык катнаш
• Ооруган адамдын жеке буюмун колдонгондо. Сүлгү, кийим, идиш жана башка
• Ооруган аялдан курсактагы түйүлдүккө өтүшү мүмкүн
БЕЛГИЛЕРИ
• Дене таптын көтөрүлүшү, чыйрыгуу, калтырап-титирөө, тердөө
• Ички бездердин чоңоюшу
• Баштын, булчуңдардын, тамактын оорушу, шалдыроо, мурундун бүтүшү
• Баш жана көңүл айлануу, кусуу, кургак жөтөл
• Денеге кычыштырган исиркектүү жаранын чыгышы. Жаранын бетинин акырындап карттанышы, түшүшү, ордунда тырык калышы
• Тахикардиянын (жүрөктүн кагуу ыргагынын тездеши) пайда болушу, артериалдык басымдын төмөндөшү
КИМДЕР АЙРЫКЧА ЭТИЯТ БОЛУШУ КЕРЕК?
Маймыл чечеги улуу-кичүү деп аябайт, ар бир адамга жугушу мүмкүн. Ошентсе да балдар көп жуктуруп алышы мүмкүн дешет адистер, анткени алардын иммундук системи толук калыптана элек. Андан тышкары балдар бири-бири менен көбүрөөк байланышта болушат. Ошондой эле кош бойлуу аялдар, иммунитети алсыз адамдар сак болушу керектигин эскертишет врачтар.
«МАЙМЫЛ ЧЕЧЕГИ КАТТАЛГАН ӨЛКӨДӨН КЕЛГЕНДЕР ТЕКШЕРИЛИП ЖАТАТ»
Оорулардын алдын алуу жана санитардык-
эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динагүл Оторбаева Кыргызстанда аталган илдеттин алдын алуу иштери жүрүп жатканын билдирет:
– Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө маймыл чечегинин таралышынын алдын алуу үчүн тийиштүү иштерди жүргүзүүдө. Аэропорттордо, темир жол вокзалдарында жана чек ара бекеттеринде маймыл чечеги катталган өлкөлөрдөн келген жарандарга өзгөчө көңүл бурулуп, көзөмөлгө алынууда. Санитардык-карантиндик пункттар дене табы көтөрүлгөн адамдарды аныктоо үчүн тепловизор жана денеге тийгизбей текшерүүчү термометрлер менен жабдылган. Маймыл чечеги вирусун аныктоочу ПЦР-тест, врачтардын медициналык коргоочу костюмдары боюнча маселе жок, жетиштүү. Саламаттыкты сактоо министрлиги оору катталган өлкөлөргө барууну пландап жаткан жарандарга сактык чараларын көрүүнү сунуштайт. Маймыл чечегине каршы атайын вакцина жок. Окумуштуулар адамдын чечек оорусунун вакцинасы маймыл чечегин дарылоодо 80 пайыз жардам берет дешет. Бирок адамдын чечек оорусунун үстүнөн медицина жеңишке жеткен, дүйнөдө андай оору жок азыр.
«Врачтар дарылоого даяр»
Гүлжигит Аалиев, Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы врачы:
– Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бардык өлкөлөргө “маймыл чечегине каршы даяр тургула” деп эскертти. Биздин оорукананын врачтары маймыл чечегин аныктоого жана дарылоого даяр. Биздин өлкөдө бул илдет каттала элек, эгер катталып калса, бейтаптар үчүн атайын бөлүмдөр, палаталар бар, ошолорго жаткырылат. Маймыл чечегине каршы атайын вакцина же дары дүйнөдө жок, ошондуктан дартты вирустук инфекция катары оорунун белгилерине карап дарылоо керектелет. Азырынча дары-дармектер жетиштүү. Аталган илдет катталып, башка дарылар керек болуп калса, Саламаттыкты сактоо министрлиги токтоосуз түрдө камсыздап берет.
ВАКЦИНАГА БОЛГОН МУКТАЖДЫК
Жакында ДСУ дары-дармек өндүрүүчүлөргө кайрылып, маймыл чечегине каршы чукул кырдаалда колдонууга вакцина сунуштоону өтүндү. Бул кайрылуу маймыл чечегинин жаңы штаммы Африка аймагынан сыртка чыгып, динамикасы тездик менен өсүп жаткандан улам жасалганы түшүнүктүү.
Канымжан Усупбекова